Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 21-сессиясы
2015-жылдын 2-марты № 118
«Кароол айыл өкмөтү менен Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн №26 Кароол, Мырза-Арык, №27 Шералы административдик участкаларынын Кароол айыл аймагы боюнча 2015-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде Кароол айыл өкмөтү менен Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн №26 Кароол, Мырза-Арык, №27 Шералы административдик участкаларынын Кароол айыл аймагы боюнча 2015-жыл үчүн иш планын «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссияда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, айылдык кеёештин сессиясында талкууланып, каралып, Кароол айылдык кеёешинин кезектеги жыйырма биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кароол айыл өкмөтү менен Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн №26 Кароол, Мырза-Арык, №27 Шералы административдик участкаларынын Кароол айыл аймагы боюнча 2015-жыл үчүн иш планы бекитилсин (тиркелет).
2. Иш планды аткарууну жетекчиликке алуу Кароол айыл өкмөтүнүн соц.адиси жана коомдук алдын-алуу борборунун төрайымы К.А. Акматовага милдеттендирилсин.
3. Кароол айыл өкмөтү менен Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн №26 Кароол, Мырза-Арык, №27 Шералы административдик участкаларынын Кароол айыл аймагы боюнча 2015-жыл үчүн түзүлгөн иш планды аткарууга алуу жана кылмыштуулукту алдын алуу, кыскартуу боюнча иш чараларды жүргүзүү үчүн 2015-жылдын бюджетинен 20 000 (жыйырма мин) сом каралган каражатты бөлүп берүү жагы Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сайитовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына (Суранбаев А.С.) тапшырылсын.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |
|
Кароол айыл өкмөтү менен Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн №26 Кароол, Мырза-Арык, №27 Шералы административдик участкаларынын Кароол айыл аймагы боюнча 2015-жыл үчүн
иш планы
№ | Аткарылууучу иш чаралардын мазмуну, механизмдери | Мөөнөтү | Аткаруучулар, жооптуулар | Эскертүү |
1 | Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык инспекторлордун (тескөөчү), жаш өспүрүмдөр инспекторлорунун эл менен тыгыз байланышта болуусу үчүн үгүттөөчү буклеттерди чыгарып зарыл жайларга жайгаштыруу | 2015-жыл, февраль-март | Инспекторлор: Азимбаев Мирлан, Абжапаров Б,Эрмаматов М. |
|
2 | «Мен сиздердин жаёы аймактык тескөөчүёөрмүн» - аттуу визиткалык карточка чыгаруу жана эл менен тыгыз иштөө максатында таркатып берүү | 2015-жыл, февраль-март | Инспекторлор: Азимбаев Мирлан, Абжапаров Б,Эрмаматов М. |
|
3 | Коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун негизги себептерин жок кылуу: спирттик ичимдиктерди сатууда кабыл алынган эрежелердин, айылдык кеёештин чечимдерин сактоо, коомдук тамак-аш саткан ашкана, кафе-барларда тартип сактоо, коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салуу жөнүндөгү Жобо менен тааныштыруу, тамеки саткан камок, дүкөн, соода базарында тамекини сатуу эрежелери тууралуу эскертүүлөрдү илүү, майрам күндөрү коомдук тартипти көзөмөлдөө | Жыл ичинде | Инспекторлор: Азимбаев Мирлан, Абжапаров Б,Эрмаматов М.Айыл башчылар. |
|
4 | Диний экстремизм, терроризм боюнча алдын-алуу иш чараларды жүргүзүү: аталган темада, мазмунунда жарык көргөн макалаларды талкуулоо боюнча тегерек стол, аёгемелешүү өткөрүү, окуучуларга лекция окуу, дин өкүлдөрү менен талкуу өткөрүү, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. | Жыл ичинде | Инспекторлор: Азимбаев Мирлан, Абжапаров Б,Эрмаматов М.Акматова К.А., айыл башчылары, мектеп директорлору. |
|
5 | Окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын-алуу: окуучунун мектепке себепсиз келбей калуусун, сабак учурунда базарда, компьютердик клубдарда жүрүүсүнө бөгөт коюу, окуучулар арасында спорттук мелдештерди уюштуруу, клубдарда өткөрүлүүчү жаштардын кечелерин, дискотекаларды тартипте өтүүсүн көзөмөлдөө | Жыл ичинде ар дайым | Инспекторлор: Азимбаев Мирлан, Абжапаров Б,Эрмаматов М.. Акматова К.А., айыл башчылары, мектеп директорлору, жаштар уюму. |
|
6 | Жол эрежесин сактоо: окуучулар арасында жол эрежелерин сактоо, айыл ичинде каттамдарда жүргөн айдоочулардын жол коопсуздугун сактоону, жашы жетпеген балдарга жеёил машина айдоого тыюу салуну камсыздоо | Жыл ичинде ар дайым | Инспекторлор: Азимбаев Мирлан, Абжапаров Б,Эрмаматов М. Акматова К.А., айыл башчылары, мектеп директорлору, жаштар уюму. |
|
7 | Жаштар менен иштөө: 40 чоро менен биргеликте кылмыштуулукту алдын-алуу | Жыл ичинде ар дайым | Коомдук уюмдар, айыл башчылары |
|
8 | Мал уурулукту алдын-алуу максатында жашоочуларга малдарды кароосуз калтырбоо, мал каналарды бекемдөө, жарыктандыруу ж.б. боюнча эскертүү максатында эл көп топтолуучу жайларга (аялдама, стоянка, коомдук жайларга) плакат, буклеттерди илүү, жайгаштыруу | 2015-жыл, февраль-апрель | Инспекторлор: Азимбаев Мирлан, Абжапаров Б,Эрмаматов М.жана айыл башчылары. |
|
9 | Кылмыштын көпчүлүгү түнкү убакта болгондуктан кылмышты алдын-алуу максатында айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте түнкү рейддерди жүргүзүү | Жыл ичинде | Инспекторлор: Азимбаев Мирлан, Абжапаров Б,Эрмаматов М.. айыл башчылары ж.б. |
|
10 | Айыл өкмөтүнүн коомдук алдын-алуу борборунунда учаскалык инспекторлордун, ЖӨИнин кызматкерлеринин сүрөттөрү илинген дубал гезит даярдоо | 2015-жыл, апрель | Инспекторлор: Азимбаев Мирлан, Абжапаров Б,Эрмаматов М.. Акматова К.А. |
|
11 | Балдарга карата зордук зомбулук мамиленин алдын алуу боюнча биргелешкен кечиктирилгис иш чаралар боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу | Жыл ичинде | Инспекторлор: Азимбаев Мирлан, Абжапаров Б,Эрмаматов М.. Акматова К.А. |
|
12 | Айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мектептерге, мекеме-ишканаларга жашыруун кутучаларды (анонимный ящик) жайгаштыруу | Жыл ичинде | Инспекторлор: Азимбаев Мирлан, Абжапаров Б,Эрмаматов М.. Акматова К.А. |
|