Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-декабры № 157
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтомун аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиясы (мындан ары-комиссия) тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык финансы башкармалык (Э. З. Зарлыков) менен бирдикте Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү менен 2016-жылга үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду аныктоо жана даярдоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзсүн.
3. Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин:
артыкчылыктуу тартипте 2016-жылга сынакка багытталуучу долбоорлордун тизмегин;
комиссия жөнүндө жобону жана анын иш-регламентин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасына (А. М. Кененбаев) жана Бишкек шаарынын мэрине (К. К. Кулматов) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. М. Кененбаев |
| Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын “___” №_157 токтомуна тиркеме
|
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун
үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча комиссиясынын курамы
Комиссиянын төрагасы – Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри;
Төраганын орун басары – Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана
финансы боюнча туруктуу комиссиясынын
төрагасы;
Комиссиянын катчысы – Бишкек шаардык финансы башкармалыгынын
кызматкери.
Комиссия мүчөлөрү:
1. Бишкек шаардык кеңештин ар бир фракциясынан өкүлдөр;
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик агенттиктин өкүлү;
3. Бишкек шаардык финансы башкармалыктын өкүлү;
4. Административдик райондордун экономика жана финансы маселелерин тейлеген башчынын орун басарлары;
5. Өкмөттүк эмес коомдук уюмдардын өкүлдөрү белгиленген квотага ылайык.