Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-марты № 6
Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитет тууралуу Жобону кайра карап чыгып бекитүү жөнүндө
«Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитет тууралуу Жобо «Социалдык маселелер жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия» боюнча туруктуу комиссияда кайра каралып чыгып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Көлдүк айылдык кеңешинин кезектеги -14 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитет тууралуу Жобо бекитилсин (тиркелет).
Көлдүк айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Молдалиев |
| Көлдүк айылдык кеңешинин 2015-жылдын 2-мартындагы №6 токтомуна №1 тиркеме
|
Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитет тууралуу
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитет (кыскартылганда ДКК) - Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү» мыйзамынын 1-беренесинин 2-пунктунун талаптарына ылайык түзүлөт.
1.2. Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитет Көлдүк айылдык кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн алдында, ошол Көлдүк айылдык кеңешинин аймагында дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен биргеликте дин тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзүү, атуулдардын, ар түрдүү диндерди тутунган диний уюмдардын ортосундагы өз ара түшүнүүчүлүктүү мамилелерди түзүү, диний араздашууга жол бербөө максатында иш алып баруу үчүн түзүлөт.
1.3. Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитет өз ишмердүүлүгүн жергиликтүү мамлекеттик органдар, Көлдүк айылдык кеңеши жана айыл өкмөтү, диний, бейөкмөт, коомдук уюмдар жана массалык маалымат каражаттары менен тыгыз байланышта жүргүзөт.
1.4. Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитет өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Рөспубликасынын Конституциясына (Баш мыйзамына), Кыргыз Рөспубликасынын мыйзамдарына, токтомдоруна, буйруктарына, Көлдүк айылдык кеңешинин чечимдерине жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
1.5. Көлдүк айыл өкмөтү Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитеттин ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу маселелерин камсыздай алат.
1.6. Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитеттин ишмердүүлүгүн координациялоо Көлдүк айылдык кеңеши жана Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарбынан жүргүзүлөт.
2. Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитеттин негизги милдеттери жана функциялары
2.1. Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитеттин негизги милдети болуп дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен бирдикте коомдук тартипти, диний (руханий) коопсуздукту, аймактык бүтүндүктү жана конституциялык түзүлүштү диний экстремизмден коргоону камсыз кылуу, ошондой эле динге байланышкан маселелерди чечүү, коомчулуктун туруктуу өнүгүшүнө жардамдашуу, улуттар аралык, диндер ортосундагы толеранттулукка (түшүнүүчүлүккө) жетишүү болуп саналат.
2.2. Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитет аймактык полномочияларынын алкагында:
- дин тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча сунуштарды жана пикирлерди иштеп чыгат;
- атуулдардын дин тутуу эркиндигине укуктуулугун камсыздоого багытталган мыйзамдарды жеткиликтүү деңгээлге көтөрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана дин иштери боюнча мамлекеттик органга кароого берет;
- атуулдардын дин тутуу эркиндигине укуктуулугун камсыздоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана коомдук контроль жүргүзөт;
- өзүнүн чогулуштарында диний тармакта иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуштарды берет жана карайт;
- диний уюмдар менен жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарынын шайкеш келүүсүнө жетишүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- диний кырдаал жана аны жакшыртуу боюнча керектүү чаралар тууралуу маселелерди жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын кароосуна алып чыгат;
- жергиликтүү мамлекеттик органдарга, Көлдүк айыл өкмөтүнө диний уюмдар менен таразаланган мамилелерди орнотууда жардам көрсөтөт;
- экстремизмдин ар түрдүү көрүнүштөрүнө жол бербөө иштерин уюштуруу жана өз ара аракеттенүү чараларын турмушка ашыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана аларды жүргүзүүгө жардамдашат;
- жергиликтүү мамлекеттик органдары, Көлдүк айылдык кеңеши жана айыл өкмөтү, диний уюмдар жана атуулдук коомчулук менен биргеликте коомдук тартипти, диний (руханий) коопсуздукту жана баалуулуктарды, демократиялык, ачык атуулдук көп кырдуу диний коомчулуктун принциптерин, диндер жана этностор аралык толеранттулукту жана ынтымакты бекемдөө жана сактоо боюнча иш алып барат;
- өзүнүн компетенциясына ылайык Көлдүк айылдык кеңешине жана айыл өкмөтүнө диний чөйрөгө жана коомдук мааниге ээ маселелерге тийиштүү укуктук-нормативдик актыларды кабыл алуу боюнча сунуштарды киргизет;
- дин иштери боюнча мамлекеттик органга тиешелүү аймакта атуулдардын дин тутуу эркиндигин камсыз кылууга багытталган республикалык мыйзамдарды бузган диний уюмдардын жана чет элдик миссионерлердин (дин таратуучулардын) ишмердүүлүгүн тыюу боюнча сунуштарды киргизет.
2.3. Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитет өзүнө тапшырылган милдеттерди аткарууда төмөнкү функцияларды аткарат:
- коомдук комитеттин иш-чараларынын планын иштеп чыгып, Көлдүк айылдык кеңешине бекитүү үчүн киргизет;
- конституциялык түзүмдүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна, атуулдардын мыйзамдуу укуктарына жана кызыкчылыктарына коркунуч же чыгым алып келген диний экстремизмдин, жалган диний агымдардын таралышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды пландаштырат;
- коомчулуктун деңгээлинде диний кырдаалга анализ, талдоо жүргүзөт, анын жыйынтыгын керектүү көңүл бөлүү үчүн Көлдүк айыл өкмөтүнүн жана Көлдүк айылдык кеңешинин талкуусуна коет;
- диний уюмду, диний окуу жайын же миссияны түзүүнүн демилгечилери болгон Уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнү тизмесине макулдук берүүдө материалдарды карайт жана Көлдүк айылдык кеңешине тийиштүү сунуштарды бере алат;
- Көлдүк айылдык кеңешине жана айыл өкмөтүнө диний маанидеги обьектилерди куруу, ошондой эле диний көз карашка багытталган мүрзөлөр үчүн жер участокторун бөлүп берүүнүн зарылчылыгы боюнча сунуш киргизет;
- жаштарды жана өспүрүмдөрдү укуктук, патриоттук жана руханий-нравалык багыттарында тарбиялоо боюнча иштерди уюштурат жана алып барат;
- диний билим берүүчү уюмдардын иш уюштуруу жана диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө коюлган нормаларды сактоо маселелерине талдоо жүргүзөт;
- айрым каада-салтка байланышкан ашыкча, негизделбеген чыпымдарды кыскартуу боюнча иш жүргүзөт, коомчулуктун жаңылануусуна тоскоол болуп, элди жакырдаштырган традицияларды, ырым-жырымдарды тартипке салуу боюнча иш-чараларды уюштурат;
- кыйын турмуштук абалга кириптер болуп калган атуулдарга көмөктөшүү, карыялар, балдар үйлөрүнө, ж.б. ушул сыяктууларга жардам берүү боюнча социалдык коргоо мекемелери, диний жана бейөкмөт уюмдар менен чогуу иштерди уюштурат жана алып барат;
- Көлдүк айылдык кеңеши жана айыл өкмөтү, диний жана бейөкмөт уюмдар менен чогуу кайрымдуулук иштерин алып барат;
- кайрымдуулук иштерин жана акцияларын уюштурууну, колдоону аткарат, мындай максаттарда элди, коомчулукту жана жеке атуулдарды мобилизация кылат (нукка салат);
- жаштардын арасында инсандын ар тараптуу өнүгүүсүнө жардам берүүчү дене тарбия менен шугулдануу, чын ден соолуктуу жана маданий жашоо образын уюштуруунун башка формаларын колдонуу боюнча иш чараларды колдойт;
- этникалык топтордун жана диний бирикмелердин ынтымакта жашоосуна жардамдашуу, коомдо социалдык чыңалууну төмөндөтүү, ар түрдүү дин тутунуучулардын арасында сый мамилелерди кармоо боюнча иш-чараларды уюштуруу тууралуу сунуштарды киргизет жана аткарат;
- коомчулукттагы социалдык маанилүү маселелерди (наркомания, арак кордук, ВИЧ-СПИД, ж.б.) чечүү боюнча иштерди пландаштырат жана аларды аткарууга катышат, нравалык тарбияны күчөтүү, үй-бүлөнү бекемдештирүү жана аялдарга зомбулук көрсөтүүнү жоюу боюнча иш жүргүзөт;
- диний араздашууну козутууну жоюу, адамдардын диний ишенүүчүн кемсинтүү, жана ушундай актыларга үндөө же зордук көрсөтүү боюнча профилактикалык иштерди жүргүзөт;
- аттуулдардын, диний жана коомдук уюмдардын дин тармагындагы мамлекеттик саясаттын максаттарына шайкеш келген демилгелерин, максаттарын колдоо боюнча иш алып барат;
- Кыргыз Республикасынын элдеринин руханий-нравалык баалуулуктарын, жашоо образын, маданий мурастарын, тарыхын, Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитеттин ишмердүүлүгүн чагылдыруу боюнча массалык маалымат каражаттары менен кызматташат.
3. Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитетти түзүү жана дин (дин иштери) боюнча коомдук комитеттин иш регламенти
3.1. Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитеттер Көлдүк айылдык кеңеши тарабынан түзүлөт.
3.2. Көлдүк айылдык кеңеши жана айыл өкмөтү Дин (дин иштери) боюнча бирдиктүү коомдук комитеттерди түзө алышат. Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитеттер айылдык кеңештин аймагындагы ар бир элдүү пункттарда өзүнүн жумушчу топторун түзө алат.
3.3. Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитеттер Көлдүк айылдык кеңешинин жана дин иштери боюнча мамлекеттик органдын алдында отчет берет.
3.4. Коомдук комитеттер коомчулуктун кызыкчылыгын, гендердик теңчиликти эске алуу менен, сөзсүз түрдө анын курамына (макулдашуу менен) мамлекеттик структуралардын, күч жана укук коргоо органдарынын, атуулдук сектордун жана диний уюмдардын, аксакалдар кеңешинин, этникалык топтордун, шайлануучу органдардын өкүлдөрүн кошуу аркылуу түзүлөт.
3.5. Коомдук комитеттер, мамлекеттин, элдин, атуулдук коомчулуктун диний уюмдардын кызыкчылыктарын билдирүүчү коомдук орган катары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ушул жободо каралган жана Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитеттердин толук кандуу иштөөсү үчүн зарыл болгон маселелерди кароого киргизишет.
3.6. Коомдук комитеттин жетекчиси комитеттин жыйынында, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча, Көлдүк айылдык кеңештин иштөө мөөнөтүнө ылайыкталып шайланат. Коомдук комитеттин жетекчиси болуп, эреже катары, Көлдүк айылдык кеңешинин төрагасы, орун басары же жергиликтүү кеңештин активдүү депутаттарынын бири шайланат. Коомдук комитеттин жетекчиси иштөө мөөнөтү аяктаганда же мөөнөтүнөн мурда дин иштери боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчыларынын, Коомдук комитеттин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин сунушу менен иштен бошотулат же кайрадан шайлана алат. Коомдук комитеттин жетекчисинин орун басары жана катчысы болот.
3.8. Коомдук комитеттин жыйындары зарылчылыкка байланыштуу, бирок айына бир жолудан кем эмес, өткөрүлөт. Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитет өз курамынын үчтөн экисинен көбү катышканда чечим кабыл алууга укуктуу. Чечим комитеттин жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүгү тарабынан кабыл алынат.
3.9. Коомдук комитеттин иши башка кызыкдар тараптар менен кызматташууну эске алган атайын иш-чаралардын (пландын) негизинде жүргүзүлөт.
3.10. Коомдук комитет өз ишмердүүлүгүндө жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каржылана алат.
3.11. Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитеттердин сунушу менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, адамдардын жана атуулдардын милдеттерин, укуктарын жана эркиндиктерин камтыган, Көлдүк айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган укуктук-нормативдик актылар юстиция органдарында катталууга тийиш жана массалык маалымат каражаттарында басылган күндөн тартып Көлдүк айылдык кеңешинин аймагында күчүнө кирет.