Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-марты № 7
23-февралга карата «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө Көлдүк айылдык кеңешинин XIV кезексиз сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
«Ардактуу атуул» наамды ыйгаруу жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1. «Ардактуу атуул» наамды ыйгаруу жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолору менен бекитилсин
2. Көлдүк айылдык кеңешинин «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясы ( Т Козуев) Көлдүк айылдык кеңешинин «Ардактуу атуул» наамды ыйгаруу жөнүндөгү Жобосуна киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен иретке келтирүү жана бул Жобону Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгына берүү жагы жүктөлсүн.
3. Көлдүк айылдык кеңешинин XIV кезексиз сессиясынын чечими менен Көлдүк айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, ардагер, бир нече эрдик медалынын ээси, согуштан кийин Көлдүк айыл өкмөтүндө жасаган эмгектери үчүн Сатыгулов Турдуга ыйгарылсын
4. «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу, грамота тапшыруу, жеңилдиктерди берүү, сыйлыктарды тапшыруу жагы Көлдүк айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кеңешинин «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясы Т Козуевге жүктөлсүн.
Көлдүк айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Молдалиев |
| Көлдүк айылдык кеңешинин 2015-жылдын 2-мартындагы №7 токтомуна №1 тиркеме
|
«Көлдүк айылдык кеңешинин Ардактуу атуулу»
деген наамды ыйгаруу жөнүндө
ЖОБО
Жалпы жобо
Айылдын экономикалык, социалдык-маданий жактан өнүгүшүнө, элдин жашоо турмушунун жакшырышына, укук, эмгек, аткаруучулук тартиптердин чыңалышына, элдердин достугун жана улут аралык ынтымакты бекемдөөгө салым кошуп, коомдук иштерге активдүү катышкан алдынкы атуулдардын эмгегине татыктуу баа берүү, алардын эмгек жолунан, коомдук ишмердүүлүгүнөн жаш муундардын таалим-тарбия алуусун көздөп, айылдык кенеш Көлдүк айылдык кеңешинин «Ардактуу атуул» наамын ыйгара алат.
II. Көлдүк айылдык кеңешинин «Ардактуу атуулу» деген наамын берүүнүн
шарттары
1.1. Көлдүк айылдык кенешинин регламентин жетекчиликке алып, ушул Жобонун негизинде «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылат.
2. 2. «Көлдүк айылдык кеңешинин Ардактуу атуулу» наамы айылдык кеңештин аймагында 5 жылдан кем эмес иштеген же Өзгөн районунда же Көлдүк айылдык кеңешинин аймагында туулуп, чоңоюп, башка жакта иштеп, эл алдында көрүнүктүү эмгек синирген адамга берилет.
2. 3. «Көлдүк айылдык кеңешинин Ардактуу атуулу» наамы төмөнкү учурларда берилет:
- айылдын экономикасын, социалдык-маданий денгээлин көтөрүүгө, элдин жашоо турмушун жакшыртууга өзгөчө салым кошсо;
- элге кызмат көрсөтүүнү жогорку денгээлде жүргүзүп, элдин талабын канааттандырса:
- коомдук-саясий абалдын стабилдүүлүгүнө өзгөчө салым кошсо;
- улут аралык ынтымакты бекемдөөгө жекече салым киргизсе;
- мединицалык тейлөөдө өзгөчө эмгек синирсе;
- жаш муундарга билим, тарбия берүүдө өзгөчө ийгиликтерге жетишсе;
- коомдук тартипти сактоого өзгөчө үлүшүн кошсо;
- эл чыгармачылыгына, маданият, адабият, искусствого жекече салым киргизсе;
- кайрымдуулук акцияларына, демөөрчүлүккө такай көмөктөшүп, бүтүндөй үй-бүлөсүндө жүрүм-туруму боюнча эң жогорку үлгү көрсөтсө;
- өзгөчө баатырдык эрдик көрсөтсө.
2.4. Көп жылдар бою иштеп, айылдын экономикалык, социалдык-маданий жактан өсүшүнө эмгек синирген ардактуу эс алуудагы ардагерлерге, республикалык, облустук жана райондук деңгээлде жетекчи болуп иштегендерге, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге же өзгөчө эмгек сиңиргендерге айылдык кенештин жана айыл өкмөтүнүн «Ардак грамотасын» алгандан кийин айылдык кеңештин токтому менен «Көлдүк айылдык кеңешинин Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылат.
III. «Көлдүк айылдык кеңешинин Ардактуу атуулу» наамына сунуш кылуунун
тартиби
3.1. «Көлдүк айылдык кеңешинин Ардактуу атуулу» наамына сунуш мекеме-уюмдарда, өкмөттүк эмес уюмдарда, жамааттарда (кеминде 100 адам катышкан) каралып, айылдык кенешке жиберилет.
Келип түшкөн сунуштар тиешелүү туруктуу комиссияда кылдаттык менен каралып, айылдык кенештин сесиясына сунуш кылынат.
Айылдык кенеш түшкөн сунуштарды сессияда талдап, тиешелүү талапкерге «Көлдүк айылдык кеңешинин Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча токтом кабыл алат.
3.2. «Ардактуу атуул» наамына татыктуу болгон адамга наам ыйгарылгандыгы тууралуу күбөлүк жана айылдык кенештин атайын Грамотасы берилет.
3.3. Айылдык кенештин чечими менен «Көлдүк айылдык кеңешинин Ардактуу атуулу» наамын алган адам айылдык кеңештин чегинде, айыл чарба багытындагы жерлер жана токой участкалары тиешелүү мекеме-уюмдардын чечимине ылайык жеңилдетилген шартта (сугат жерден 0,5га.чейин, кайраккы жерден 4 га. 50%га чейин, чөп ормо 6 га.чейин)