КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 21-ноябры № 21-2
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбердиевдин айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык планына АРИС тин АИД-3 долбоорунун алкагында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык планына АРИС тин АИД-3 долбоорунун алкагында өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген планы бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык планына АРИС тин АИД-3 долбоорунун алкагында өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген планынын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбердиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Абжалиев К тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Ташбаев
|
| БЕКИТИЛДИ Кенеш айылдык кенешинин депутаттарынын __ сессиясынын №21-2 чечими “21” ноябры 2015-жыл
|
ОШ ОБЛУСУНУН
НООКАТ РАЙОНУНУН
КЕНЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
2013-2017-ЖЫЛДАРГА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНҮН СТРАТЕГИЯСЫНА өзгөртүүлөр жана толуктоолор
2015-жыл, Кеңеш айылы
МАЗМУНУ
| Киришүү | 3-4 |
I | Кенеш айылдык аймагынын туруктуу өнүктүрүүнүн жергиликтүү потенциалы | 4-8 |
II | Кенеш айылдык аймагынын социалдык-экономикалык абалына анализ | 8-10 |
III | Өнүгүүнүн көйгөйлөрү | 10-11 |
IV | Туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык максаттары/багыттары | 11 |
| №1 приоритет: “Сугат суу менен камсыздоону” жакшыртуу | 12-13 |
| №2 приоритет: “Айыл тургундарын таза суу менен камсыз кылуу” | 14-15 |
| №3 приоритет: «Мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин кенейтүү» | 16-17 |
V | Ресурсдар | 17 |
VI | Тоскоолдуктар жана аларды кыскартуунун жолдору | 18 |
VII | Стратегияны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо | 18 |
VII | Демилгелүү топтун тизмеси | 19 |
VII. | Стратегияны ишке ашыруунун планы | 20-24 |
Киришүү
Бүгүнкү социалдык, экономикалык, саясий абалдын тез өнүгүп, өзгүөрүп жаткандыгына байланыштуу аймакты ар бир иш-чараны плансыз, стратегиясыз -өнүктүрүү мүмкүн эмес. Бул документ Кенеш айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга түзүлгөн туруктуу өнүгүүсүнүн Стратегиялык планына (мындан ары стратегия) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен 2015-2017-жылдарга аймакты өнүктүрүүнүн максаттын, милдеттерин, приоритеттерин жана өнүгүү үчүн иш-чараларын аныктайт.
Бул стратегия “2013-2017-жылдарга Кенеш айыл аймагын онүктүрүүнүн стратегиялык планынын”, туруктуу өнүгүүнүн 2013-2017-жылдарга Улуттук стратегиясынын, КР ЖК бекитилген КРнын туруктуу өнүгүүгө өтүү Планы жана Программаларынын, КР Өкмөтү тарабынан бекитилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү Программаларынын негизинде түзүлгөн.
Ошондой эле бул документти иштеп чыгууда жергиликтуу коомчулуктун ой-пикирлери, сунуштары изилденип, жергиликтуу кенештин депутаттары менен, айыл өкмөтүнүн аппаратында талкуулангандан кийин кабыл алынды. Бул стратегиялык план бир гана жергиликтүү бийлик ишке ашыра турган пландар эмес, бул документ кызыктар жергиликтүү жарандар үчүн аймакты өнүктүрүү үчүн колдонмо болуп эсептелет.
Стратегиянын максаты:
- Кенеш айыл аймагындагы жергиликтүү жамаат, бизнес чөйрөсү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташтыкта калктын каржылык мүмкүнчүлүктөрүн кенейтүүчү социлдык-экономикалык иш-чаралардын биргелешкен программаларын түзүү жана аймактын өнүгүүсүнүн приоритеттүү багыттарын аныктоо.
Стратегиянын негизги багыттары:
1. Айыл аймактын экономикалык жана социалдык потенциалын баалоо, көйгөйлөргө жана өнүгүүгө таасир беруучу факторлорду анализдөө жана өнүгүүнүн перспективалык багыттарын жана тоскоолдуктарды аныктоо;
2. Жергиликтүү аймактын туруктуу өнүгүүсүнүн максатын, милдеттерин аныктоо жана аларды ишке ашыруу үчүн иш-чараларды тактоо;
3. Стратегиянын максатына жетүү үчүн кызыкдар тараптардын, жергиликтүү жамааттардын, коомдук уюмдардын жана активисттердин ишмердүүлүгүн координациялоо.
Стратегиянын принциптери:
ü Кенеш айыл аймагынын жергиликтүү социалдык, экономикалык өзгөчөлүктөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу;
ü Кенеш айыл аймагынын экономикасынын туруктуу өнүктүрүү багыттарын аныктоо жарандардын жана мамлекеттик органдардын кызыкчылыктарын эске алуу менен чарбаны жана экономиканы эффективдүү башкаруу ыкмаларын анализдөө;
ü Райондук, аймактык, улуттук социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын максаттары менен айкалыштыруу;
ü Аймактагы ишке ашырууга пландаштырылган программаларды жарандардын жашоо-шартын жакшыртууга жана керектөөлөрүн чечүүгө багыттоо;
ü Ачык-айкындуулук жана Стратегияны ишке ашырууну бардык кызыктар тараптарга жеткиликтүү кылуу;
ü Жарандар алдында ачык отчеттуулук жана жоопкерчилик.
Бул Стратегияны ишке ашыруу максаттуу долбоорлорду камтыган өнүгүү ыкмасына негизделген.
Стратегияны иштеп чыгуу үчүн айылдык кенештин депутаттарынан, айыл өкмөтүнүн аппаратынан, жергиликтуу коомдук уюмдардан, жергиликтуу активисттерден, жеке ишкерлерден турган атайын буйрук менен бекитилген топ түзүлдү.
I. Кенеш айылдык аймагынын туруктуу өнүгүүсү үчүн жергиликтүү потенциалы
1.1. Географиялык жайгашуусу:
Кенеш айыл аймагы Ош облусунун Ноокат шаарынын чыгыш жагында10-15км аралыкта жайгашкан. Айыл аймак Исанов, Зулпуев, Кыргыз-Ата айыл аймактары менен чектешет жана жалпы аянты121,15 м.кв. тузот.
Айыл аймагы 1996-жылы тузулуп, 4 айылдардан турат. Айылдары: Куу-Майдан, Шанкол, Арбын жана алыскы аймакта жайгашкан Чегеден-Ак-Терек айылдары. Чеген-Ак-Терек айылдарынан башка айылдары, бири-биринен жакын орун алып, Ноокат-Көк-Бел жолунда жайгашкан. Кенеш айыл аймагынын рельефинде адырлуу тоолоор жана бийик, жапыс тоолор басымдуу ээлейт. Деңиз денгээлинен 1400 метр бийиктикте жайгашып, климаты континенттүү.
1.2. Табигий-климаттык шарттары:
Кенеш айылдык аймагындагы аба-ырайы континенталдуу, кышы өтө катуу эмес, орточо 20-25 градус суук болуп, 3,5-4 айга созулат. Жай мезгили ысык, кургакчыл келип орточо температура 20-25градуска жетет. Орточо жамгырдын нормасы 270-300мм чейин болот, тоолуу аймакта 700мм жетиши мүмкүн.
Табигий шарты айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көпчүлүк түрлөрүн өстүрүүгө ынгайлуу. өзгөчө картошка, жүгөрү, күздүк-жаздык буудай жана жашылча жемиштерди, мөмө берүүчү дарактардан алма, өрүк, алчадан жакшы тушум алууга болот.
1.3. Жер жана суу ресурсдары:
Кенеш айыл аймагынын аянты 121,15 кв.км.
Жалпы айыл чарба багытындагы жерлер 8313 га:
Жердин категориясы | Жалпы аянты (га) |
- Сугат жер | 1 056 |
- Кайрак жер | 1 165 |
- Бак | 15 |
- Чөп чабынды: | 61 |
Анын ичинен:
Үлүшкө берилген жерлер:
Жердин категориясы | Үлүшкө берилген жерлер (га): | Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери (га) |
- Сугат жер | 916 | 140 |
- Кайрак жер | 904 | 261 |
- Бак | 11 | 4 |
- Чөп чабынды: | 45 | 16 |
Ичүүчу суу: айылдын негизги бөлүгү ичүүчү сууну арыктан алып ичишет. Калктын 45%гана таза суу менен камсыз болгон. Негизинен таза суу түтүктөрү 1970-жылдары курулуп, бүгүнкү күндө бул система 80% жанылоону талап кылат.
Сугат суу: айылдагы 40% гана жетиштуу сугат суу ала алышат. Тургундардын негизги кирешеси жер иштетүүдөн болгондуктан сугат суунун жетишпестиги дайыма айылда эн биринчи көйгөй болуп турат.
1.4. Демографиялык көрсөткүчтөр жана эмгек ресурсдары
2015-жылдын 1-январына карата жалпы болуп 13515адам, 2480 кожолук катталган, анын ичинен эркектер -6530, аялдар – 6985.
Жаш курагы боюнча:
Жалпы калктын санынан эмгекке жарамдуулар 59,7% ды түзөт. Эмгекке жарамдуу катмарда эн коп адистер мугалимдер, экономисттер, ал эми аз сандагы кесиптин ээлери – инженер-куруучулар, ветеринардык врачтар, экологдор.
1.5. Калктын кирешесинин денгээли жана жумуш менен камсыз болушу:
Акыркы 5 жылга салыштырмалуу жакырчылыктын денгээли төмөндөгөнү байкалат. Жакырлардын саны сыртта иштеп жүргөн мигранттардын жардамынын эсебинен, жер иштетүүдөн, мал чарбачылыгынын өсүшүнүн эсебинен кыскарууда. Официалдуу түрдө жумушсуз болуп айыл аймак боюнча катталгандар 196 адам.
Негизиги өзүн-өзү жумуш менен камсыздоо, жер иштетүү, мал чарбачылыгында, соода-сатыкта, калган болугун аймактагы билим берүү мекемелеринде, аймактагы жана райондогу ишкана-мекемелер камсыз кылышат.
Дыйканчылыкта өндүрүлгөн продукциялар: картошка, жүгөрү, буудай, жашылча-жемиштер, мөмө берүүчүлөрдөн – алма, өрүк, жангак. Мал чарбачылыкта: ири мүйүздүү мал, кой-эчкилер, аз санда жылкы, топоз өстүрүлөт.
Аймакта жалпы болуп 626 жакыр үй-бүлө катары катталган. Маалымат көрсөтүп тургандай 140сомго чейинки кирешеси бар үй-бүлүлөрдүн саны 63ге чейин азайды. 2012-жылы бул көрсөткүч 92 үй-бүлө болгон.
Үй-бүлөлөрдүн жан башына орточо кирешесинин деңгээли (айына)
Үй-бүлөлөрдүн жан башына орточо кирешесинин деңгээли (айына) | 2015-ж. |
140 сомго чейин | 63 |
141- 400 сом | 438 |
401-600 сом | 125 |
Жалпы | 626 |
1.6. Калкка мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгү:
Билим берүү: Аймакта жалпы билим берүүчү 6 мектеп бар, анын ичинен 1 башталгыч мектеп, 5 толук орто мектеп. 2015-жылы жалпы билим берүү мекемелеринде окуучулардын саны 4% ке өскөн, жылдын жыйынтыгы менен 2741 окуучу катталган.
3 мектепке чейинки билим берүүчү мекемелери элге кызмат көрсөтөт. Бул мекемелердин имараты 1970-1980-жылдары курулуп, бүгүнкү күндө 180ден ашуун балдар тарбияланат.
Билим берүү тармагындагы негизги жетишсиздиктер:
1. Мектеп жана мектепке чейинки мекемелердеги орундардын жетишсиздиги;
2. Билим берүү мекемелеринин ички эмеректерин жаныртуу керек (парта, стол, стул, доска, шкаф,).
3. Мектептерге окуу китептеринин жетишсиз;
4. Мектептердин инфраструтурасын жакшыртуу керек;
Маданият тармагы: Айыл аймакта райондогу чон маданият үйлөрүнүн бири болгон маданият үйү, бир айылдык клуб жана эки айылдык китепкана иштейт. Башка айыл аймактарга салыштырмалуу маданият тармагындагы объектилеринин абалы жакшы, маданият уйун толук капиталдык ремонттон өткөрүү керек.
Саламаттыкты сактоо тармагында аймакта 5 ФАП, 2 даарыкана иштейт. Ошондой эле коншу Исанов айыл аймагында 7км аралыкта оорукана жайгашкан. Зарыл учурда тургундар бул оорукананын кызматынан пайдалана алышат. Ошондой эле ар бир айылда “Айылдык ден соолук комитеттери” түзүлүп, эл арасында ден соолукту сактоо, сергек жашоо, жугуштуу ооруларды алдын алуу ж.б.у.с. агартуу иштерин жүргүзүп жатышат.
1.7. Турак-жай чарбасы, айылдарды көрктондүрүү
Жалпысынан айыл аймакта 2480 кожолук бар. Жаны үй куруу үчүн 2006-жылдан бери жер болунбогондуктон, жер алуу үчүн арыз берип кезекке тургандардын саны өсүп жатат. Турак-жай тартыштыгын чечүү үчүн кайрак жерлерди өздөштүрүү зарыл, ошондой эле сугат суу менен камсыздоо денгээлин жогорулатуу керек.
Айылдардын ынгайлуулуктарын жакшыртуу боюнча быйылкы жылы 44 ички жолдор ондолуп, шагал тогулду. Ошондой эле жаз айларында 6 жолу жалпы аймак боюнча тазалоо, актоо, көрктөндүрүү иштери өткөрүлүп, 10км ички арыктар тазаланып, 200 даана декоративдик дарактар отургузулду. Бирок аймактын ынгайлуугун жогорулатуу үчүн көчөлөрдү жарыктандыруу, таза суу түтүктөрүн, сугат суу арыктарын жана каналдарын ремонттоо, жаны конуштарга электр линияларын тартуу боюнча бир топ көйгөйлөр бар.
1.8. Айыл аймактын экономикалык жана инвестициалык потенциалы
Кенеш айыл аймагында жалпы болуп 6 тегирмен, 1 темиркана, 1 механикалык өнөркана, 2 май куючу жай, 1 ветдаарыкана, 15 соода түйүндөрү иштейт. Жалпы болуп жергиликтүү бюджеттин 5% ти ишкерлерден түшөт.
Жетишпеген тармагыбыз аймакта өстүрүлгөн жер-жемиштерди, мөмө-чөмөлөрдү кайра иштетуу жолго коюлган эмес. Айрыкча алма, картошка, буудай жетиштүү көлөмдө өстүрүлөт, бирок сатып-өткөрүүнүн туруктуу байланыштары жок, баары базардын баасына көз каранды.
Аймакта туруктуу инвестициялык саясат иштеп чыгуу керек, ошондой эле ички жана сырткы инвестицияларды негизинен экономикалык долбоорлорго тартуу керек. Инвестицияларды өздөштүрүү үчүн муниципиалдык имараттар, жер ресурсдары жана эмгек ресурсдары жетиштүү.
1.9. Бюджеттик ресурсдар жана финансалык потенциалы:
Кенеш айыл аймагынын 2014-жылы жалпы бюджети 9млн.350мин 600 сом, 2015-жылга бюджети 10 818мин 400 сомду түзөт, бул өткөн 2014-жылга салыштырмалуу 1млн.467мин800 сомго көп. Бюджеттин 54,9 % республикалык бюджеттен, калган 45,1% жергиликтуу ресурсдардан түзүлөт.
| 2014-жыл | % үлүшү | 2015-жыл | % үлүшү |
Жергиликтүү бюджет | 4492800 | 48,0 | 4877800 | 45,1 |
Республикалык бюджет: | 4857800 | 52,0 | 5940600 | 54,9 |
| 9350600 |
| 10818400 |
|