Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-январы № XXIX-2
Ноокат шаардык кеңешинин 2016-жылга түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө
Ноокат шаардык кеңешинин 2016-жылга түзүлгөн иш-планын угуп жана талкуулап,Ноокат шаардык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык кеңешинин 2016-жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин.
(План тиркелет).
2. Ноокат шаардык кеңешинин 2016-жылга түзүлгөн иш-планынын толук аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы А.Гафаровга тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|
| Ноокат шаардык кеңешинин 2016-жылдын 14-январындагы кезексиз IV чакырылыш XXIX сессиясынын №2 токтомуна №1 тиркеме
|
Ноокат шаардык кеңешинин 2016-жылга перспективалык
ИШ ПЛАНЫ
Шаардык кеңештин сессиясында каралуучу маселелер:
I чейректе каралуучу маселелер:
1.Ноокат шаар мэриясынын 2015-жыл ичинде аткарган иштери боюнча Ноокат шаарынын мэри О.Тургунбаевдин отчету.
Билдирүү берет: Ноокат шаарынын мэри О.Ж.Тургунбаев
2.Ноокат шаардык мэриясынын 2014-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана Ноокат шаардык мэриясынын 2016-жылдын жергиликтүү бюджетин жана 2017-2018-жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун болжолун бекитүү жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы М.Абдурасулов
3.Ноокат шаардык мэриясынын 2014-жылдагы атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга шаардык кенешинин атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы М.Абдурасулов
4.Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин 2015-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету.
Билдирүү берет: Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин башчысы Ж.Нуридинов
II чейректе каралуучу маселелер:
1.Калкты социалдык мобилизациялоонун негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү тактоо жана бул багытта атуулдарды колдоо боюнча жаңы формаларды иштеп чыгуу жана аларды жайылтууда Ноокат шаар мэриясынын социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адисинин отчету.
Билдирүү берет: Ноокат шаар мэриясынын социалдык маселелер боюнча жетекутөөчү адиси К.Шамаенва.
2.Ноокат шаар мэриясынын каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды, майрам-салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү жобонун аткарылуусу боюнча Ноокат шаар мэриясынын аялдар кеңешинин төрайымы К.Тагаеванын отчету.
Билдирүү берет: Ноокат шаар мэриясынын аялдар кеңешинин төрайымы К.Тагаева
3.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жана балдар бакчаларынын жаны окуу жылына даярдыгы жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык кенешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт-туризм өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы-И.Имарова
4.Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Коммунальщик” ишканасынын тазалык боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө.
Билдирүү берет: “Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги ишкананин жетекчиси А.Кадиров
III чейректе каралуучу маселелер:
1.Ноокат шаарынын 2016-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаарынын ФЭБ башчысы М.Абдурасуловдун билдирүүсү.
Билдирүү берет: Ноокат шаарынын ФЭБ башчысы
2.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин кышка карата даярдыгы жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык кенешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт-туризм өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы-И.Имарова
IV чейректе каралуучу маселелер:
1.Ноокат шаарынын 2016-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаарынын ФЭБ башчысы М.Абдурасуловдун билдирүүсү.
Билдирүү берет: Ноокат шаарынын ФЭБ башчысы М.Абдурасулов
2.Ноокат шаар мэриясынын башки адиси М.Кадыровдун отчету
Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын башки адиси М.Кадыров
II. Уюштуруу практикалик иш чаралар.
1 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн токтомдорун, буйруктарынын аткарылышын көзөмөлгө алуу жана атуулдардын арыз-даттанууларына өз убагында жооп берүүнү камсыз кылуу. | I-чейрек 2016-жыл | Шаардык кеңештин аппараты |
2 | Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чындоо концепциясын ишке ашыруу | II-чейрек | Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары |
3 | Билим берүү тармагындагы Крупская, А.Абдуваитов, Х.Самиев, А.Абдуллаев атындагы орто мектептериндеги инвентарлардын жана компютердик класстардын учурдагы абалын талдоо | I-чейрек | Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары |
4 | Ноокат шаардык кеңешинин аймагындагы Крупская, А.Абдуваитов, Х.Самиев, А.Абдуллаев атындагы орто мектептериндеги спортук аянтчалар жана спорт залдардын абалы боюнча туруктуу комиссияда кароо | I-чейрек | Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары |
5 | Шаардык кенештин туруктуу комиссияларынын иш жүргүзүүсүнө көмөк көрсөтүү
| Дайыма | Шаардык кеңештин аппараты |
6 | Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин чечимдерин жана тиешелүү кенештин регламенти тарабынан берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда аткарылып жаткан иштердин абалы тууралуу туруктуу комиссиялардын отурумунда маселе карап сессиянын кароосуна сунуштоо:
| Апрель, май, июль, сентябрь | Шаардык кеңештин аппараты |
7 | Шаар мэриясында иштеген муниципалдык кызматкерлердин функционалдык милдеттерин аткаруудагы жоопкерчилигин көзөмөлдөө | Жыл ичинде | Шаардык кеңештин аппараты |
8 | Атуулдардан келген арыз даттануулар менен иштөө, аларга мыйзам чегинде өз убагында жооп берүү | Дайыма | Шаардык кеңештин аппараты |
9 | Шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар арасында отчетторун угууну уюштуруу | Атайын графиктин негизинде | Шаардык кеңештин аппараты, туруктуу комиссиялар |
10 | Шаардык мэрияда КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» Мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдө | Дайыма | М.Ярматов, Мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
|
11 | Коррупцияга каршы иш-аракеттерди күчөтүү | Дайыма | М.Ярматов, Мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
|
12 | Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндөгү» Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө | Дайыма | М.Ярматов, Мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
|
13 | Шаардык мэрияда иштеген муниципалдык кызматкерлердин бош орундарына кадрларды конкрустук жол менен кабыл алынуусун уюштуруу | Дайыма | М.Ярматов, шаар кеңештин аппараты |
14 | Кесиптик майрамдарга карата алдыңкы кызматкерлерди шаардык кеңештин Ардак Грамотасы менен сыйлоо | Кесиптик майрамга карата | М.Ярматов, шаардык кеңештин аппараты |
15 | Жергиликтүү кеңештен чыккан депутаттардын ордун толуктоону кароо | Дайыма | М.Ярматов, шаардык кеңештин аппараты |
16 | Шаардык кеңештин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө | Дайыма | М.Ярматов, шаардык кеңештин аппараты |