Редакцияот 26.10.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Дөбө айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы

 

2016-жылдын 26-октябры № 22/2

 

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн экономикалык-пландоо аймагын аймактык “К” коэффициентинин маанисин жана кыймылсыз мүлктүн 1,2,3-обьектерине салык чегерүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн райондук башкармалыгынын 2014-жылдын “__” сентябрындагы №07-01-566 көрсөтмөсү жөнүндө маселе, “финансы, экономикалык, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери”боюнча туруктуу комиссияда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Баш-Дөбө айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма экинчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баш-Дөбө айыл аймагындагы экономикалык-пландоо аймагын Кеңеш, Кызыл-Кырман, Кош-коргон, Кашка-Терек айылдарын камтыган чек ара бекитилсин.

2. Экономикалык-пландоонун аймактык коэффиценти “К” 1,2 ге барабар деп кабыл алынсын.

3. Бул токтом жер салыгын эсептөөдө жана кыймылсыз мүлктүн 1-,2-,3-топтогу обьектилерине салык чигерүү 2017-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөгө алуу жагы “финансы,  экономикалык, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери”боюнча туруктуу комиссиянын башчысы: Ысаков Сапан, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Хакимов Созбалага тапшырылсын.

 

Баш-Дөбө айылдык

Кеӊешинин төрагасы

Ж. Идрисов