Редакцияот 14.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын IV сессиясы

 

2017-жылдын 13-февралы № 9

 

Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

Кашка-Суу айылдык аймагынын кайра бөлүштүрүү фондунун эсебинен пайдаланган жер аянттарын салык өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги  төртүнчү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кашка-Суу айылдык аймагынын кайра бөлүштүрүү фондунун эсебинен пайдаланган жер аянттарын салыгы суулу жер аянттарына Салык Кодексинин 337-ст 1-беренесине ылайык 183 сом, чөп чабынды жерлер үчүн 21,10 сом жана аренданын жер салыгы үчүн 91,50 сом салык төлөмү бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеёешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашка-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

Ы. Эрмаматов