Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралы № IV-8
Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы “АСИР”суу пайдалануучулар ассоцициясынын 2016-жылда аткарган иштери жана 2017-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө
2017-жылдын 18-февралында Гулистан айыл аймагындагы “АСИР” СПА сынын жалпы жыйынында СПА нын 2016-жылда аткарган иштери жана 2017-жылга бюджети бекитилген. Гулистан айыл кеңеши күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Гулистан айыл аймагындагы “АСИР” СПА сынын 2017-жылга СПА нын бюджетин бекитүү жөнүндөгү 2017-жылдын 18-февралындагы № 1 –протокол-токтому бекитилсин.(тиркелет)
2. Суудан пайдалануучулардан өндүрүлүүчү суу акы 1 гектарына 1000 сом өлчөмүндө өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. “АСИР” СПА сынын “Сугат суу каналдарын реабилитациялоо” долбоорунун алкагында алынган насыясын өз убагында төлөнүшүн туруктуу көзөмөлгө алуу Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы | И. Ташматов
|
Гулистан айыл аймагындагы «Асир» суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча өкүлдөрүнүн отчёттук жыйынынын
Чогулушка катышкандар: СПА нын мүчөлөрүнүн өкүлдөрү, СПА нын кеңешинин мүчөлөрү, талаш-тартыш комиссиясынын мүчөлөрү, Ноокат районундагы СПА нын өнүктүрүү боюнча башкы адиси А.Касымов, СЭП долбоорунун өкүлдөрү.
Чогулушту баштоо менен президиумга 5 адам шайланып,
Чогулуштун төрагасы: И.Айбашов
Катчысы: С.Эркебаев
Чогулуштун регламенти : Докладчыга 15 минут;
Маалымат берүүчүлөргө 5минуттан 10 минутка чейин
КУН ТАРТИБИНДЕГИ МАСЕЛЕ
1.1 “Асир” СПА сынын кеңешинин 2016-жылда аткарган жумуштары боюнча отчёту (маалымат берүүчү Айбашов И).
1.2 2016-жылдын финансылык отчету.(маалымат берүүчү (М.Режабалиев)
1.3. 2016-жылга ПИУ ну чогултуу жана тарифи тууралуу отчет.(маалымат берүүчү М.Режабалиев)
2. Текшерүү комиссиясынын отчету. (маалымат берүүчү Б.Мирзаев)
3. Талаш-тартыш комиссиясынын отчету (маалымат берүүчү А.Эркабаев)
4. СПАнын кеңешинн курамына, талаш-тартыш комиссиясынын курамына жана текшерүү комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
5. 1. 2017-жылдын бюдлжетин кароо жапна бекитүү (даярдаган М.Аскаров)
1.2. 2017-жылга сугат суу акысын 12 сомго көтөрүлгөн ббюджетин долбоорун кароо жана бекитүү.
6. 2017-жылга СПА нын башкаруусун жакшыртуу пландарын бекитүү.
7. Дүйнөлүк банктан 25% кредитти кайтаруу маселесин кароо.
2.2 Дүйнөлүк банктын 100 % кредитин кайтароо мселесин кароо.
8.1. 2017-жылга ремонт жана тазалоо иштерин планын бекитү.
8.2. 2017-жылга СЕП проекти тарабынан берилетурган кичи грантка сунуштарды кароо жана тандоо
9. Ар түрдүү маселелер
Кун тартибиндеги 1-маселе боюнча Асир СПАсынын кеңешинин төрагасы И.Айбашев билдирүү берди.
Угулду: СПА нын кеңеши 2016-жылда 4 жолу СПА нын кеңешин отурумун өткөрүп тийиштүү чечимдер кабыл алынды, Суудан пайдалануучулар асоссациясынын “Асир” СПА сын иштерин туруктуу көзөмөлгө алды.
Айрыкча сугат суу каналдары тазалоо мезгилинде элди мобилизациясына вегетация мезгилинде график негизинде эгин талааларын сугат суу менен камсыз кылууда өзүнүн жардамын көрсөтүү. Сел учурунда каналдарды суу жууп кеткен мезгилинде айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети эсебинен жардам көрсөтүлдү. “Асир” суудан пайдалануучулар асоссациясынын 2016-жылдагы бюджети 1100 000 миң сом түзсө. аткарылганы 525 580 сомду түздү. Бюджеттин киреше бөлүгү аткарылбай калганынын негизги себеби суудан пайдалануучуларды оз убактысында суу кызмат акысын бербегендиги СПА нын дирекциясы тарабынан жетерлик иштер жүргүзүлбөгөндүгүнөн. СПА тарабынан белгиленген ремонт иштери Ноокат райондук суу чарбасынан алынган суу төлөмдөрү толугу менен төлөнгөн. Бирок суу акысынан 265 миң сом өндүрүлбөгөндүгүнө байланыштуу 2016-жылга көрсөтүлгөн 460 000 миң насыя төлөмдөрүнө 11 миң сом төлөнгөн. Мамлекеттик насыя төлөмдөрү боюнча СПА нын суу акысынын белгиленгенде биз насыя төлөмдөрүн эсепке алганбыз, бул маселени биз өзүбүздү чогулушубузда карап тийиштүү көрсөтмөлөрдү бергенбиз.
Ишканада эсеп жүргүзүлбөсө түшкөн киреше максаттуу пайдаланылбаса белгиленген төлөмдөр өз убактысында төлөнбөйт. Ошол менин сунушум: ар бир суудан пайдалануучулар менен келишим түзүү керек. Айыл өкмөтүндө айыл чарба тармагы негизги тармак болгондуктан айыл өкмөтү СПА нын кеңеши СПА га тийиштүү жардамдарды көрсөтүп , аткарылган иштерге туруктуу көзөмөл кылат.
Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча бюджеттин аткарылышы жөнүндө СПА нын башчысы М.Режабалиев билдирүү жасады. 2016-жылда бюджетибиз 1 100 000 сомду түзгөн. Аткарылганы 525 580 сом болду. Чогултулган акча каражаттарын төмөнкү иштерге жумшадык.
РУВХ менен 126 000 сомдук келишим түзүп, алган суубуз 133 500 сом болду. Штат кармоого 322 000 сом бекитилген болсо, аткарвылганы 110 500 сомду түздү. Техникалык чыгымдар 64 миң ажыратылган болсо, аткарылганы 55 398 сом болду. Каналдарды ремонттого 50 миң сом ажыратылган облсо, аткарылганы 41 524 сомду түздү. Канцтоварларга 5 800 сом жумшалды. Мамлекеттик салык кызматына 32 мин сом ажыратылып 161 921 сом төлөндү. Себеби 2006-жылдан баштап эч кандай отчет жасалбаган. Бюджеттин тартыш болгондугунан соцфондго эч кандай төлөм төлөнгөн эмес. Азыркы күндө соцфондтон 62 000 карыз бар. Дүйңөлүк банк тарабынан каналдарды оңдоо үчүн алынган насыя төлөмү 466 000 сом каралса, болгону 11 000 акча каражаты төлөндү. СПА союзуна 2 800 сом төлөндү. СПАнын 2016-жылга бюджети жалпысы болуп 525 580 сомго аткарылган.
Экинчи маселе боюнча текшерүү комиссиянын төрагасы Х.Тешабаев билдирүү жасады, ал оз билдирүүсүндө СПА нын бардык финансылык документтерин көрүп чыгылгандыгын, бул боюнча кээ бир финансылык документтер жолго коюлбагандыгын айтып отту. Мураптар алган квитанцияларын убагында тапшырбастан 2-3 айлап колунда кармап жүргөндүктөрүн айтты. Өндүрүлбөй калган суу акыны төлөбөгөн адамдардын тизмеси такталгандыгы бирок эч кандай чара көрүлбөгөндүгүн, бул иштерди бухгалтер А.Абдувалиевге жолго коюшун эскертти.
Андан кийинки маселе боюнча талаш-тартыш комиссиясынын төрагасы А.Эркебаев 2016-жылда СПАдагы талаш-тартыш маселелер боюнча маалымат берди. Өткөн жыли Кызыл- арик каналында Гулистан жана Кызил-тейит айылдарын тургундары ортосунда талаш тартыштар болуп отту, биз барып бу маселени чечип бердик жана башка талаш тартыштар боюнча айтып отту.
Күн тартибиндеги төртүнчү маселе боюнча М.Режабалиев маалымат берди. Ал өз сөзүндө СПА нын кеңешинин мүчөлөрүнөн эки киши дүйңөдөн кайтыш болгондугуна байланыштуу 2 адамды кеңештин мүчөлүгүнө шайлоо зарыл экендигин билдирди. Ошондой эле текшерүү комиссиясы талаптагыдай иштебегендигине байланыштуу кайра шайлоо зарыл экендигин билдирди.
Күн тартибиндеги 5 маселе боюнча М.Режабалиев билдирүү берди. Ал өз сөзүндө СПА нын 2017-жылга бюджети гаектарына 12 сомдон эсептегенде 760 га жер аянтынан 900 миң сомду тузүп жатат. Айыл аймагындагы 1000 кожолуктун тамаркаларынан 150 миң сом, 2016-жылда өндүрүлбөй калган акча каражаттарынан 120 миң сомду түзөт. Жалпысы болуп 2017-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 1 170 миң сомду түзөт.
СПА нын 2017 жылга чыгашалары боюча суу акы төлөмү райондук суу чарбасына бир жылдык төлөм 155 миң сом. Эмгек акы үчүн 352 000 сом. Соц фондго 101 370 сом. Транспорттук чыгым 60 530 сом Административдик чыгым үчүн 11000 сом Ички каналдарды оңдоого кеткен чыгым 112 миң сом Мамлекеттик салык кызматына төлөм 95 300 сом. Каралбаган чыгымдар 25 миң сом. Кредит төлөмдөргө 25% 150 миң сом 100 % 100 миң сом. СПАлар союзунун мүчөлүк взносу үчүн 2800 сом Бардыгы болуп чыгымдар 1 170 миң сом. Урматтуу жыйын катышуучулары насыя төлөмдөрү төлөш учун элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, каналдарды ремонттоону элдерди мобилизациялоо жолу менен аткарышыбыз керек. Суу пайдалануучулардан суу акыны өндүрүштү жолго коюу керек деп өз пикирин билдирди.
Алтынчы маселе боюнча СПА нын жетекчиси М Режабалиев сөз сүйлөдү. СЕП долбору менен биргеликте СПА нын 2017-жылга болгон иш аракеттерин бекитүү боюнча маалымат берди.
Жетинчи маселе боюнча кенештин төрагасы сүйлөдү. “АСИР” СПА сы дүйнөлүк банк тарабынан берилген 25 жана 100 % насыяларды кайтаруу боюнча иш алып барууда. Бирок 2016-жылда график боюнча 460 миң сом акча каражаты төлөө пландаштырылган болсо, болгону 11 000 сом акча каражаты төлөнгөн. Себеби мамлекеттик салык кызматына бюжетте каралбаган 185 миң сом акча каражаты төлөндү. Бюджет тартыштыгына байланыштуу суу төлөмдөрүн 12 сомго көтөрүп берүүңүздөрдү суранабыз.
Күн тартибиндеги сегизинчи маселе боюнча М.Аскаров маалымат берди. Ал сөз сөзүндө 2017-жылда “АСИР” СПА сы тарабынан бир катар ремонт жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү керектигин белгиледи. Айрыкча “Коён Арык ” дамбасын бекемдөө, “Кызы Арык” дамбасында Чили Сай дарыясын жээктерин бекемдөө, “Тегирме Арык ” дамбасында темир-бетон куйуу иштерин жүргүзүү пландаштырылып жаткандыгын белгиледи. 2017-жылда СЭП долбоору тарабынан берилетурган кичи грантка омөнкү иштьер сунушталат: 1. Кызыл Арык дамбасына 4 тумба жасап, суудун нугун буруу. 2. Тегирмен Арык дамбасынын башталышына темир-бетон куйуу.
9-маселе боюнча төмөнкүдөй сунуштар айтылды.
А) 2016-жылда СПА да жакшы өзгөрүүлөр болду. СПАнын кызматкерлери жана СПА мүчөлөрүндө суудан эфективдуу пайдалануу боюнча түшүнүктөр пайда болду.
Б) СЭП долборунун өткөргөн семинарларынын натыйжасында СПА нын кызматкерлери жана СПАнын мүчөлөрү өз милдеттерин жана укуктарын билишти.
В) Бизде СПАда суу болуштуруу графиги анык түзүлүп ,элге өз убагында суу берилишин , элдердин сууга болгон төлөмдөрүн өз убагында толошун каалайбыз.
Г) Ар бир суу пайдалануучу менен жеке келишим түзүлүшүн, СПА нын мыйзамдары толук иштешин тилейбиз.
АСИР СПА сынын өкүлдөрүнүн жалпы жыйналышы жогорудагы маселелерди карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. СПА нын 2016-жыл аткарган иштери кемчиликтерин белгилөө менен канааттандырарлы деп белгиленсин.
2. “АСИР” СПА сынын сугат суудан эфективдуу пайдалануу долбоорунун алкагында түзүлгөн план жана аткарылган жумуштар канааттандырарлык деп белгиленсин.
3. СПА нын 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы кемчиликтерин белгилөө менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
4. СПА нын 2016-жылда текшерүү комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн иштерди канааттандырарлык деп белгиленсин.
5. СПА нын 2016-жылда талаш тартыш комиссиясында жүргүзгөн иштер канааттандырарлык деп белгиленсин.
6. СПА нын 2017-жылга болжолдуу бюджети өзгөртүү толуктоолор киритүү менен бекитилсин.
7. СПА нын СЭП долбору менен 2017-жылга биргелешкен иш аракеттер планы бекитилсин.
8. СЭП долборун мини гранты боюнча “АСИР” СПА сынынКызыл Арык дамбасына темир-бетон куйуу менен бекемдоо долбоору жактырылсын.
9. “АСИР” СПА сынын 2017-жылы болжолдуу бюджетин жана коммуналдык кызмат тарыфтерин бекитип берүү жагы айылдык кеңештин кезектеги сессиясынан суралсын.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жагы СПАнын кеңешине тапшырылсын.