Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралы № IV-10
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү максатында Гулистан айыл кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январына акча каражатынан калган калдыкты 1-тиркемеге ылайык иштетүү бекитилсин.
2. Гулистан айыл өкмөнүн аппарат кызматкерлеринин эмгек акысы үчүн 17,8 миң сом жана соц.фонд үчүн 10,6миң сом, электр энергиясы үчүн 22,4 миң.сом, жыйындар залына парда сатып алуу үчүн 38,1 миң сом, бардыгы болуп 88,9 миң сомду Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
3. 706-бөлүмга Мамарахимов жана Төрөназаров көчөлөрүнө асфальт төшөөгө салым үчүн 250 миң сом, Тытзар участкасынын Мирзабилал ажы көчөсүнө шагал төшөө үчүн 90,1 миң сом, Вахм участкасынын Абдуллаев-2 көчөсүнө шагал төшөө үчүн 226,7 миң сом, Чили Сай дарыясындагы Кызыл Арык дамбасын ремонттоо үчүн 69,4 миң сом, жаңы конуштардын көчөлөрүнө шагал төшөө үчүн 610,2 миң сом, бардыгы болуп 860,2 миң сом Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016 -жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
4. 708-бөлүмгө соцфонддон болгон карызга 4,1 миң сом Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016 -жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажратып берилсин.
5. 709-бөлүмгө Р.Хужамов орто мектебинин жаңыдан курулуп жаткан спортзалын жылытуу системасын орнотууга 300 миң сом, таза суудан болгон карызга 3,8 миң сом, бардыгы болуп 303,8 миң сом Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016 -жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кенешинин айыл чарба, өнөр жай, курулуш, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы | И. Ташматов
|
Гулистан айыл кенешинин
(VI-чакырылышы) кезектеги
IV-сессиясынын №IV-11
токтомуна № 1 тиркеме
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | 88,9 |
Маданият уйу | 4,1 |
Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр | 860,2 |
Билим берүү | 303,8 |
Чыгашалардын жыйынтыгы: | 1 257,0 |