Загрузка документа…
КР 2014-жылдын 26-майындагы № 78 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1999-жылдын 16-июлу № 75
Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
I бөлүм. Жалпы жоболор | |
II бөлүм. Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшырууну уюштуруу жана жайгаштыруу | |
III бөлүм. Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшыруу жана аны мамлекеттик материалдык резервден чыгаруу тартиби | |
IV бөлүм. Мүлктүк жоопкерчилик | |
V бөлүм. Контроль, учет жана отчеттуулук | |
VI бөлүм. Өтмө жоболор |
Ушул Мыйзам мамлекеттик жана мобилизациялык материалдык резервдин (мындан ары-мамлекеттик материалдык резерв) запастарын түзүүнүн, жайгаштыруунун, сактоонун, пайдалануунун, толуктоонун жана жаңылоонун жалпы принциптерин белгилейт жана бул жаатындагы мамилелерди жөнгө салат.
1-берене. Мамлекеттик материалдык резерв түшүнүгү
Мамлекеттик материалдык резерв бири-бирине көз каранды эмес өзгөчөлөнгөн эки резервди камтыйт: булар мамлекеттик жана мобилизациялык түзүлүш, аларды пайдалануу жана сактоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өзүнчө жоболор менен жөнгө салынат.
Мамлекеттик материалдык резерв мамлекеттик менчиктин өзгөчө объектиси болуп саналат, ал кол тийгис жана ушул Мыйзамда каралган максатта жана тартипте жана Кыргыз Республикасынын Президентинин буйруктары жана Указдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары жана токтомдору боюнча гана пайдаланылат.
2-берене. Терминдер жана аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
жооптуу сактоочу - менчигинин таризине карабастан, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду) аныктаган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүн сактоочу чарба жүргүзгөн субъект;
номенклатура - Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тапшырманын негизинде менчигинин таризине карабастан, министрликтер (ведомстволор), мамлекеттик комитеттер, концерндер, ишканалар менен бирдикте иштеп чыккан материалдык дөөлөттөрдүн тизмеси, алардын жылдары боюнча топтолуу өлчөмдөрү жана ченемдери;
тапшыруу жана даярдоо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жооптуу сактоочуларды номенклатураларга жана бир жолку тапшырууларга ылайык, зарыл материалдык дөөлөттөр менен камсыз кылуу боюнча сырье жана мамлекеттик мобилизациялык резервдердин материалдарын өндүрүүчүлөргө жана жабдуучу структураларга тапшырмасы;
салуу - ченемдик документтерге ылайык жооптуу сактоочулар тарабынан материалдык дөөлөттөрдү сапаты жана саны боюнча узак сактоого алуу, № 1 тариз боюнча актыларды жана сактоо милдеттенмелеринин актыларын Мамлекеттик материалдык резервдер фондусуна берүү;
сактоо милдеттенмелеринин актысы - жооптуу сактоочу тарабынан толтурулуп, жетекчи, башкы бухгалтер, лаборатория башчысы жана материалдык жактан жооптуу адам тарабынан күбөлөндүрүлүп жана мөөр басылуучу ченемдик документ;
№ 1 тариз боюнча акт - жооптуу сактоочу толтуруп, жетекчи, башкы бухгалтер, атайын бөлүмдүн зардалы күбөлөндүрүп жана мөөр басылуучу ченемдик документ;
сактоо - сырьелорду, материалдарды жана товарларды узак сактоодо эрежелерге жана нускамаларга ылайык жооптуу сактоочу тарабынан өзгөчөлөнүп бөлүнгөн, жабдылган, кайтарылуучу, пломбулануучу жайда сактоону камсыз кылуу;
жаңылоо - жооптуу сактоочулардын өз каражатынын эсебинен ошондой эле товарларды жана материалдарды бир учурда салуу менен сакталуу мөөнөтү өтүп кеткен материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервден чыгаруу;