Загрузка документа…
ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Петровка айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVIII сессиясы
2014-жылдын 12-ноябры № 65-2
“Петровка айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерин
ижарага берүүнүн шарттары боюнча жобосун бекитүү жөнүндө”
Петровка айыл өкмөтүнүн карамагындагы (пайдаланбаган жер үлүштөрүнүн) жерлерин ижарага берүү шарттары боюнча жобосунун проектисин угуп жана талкулап
Петровка айылдык кенеш
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. Перовка өкмөтүнүн карамандагы (пайдаланбаган жер үлүштөрүнүн) жерлерин ижарага берүү шарттары боюнча бекитилсин.
2. Петровка өкмөтүнүн башчысы жетекчиликке жана аткарууга кабыл алсын.
Петровка айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Бейшеналиев
|
| Петровка айылдык Кенешинин № 65-2 токтому менен 2014-жылы 12-ноябрда 26-чакырылышынын 18-сессиясында бекитилген |
Петровка айыл өкмөтүнө берилген жерлер (талап кылынбаган жер үлүштөр), айыл чарба жерлеринен (жайыттардан сырткары) түзүлгөн жер тилкелери атайын бөлүштүрүүгө ылайыкташтырылган.
Петровка айыл өкмөтүнүн карамагына тиешелүү жер үлүштөр айыл чарбага пайдалануу үчүн Петровка айыл өкмөтүндө катталуу Кыргыз Республикасынын жарандарына ижарага берилет.
2.1 Жерлерди бөлүштүрүүдө Петровка айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, айыл башчыларынан жана коомдун өкүлчүлүгүнөн, 5 адамдан кем эмес комиссия түзүлөт. Ушул комиссиянын башында айыл өкмөтүнүн башчысы болушу керек.
2.2 Жер үлүштөрү жергиликтүү калкка жана Петровка айыл аймагынын карамагындагы мекемелерде 3 жылдан кем эмес эмгеги бар жарандарга берилет.
2.3 Соцпаспорту бар үй-бүлөлөргө, аймакта жашоо мөөнөтү эсепке алынбастан, 3 га кем эмес сугат жана 5 га кайрак жерлер ижарага берилет.
2.4 Жер үлүштөрүнүн ижара мөөнөту кыска гана 1 жыл.
2.5 Ижарага бериле турган жерлердин чеги, ар бир ижарачы үчүн 10-15 гектардан ашпаш керек.
2.6 Ижарачы, жер иштетүү үчүн келишимге кол коюлуп, жер ченелип, такталып бүткөндөн кийин гана иш жүргүзө алат.
2.7 Салык жана социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнөн карызы жокторго гана жер ижарага берилет.
2.8 1 гектар үчүн ижара акысы - сугат жерлерге 600 сом, кайрак жерлерге 300 сом.
2.9 Паспорту жокторго жана бирөө үчүн жасалма документ көргөзгөн жарандарга, жер үлүштөрү берилбейт.
2.10 Жер үлүшүнө түзүлгөн келишим мөөнөтүнөн эрте бүтүшү мүмкүн, ал түзүлгөн келишимге жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайыкташат жана жер үлүштөрүн алууга укуктуу жарандар талап кылса.
2.11 Жер келишимине ылайык түзүлгөн комиссиянын протоколу менен гана, келишим иш жүзүндө ишке ашат.
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлиги талап кылынбаган жер үлүштөрүн натыйжалуу пайдаланышынын көзөмөлдөөчү мамлекеттик органы.
Жергиликтүү аткаруу орган азырынча талап кылынбаган жер үлүштөрү тууралуу, жыл сайын жергиликтүү айылдык Кенешке билдирүүгө милдеттүү.
Азырынча талап кылынбаган жер үлүштөрү тууралуу суроо-талаптар Кыргыз Республикасынын сот Мыйзамына ылыйк чечилет.
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын жер жана жарандык Кодексинин негизинде, жер үлүшүнө укугу бар жарандарга, айыл чарба жерлерин сактап калуу максатында иштелип чыккан.