Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-ноябры № 16-2
Керме-Тоо айылдык аймагындагы айылдарында калктуу коңуштардын жана айыл чарбасына арналбаган жерлердин жер салыгын дифференциялоо боюнча зонанын аймагын баалоонун (К-3) аймактык коэффициенттерин өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б. башчысы А.Рысбаеванын билдирүүсүн угуп, кызуу талкуулап Керме-Тоо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айылдык аймагындагы айылдарында калктуу конуштардын жана айыл чарбасына арналбаган жерлердин жер салыгын дифференциялоо боюнча, зонанын аймагын баалоонун (К-3) аймактык коэффициенттерин өлчөмдөрү № тиркемеге ылайык белгиленип, бекитилсин.( № 1 тиркеме тиркелет).
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн айыл чарбасын арналбаган жерлердин жер салыгын эсептөө жана айыл өкмөтүнүн бюджетине түшүрүү айыл өкмөтүнүн салык инспекторлоруна тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тажибаев |
| Керме-Тоо айылдык кеңешинин V чакырылышынын 16 –сессиясынын № 16-2 токтомуна тиркеме |
Керме-Тоо айылдык аймагындагы айылдарында калктуу конуштардын жана айыл чарбасына арналбаган жерлердин жер салыгын дифференциялоо боюнча зонанын аймагын баалоонун (К-3) аймактык коэффициенттерин өлчөмдөрү.
№ п-п | Айылдардын аталышы | Кожолук саны | Жашаган калктын саны | Коэффициенттин өлчөмү |
1 | Гүлбаар | 1864 | 9450 | 0,8 |
2 | Кичик-Алай | 119 | 546 | 0,3 |
3 | Күндөлүк | 23 | 108 | 0,3 |
4 | Майдан-Тал | 5 | 24 | 0,3 |
5. | Миң-Теке | 6 | 40 | 0,3 |
6 | Сары-Булак | 4 | 15 | 0,3 |
7 | Чөгөм | 164 | 652 | 0,3 |
Жалпысы
|
2185 |
1835 |
| |