Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-марты № XXI-1
Ноокат шаарынын аймагындагы Н.Исанов атындагы эс алуу паркында аттракциондорду куруп, ижарага убактылуу пайдалануу үчүн тузулгөн атайын конкрустук комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Н.Исанов атындагы эс алуу паркынын 5100 чарчы метр жер аянтын аттракциондорду куруп, ижарага убактылуу пайдаланууга, шаардын аймагындагы тургундардын эс алуусуна шарт түзүү багытында жана ал жерди конкрус аркылуу берүү үчүн атайын конкрустук комиссиянын курамын бекитип берүүнү суранып жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катын угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атайын конкрустук комиссиянын курамы бекитилсин.(Тиркеме тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|
| Ноокат шаардык кеңешинин 2015-жыл 31-мартындагы (IV-чакырылышы) кезектеги XXI-сессиясынын №XXI-4 токтомуна №1 тиркеме |
Ноокат шаарынын аймагындагы Н.Исанов атындагы эс алуу паркынын 5100 чарчы метр жер аянтын конкурстук негизде аттракциондорду куруп, ижарага, убактылуу пайдаланууга, шаардын аймагындагы тургундардын эс алуусуна, шарт түзүү багытында жана ал жерди конкурс аркылуу берүү үчүн атайын конкурстук комиссиянын курамы:
1.Ж.Нурдинов-Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору, комиссиянын төрагасы.
2.М.Максимова-Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин ТОС башчысы, комиссиянын катчысы.
Комиссия мүчөлөрү:
3.М.Аманов-Ноокат шаар мэриясынын башкы адиси, комиссиянын мүчөсү.
4.К.Кожонов-Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси, комиссиянын мүчөсү.
5.Т.Сатиев-Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси, комиссиянын мүчөсү.
6.Х.Маткосимов-Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин ТОС башчысы, комиссиянын мүчөсү.
7.Н.Абдурахманов-Ноокат шаардык кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.