Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2015-жылдын 16-февралы № 24/1
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин
аткарылышы жана 2015-жылдын бюджетинин 2016-2017-жылдын
бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын киреше бөлүгү 10 405,0 миң сом жана чыгаша бөлүгү 10 036,1 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2015-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети киреше жана чыгаша булактарынын бөлүктөрүнө ,теңдөөчү грантка 6498,2 миң сом өздүк киреше 1 895,0 сомго жалпы 8 393,2 миң сомго бекитилсин.
3. 2016-жылга бюджеттин долбоору 8 640,9 миң сомго анын ичинен теңдөөчү грантка 6 605,9 миң сом,өздүк киреше 2 035,0 миң сом,2017-жылга бюджетинин долбооруна 8 929,2 миң сомго анын ичинен теңдөөчү грант 6 724,2 миң сом өздүк киреше 2 205,0 миң сом жактырылсын.
4. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мектептер жана бюджетте каралган акча каражаттар статьялар боюнча жумшалышын камсыз кылуу жагы финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
5. Отчет, учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме-ишканалардын башчыларына жана мектеп директорлоруна чарбалык иштер боюнча орун басарларына милдеттендирилсин.
6. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнөн ашыкча түшкөн кирешелерге план боюнча өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жана статьядан-статьяга жылдыруу айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнүн негизинде Үч-Төбө айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына укук берилсин жана бюджетине, комиссиянын сунушу менен кеңештин сессиясы бекитилсин.
7. Ата-энелер төлөмү Кичи-Каракол балдар-бакчасына 300(үч жүз) сом, Медина-Нуру балдар-бакчасына 250 (эки жүз элүү) сом болуп бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 762 токтомунун негизинде 2015-жылдын сметасына Гежиге, Кичи-Каракол,Чон-Каракол,Кызыл-Алай жана Ак-Босого айылдарына айыл башчылардын штаттык бирдиги 5,0 штаттык бирдик болуп калтырылсын.
9. Каралган бюджеттин сметасы боюнча өз убагында жумшалышын камсыздоо жана көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага ,финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Арыковго тапшырылсын.
Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Калыбеков |
| Үч-Төбө Айылдык Кеңешинин 16-февраль 2015-жылдагы заседаниесинин № 24/1 тиркемеси. |
КИРЕШЕ БУЛАКТАРЫ ( миң сом)
1.Подоход налог (киреше салыгы) - 800,0
2.Милдеттүү патент - 65,0
3.Кыймылсыз мүлккө салык - 8,0
4.Транспорт салыгы - 218,0
5.Огород жерге (тамарка) салыгы - 110,0
6.Айыл чарбасына арналган
жер салыгы - 77,0
7.Айыл чарбасына арналбаган
жер салыгы - 26,0
8.Сатуудан алынган салык - 375,0
9.Элдүү пунктарды арендага
берүү (телевышка) - 40,0
10.Жакынкы жайыттарды арендага
берүү (телевышка) - 15,0
11.К.Б.Ф нун жерлерин арендага
берүү - 48,0
12.Госпошлина - 3,0
13.Ата-энелер взносу - 110,0
14.Толуктоочу грант -6 498,2
Жалпы суммасы: 8 393,2
ЧЫГАША БУЛАКТАРЫ:
1.Эмгек акыга -4 811,0
2.Соц.фондго чегерүү -722,1
3.Сапар чыгымы - 157,0
4.Байланыш чыгымы - 5,0
5.Кызматтык машинага - 180,0
6.Түрдүү кызмат көрсөтүү
чыгымдары - 430,6
7.Тамак-ашка - 321,3
8.Текущий ремонт - 147,5
9.Түрдүү чыгымдар - 346,4
10.Көмүргө - 394,8
11.Электр энергияга - 617,5
12.Инвентар алууга - 150,0
13.Атайын каражат (спец средств) - 110,0
Жалпы суммасы: 8 393,2.