Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2015-жылдын 16-февралы № 24/7
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жайыттарды
пайдаланууда, малдын башына акы белгилөө жана 2015-жылга
жайыт бюджетин бекитүү жөнүндөгү 2015-жылдын 13.01.№1
протоколун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 30 “Жайыт жөнүндөгү” мыйзамынын жана ушул мыйзамды ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомунун “Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө” типтүү жобонун негизинде, Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасынын билдирүүсүн угуп талкуулап Үч-Төбө айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 30 “Жайыт жөнүндөгү” мыйзамынын жана жайыттар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомунун “Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө” типтүү жобонун талаптарына ылайык Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу жазгы жана күзгу жайыттарын пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомунун “Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө” типтүү жобонун негизинде ,жайыт комитетинин 2015-жылдын 13-январындагы № 1 протоколунда көрсөтүлгөн малдын башына белгиленген төлөм тарифтери бекитилсин.(тиркеме тиркелет),жана 2015-жылга түзүлгөн жайыт комитетинин бюджети бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды пайдалангандыгы үчүн, мал башынан түшкөн акча каражаттары Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамынын 11-беренесине ылайык, жайыт пайдалануу үчүн, каражаттарды пайдалануу жагы жайыт комитетине жүктөлсүн.
3. 2015-жылга карата Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган атуулдардын менчигиндеги малдын санына эсептелген жайыт төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 206 030 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарды пайдаланууда,Жайыт комитети менен жайыт пайдалануучулардын ортосунда 2 тараптуу келишим түзүлүп,белгиленген сумманы чогултуу жагы жайыт комитетине милдеттендирилсин.
5. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы чогултулуучу жайыт кирешеси 260030(эки жүз алтымыш миң отуз ) сом акча каражатын чогултуп , Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жайыттарын жакшыртуу максатында,жолдор,көпүрөлөр жана башка жайыт маселелерине жумшалсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага тапшырылсын.
Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Калыбеков |
| Үч-Төбө айылдык кенешинин III чакырылышынын кезектеги XXIV заседаниесинин токтомуна № 1 тиркеме |
Үч-Төбө айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон жайыттарды пайдаланышкандыгы үчүн мал башына акы взнос байлоонун өлчөмү
№ | Малдын түру | Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын малы үчун бир малга бир жыл ичинде төлөнүүчү акы (сом)менен. | Башка айыл өкмөттөрүнөн келген малдар (район ичинде)
| Башка райондордон келген малдар үчүн бир баш малга бир сезон үчүн акы төлөнүүчү акы баа (сом)
|
1 | Уй (Бодо малга) | 50 | 100 | 150 |
2 | Кой ,эчки | 10 | 13 | 15 |
3 | Жылкы | 50 | 100 | 150 |
4 | Торпок,кулун | 40 | 50 | 60 |
5 | Эшек | 40 | 40 | 50 |
| Үч-Төбө айылдык кенешинин III чакырылышынын кезектеги XXIV заседаниесинин токтомуна № 2 тиркеме |
Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу 2015-жылдын 1-январына карата статистикалык эсеп боюнча малдын башы.
№ | Малдын туру | Малдын саны |
1 | Уйлар | 2220 |
2 | Топоздор | 610 |
| Баардыгы | 2830 |
1 | Жылкы | 1041 |
1 | Малдын түрү | Малдын саны |
2 | Кой | 8397 |
3 | Эчки | 3456 |
| Бардыгы | 11853 |
№ | Чыгымдардын статьялары | саны | баасы | Суммасы |
1 | Төраганын эмгек акысы | 12 | 3500 | 42000 |
2 | Бухгалтер | 12 | 2500 | 30 000 |
3 | Ишканадан камсыздандыруу үчүн төл өмдөр, Соц.чегерүү-17,25% | 12 |
|
15750 |
4 | Жайыт инфракструктурасын жакшыртууга | 12 |
| 138000 |
5 | Башка чыгымдар : командировкага ,телефон | 12 |
| 20000 |
6 | Күтүсүүз чыгымдар | 12 |
| 5000 |
7 | Концелярдык товар ж.б. | 12 |
| 2030 |
8 | Жер салыгы | 12 |
| 7 250 |
10 | Баардыгы |
|
| 260030 |
11 | Жайыттын жалпы аянты -2840га |
|
|
|