Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2015-жылдын 30-марты № 25/2
“Үч-Төбө айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялардын
курамына айрым өзгөртүү толуктоолорду киргизүү жана
комиссиялардын мүчөлөрүнө функционалдык милдеттерин
бөлүштүрүү жөнүндө”
“Үч-Төбө айылдык Кенешинин токтомунда 19 депутат 4 туруктуу комиссияга бекитилген .Алар ушуга чейин тиешелүү иштерди белгилүү тартипте аткарып келишкен.Кийинки 8 айдын ичинде туруктуу комиссиялардын иштери жүрбөй калган.
Башынан комиссиялар ай-сайын чогулуп өз алдынча иш жүргүзүүгө аракет жасабагандыктан көпчүлүк туруктуу комиссиянын аткарган иштерин күбөлөндүрүүчү иш кагаздары түзүлбөгөн.Анализдеп караганда Кеңештин заседаниелери туруктуу комиссиялардын “ Жер бөлүштүрүү ,бюджет бекитүү ,төрага шайлоо,учурдагы зарыл иштерге чечим берүү жана сезондуу иштерге убактыларды белгилөө сыяктуу ,утурумдук жумуштар менен алек болуп калган.
Айрым депутаттардын өз мандаттарын тапшырып,айыл өкмөтүнүн кызматына жана баштагы Үч-Төбө айылдык Кенешинин төрагасынын өз арызы менен башка ишке кеткендиктери ишке терс таасирин тийгизген.
Өзгөчө белгилей турган маселе туруктуу комиссияларды түзүүдө жана алардын милдеттери айкын коюлуп комиссиянын төрагаларын авангарддык ролун жогорулатуу иштери колго алынбаган .Натыйжада депутаттардын эл өкүлү катары маанилүү кадыр-баркы төмөндөгөн .Ошонун кесепетинен аймактагы чечим чыгарылбаса да 2 адамды кошуп жазуу фактылары орун алган,мындай фактылар башка токтомдордо да кездешет.Депутаттардын жыйынында талкууланбай туруп кимдир бирөөнүн жеке кызыкчылыгы менен белгилүү убакыттар өткөндөн кийин ,жазгы маалда эгилген уруктарды чыгыш кылуу боюнча токтом даярдалып,айылдык кенешинин төрагасынын колу жок Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн печаты басылган фактылар бар.
Жогорудагыдай мыйзам бузуу фактылары туруктуу комиссиялардын Үч-Төбө айылдык Кенешинин сессияларына атайын маселени даярдоого дээрлик катышпагандыгынан жана чийки ар тараптан изилденбеген көйгөйлөр бул ишке кызыкдар адам тарабынан сунушталып тургандыгынан келип чыккан.
Ошондуктан баштагы түзүлгөн туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү зарылдыгы келип чыккан. Туруктуу комиссиялар саны боюнча баштагыдай 4 комиссияга бөлүнүп,”Бюджет салык жана финансы боюнча комиссиясы менен “Экономикалык саясат жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясын бириктирүү зарылдыгы келип чыгууда.
Бириктирилген комиссиялардын биринин ордуна “ Айыл чарба жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү, кайра бөлүштүрүү фондун натыжалуу пайдалануу жана жыйынтыктарды коргоо багытындагы проблемаларды чечүү комиссиясын” бекитүү зарыл.
Жогорудагылардын негизинде Үч-Төбө айылдык Кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айылдык Кенешинин , айылдарындагы элдин көйгөйлөрүн чечүүдө уюштуруучулук чара көрбөй өздөрүн жоопкерчиликтүү иштен сыртта кармап, сессияларды, зарыл өтүүчү чогулуштарды кечеңдетип келген туруктуу комиссиялардын төрагаларына кемчилдиктери көрсөтүлсүн.
2. Баштагы бекитилген туруктуу комиссиялардын “Бюджет салык жана финансы комиссиясына” экономикалык саясат жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясы бириктирилсин.
Анын ордуна “Айыл чарба жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү,кайра бөлүштүрүү фондун натыйжалуу пайдалануу жана жайыттарды коргоо багытындагы көйгөйлөрдү чечүү комиссиясы бекитилсин.
3. Туруктуу комиссиялардын курамына кайра бөлүштүрүлгөн депутаттардын курамы бекитилсин( № 1,№ 2 тиркеме тиркелет)
4. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн айылдарындагы элдин көйгөйлөрүн чечүүдө уюштуруучулук чараларды көрбөй өздөрүн жооптуу иштен сыртта кармап сессияларга актуалдуу маселелерди сунуштабай, зарыл өтүлүүчү чогулуштарды кечендетүүгө шарт түзгөн туруктуу комиссиялардын төрагаларына кемчилдиктери көрсөтүлсүн.
5. Эл өкүлдөрү болгон депутаттардын кадыр-баркын төмөндөтүп,жерге чечим чыгаруу боюнча токтомго кошумча 2 адамдын фамилиясын кошуп жазуу жана кабыл алынган токтомдордон башка айылдык кенешинин сыртынан токтом жазып, Үч-Төбө айылдык Кенешинин токтомуна айыл өкмөтүнүн печатын баскан муниципалдык кызматкерлердин жоопкерчилиги райондук прокуратурага тапшырылсын.Бул факты боюнча Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага катуу эскертүү берилсин.
Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Калыбеков |
| Үч-Төбө айылдык Кенешинин токтомуна №1 тиркеме |
Уюштуруу укук маселелер жана мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдары менен байланышта иштөө комиссиясы. | Бюджет, салык жана экономика саясат жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы |
Арыков А. Жаныбеков А. Абдраева Ж Жумабай у Б. Султанова А катчы: А.Абдылдаев . | Жумабай у М Таштемиров Ж.Т Темиров Н.Н. Толтоева Т.
катчы: К.Мырзаева. |
Кайра бөлүштүрүү фонду,айыл чарбасын өнүктүрүү жана жайыттарды коргоо багытындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча туруктуу комиссиясы
|
Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы |
Кенешбаев Р.С. Мамытов И.Э. Турдумаматов А. Абдыкадырова К.Ж. Рыскулов С катчы: Н.Туркбаев.
| Жумабаев А. Баргыбаев Ж.А Эшназаров А.А. Залимбеков Т.К
катчы: Мадакимов Н.
|
| Үч-Төбө айылдык Кенешинин токтомуна №2 тиркеме |
1. Социалдык саясат боюнча көйгөлөрдү чечүүчү туруктуу комиссиясынын милдеттери:
Айылдык Кенештин Регламентин сактоо
Били берүү тармагы
Саламаттыкты сактоо тармагы
Маданий массалык иш-чарала,өздүк-көркөм чыгармачылык
Сергектик,айыл өкмөтүнүн аймагында спорттун массалулугуна жетишүү
Мамлекеттик эмес коомдук уюмдар менен иш жүргүзүү
Айылдарда жана мекеме-ишканаларда көрктөндүрүү иштерин уюштуруу жана жетектөө
Жаштар саясатына байланыштуу иш-чараларга пландуу аракеттерди жасоо
Улуттук каада-салт жана үрп-адаттарды сактоо иш-чараларын колго алуу
2. Уюштуруу укук маселелер жана мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдары менен байланышта иштөө комиссиясы:
Айылдык Кенештин Регламентин сактоо
КР мыйзамдарын аткарууну, уставдык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө
Айылдык Кенешинин токтомдорунун мыйзамдуулугуна жана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү
Жергиликтүү жана жогорку органдардан келген каттар менен иш жүргүзүү
Депутаттык этика жана дин багытындагы маселелер менен иш жүргүзүү
Жергиликтүү өз алдынча башаруу органынын иштерин талапка ылайык келишин көзөмөлдөө
3. Бюджет, салык жана экономика саясат жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы
Айылдык Кенештин Регламентин сактоо
Бюджет жана салыктын аткарылышын көзөмөлдөйт
Айыл өкмөтунун аймагында өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүүгө кам көрүү
Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү колдоого алуу
Муниципалдык чарбаны өнүктүрүүгө кам көрөт
Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилөө
4. Кайра бөлүштүрүү фонду,айыл чарбасын өнүктүрүү жана жайыттарды коргоо багытындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча туруктуу комиссиясы
Айылдык Кенештин Регламентин сактоо
Жергиликтүү калктын негизги кирешелүү тармагы болгон,айыл чарба мал чарбачылыгы жана жайыт маселелери боюнча пландуу иштөө менен бул багыттагы элдин суроо-талаптарын колдоого алуу
Мал ылаңдарынын алдын-алуу маселеси
Айыл өкмөтүнүн негизги жайыттарын туура пайдалануу ,көчүү,конуу жана жайыттардан кайтуу мөөнөттөрү боюнча пландуу иш-чараларды жүргүзүү
Калктуу конуштардагы жолдордун иштеши боюнча көйгөйлөрдү ыңгайлуу чечүү
Калктуу конуштардагы тиешелүү аймактарда ,жерди пайдалануу жана курулуш куруу боюнча ,талаш-тартыш маселелерин пландуу чечүү
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда ичүүчү таза суу көйгөйөрүн чечүүнү колго алуу.