Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-апрели № 33-1
Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин, "Абшыр -Таң" СПАнын жана "Тешик-Таш" ИСКААКБлардын 2015-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчетторун угуу жөнүндө
Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы А.Карабаевдин, Абшыр-Таңы СПАнын директору Э.Жороевдин жана Тешик-Таш ИСКААКБнын башчысы А.Жаяевдердин 2015-жылга карата аткарган иштеринин жыйынтыктарын угуп жана талкуулап, элди ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу мыйзамдарына негиз жана сугат суу пайдалануучулардын мыйзамына ылайык, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси А.Карабаевдин 2015-жылда аткарган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.(тиркелет)
2. Абшыр -Таңы СПАнын директору Э.Жороевдин 2015-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
3. Тешик-Таш ИСКААБнын башчысы А.Жаяевдин 2015-жылда аткарган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
Төрага | Н. Туманов |
" Абшыр-Таңы “ С.П.А сынын финансылык абалы жөнүндө:
Карыздар:
Кредиттер боюнча:
1. 23 824 280 сом анын ичинен С.П.А.төлөөчү 25%ти 595607 сом. Төлөп бүтүү графиги 23.03.2018 жыл бүгүнкү күнгө калдык 589170сом.
2. Эксковатор сатып алууга берилген товардык кредит жалпысы 13007840сом,
Анын ичинен С.П.А. төлөөчү 50% 653920сом. бүгүнкү күнгө калдык 541880 сом.
Төлөп бүтүү графиги 16.09. 2020-жыл.
3. Товардык кредит жалпысы 501955 сом, С. П. А. төлөөчү сумма 100% 501955 сом.
Бүгүнкү күнгө калдык 482954 сом.
Жалпы кредиттерден болгон карыздар 6922004 сом.
Ушул кредиттер өз убагында төлөбөгөндүктөн , К.Р.ынын финансы министирлигинин экономиканы өнүктүрүү фонду , С.П.А.га 2153900 сом доо арыз менен, Райондор аралык сотуна кайрылган.
Ушул ишти сотто кароо үчүн 2016 жылдын июлуна белгиленген. Соц фонд. мындан тышкарыС.П.А. нын райондук соц фонддон болгон карызы 290000миң сомду түзүп, 2010-жылдан бери Соц. Фондко отчеттор берилген эмес.Биздин эсептөөлөр боюнча отчет берилбеген жылдар үчүн соц . фондко болгон карыз Кошумча 228900 сомго өсүшү күтүлөт. Жалпы соц фондун карызы 519500сом.
Азыры күндө райондук соц фонд менен эсептешүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.
Бүгүнкү күнгө чейинки налог инспекциясы мененэсептешүүлөр бүтүп ишкананын карызы жок. Бирок 2010-жылдан бери ишкана инспекция тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлбөгөндүктөн, азыркы мезгилде 6 жылдык документалдуу текшерүү болууда натыйжасы күтүлүүдө.
Р.УВ.Х:
Ишкана менен РУВХ анын ортосунда ,РУВХанын бугалтери Бишкек шаарында кызматтык комондировкада жүргөндүктөн эсептешүүлөр жүргүзө элек.
С.П.А.нын бугалтериясынын бүгүнкү күнгө жүргүзгөн иштери:
Сууга акча жыйноо 3 айда. 148000.
15.04.2016 –жыл чейин 37000сом
Жалпысы: 185000сом.
Расходдолушу:
З-плата 70000.сом
Кредит 60000 сом
Налог 9000сом
Соц фонд 10000сом
Г.С.М. 20000сом
Взнос Ассацация СП А. 4000.сом
РУВХ 12000.сом
Жалпысы: 185000сом