Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-ноябры № 109
Зергер айыл өкмөтүнүн АРИСтин АИД-3 долбоорунун 2-циклы боюнча конкурстук комиссиянын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №1- протоколун бекитүү жөнүндө
Зергер айыл өкмөтүнүн АРИСтин АИД-3 долбоорунун 2-циклы боюнча конкурстук комиссиянын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №1- протоколун карап чыгып, Зергер айылдык кеңешинин кезексиз 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн АРИСтин АИД-3 долбоорунун 2-циклы боюнча конкурстук комиссиянын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №1- протоколу менен бекитилген бүтүмү бекитилсин.(протокол тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «финансы,экономика, бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу камиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Ибраимов |
Зергер айыл өкмөтүнүн «АРИС» программасы боюнча келип түшкөн сунуштарды кароо боюнча конкурсттук комиссиянын протоколу
Кайрат айылы
09.11.2016-жыл.
Жыйындын катышуучулары:
Эргешов Кубанычбек Турдубаевич-айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-комиссиянын төрагасы:
Жанибеков Кутлибек Маматсултанович-айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер бонча башкы адиси-комиссиянын катчысы.
Мүчөлөрү:
Жужубаев Сулайман –Токтогул айылынын айыл башчысы :
Дөөлөтбаев Кудайкул –Жаңы-Айыл айылынын айыл башчысы :
Сайитов Мавлиянкул- Ничке-Сай айылынын айыл башчысы :
Рыспаева Марапаткан –Кайрат айылынын тургуну :
Рамбаев Эркин –Зергер - айылынын айыл башчысы :
Каратаев Нурлан- Кутурган айылынын айыл башчысы :
Бадалбаев Гапур-Аюу айылынын айыл башчысы :
Күн тартибиндеги жаралуучу маселе :
1. «АРИС» программасы боюнча демелгечи топтор тарабынан түзүлгөн долбоорлорду карап тандоо.
Комиссиянын төрагасы Зергшер айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, К.Эргешов «АРИС» програмасы боюнча келип түшкөн долбоорлорду комиссиянын мүчөлөрүнү толук түшүндүрүп, ар-бир долбоор менен комиссиянын мүчөлөрүнө тааныштырып өөтүп, түшкөн долбоорлордун арасынан бир долбоорду «АРИС» програмасына сунуштоо жагына токтолду.
Жарыш сөзгө Ничке-сай айылынын айыл башчысы М.Сайитов чыгып, төмөндөгүлөргө токтолду.
Урматтуу комиссиянын мүчөлөрү жогорудагы демелгечи топтор тарабынан түзүлгөн долбоорлор менен таанышып , чыкканыбызда бизге төмөндөгү 2 маселе макул болуп жатат алар :
Мектептерге заманбап интерактивдүү доска алуу :
Зергер айылындагы №29 А.Турабаев атындагы мектептин эски имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү.
Бул жогорудагы эки маселелер азыркы замандын талабы десек дагы болот.
Г.Бадалбаев Аюу айылынын айыл башчысы :
Мен дагы М.Сайитовдун сунушун толугу менен колдойм .Ушул эки маселе боюнча иштесек жакшы болмок.
С.Жужубаев Токтогул айылынын айыл башчысы: туура мен дагы жогорудагы сунуштарды колдоймун.
Ж.Камилов комиссиянын төрагасы :-Анда эмесе бүгүнкү күн тартибинде каралган маселе боюнча мектептерге интерактивдүү доска алуу жана Зергер айылындагы мектептин имаратын ремонттон өткөрүү жөнүндө демелгечи топтун түзгөн долбоорун сиздердин добушуңуздарга коемун.
Каршы -0, калыс -0 макул-9, комиссиянын мүчөөлөрү каршы эмес бир добуштан колдошту.
Жогорудагы күн тартибинде каралган маселелерди угуп, талкуулап Зергер айыл өкмүтүнүн «АРИС» программасы боюнча конкурстук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы айылдардын көйгөйлөрүн карап чыгып,,төмөндөгү тартипте кезектештирилсин:
-Айыл өкмөтүнүн аймагында мектептердин интерактивдүү доска менен камсыз кылуу:
-Айыл өкмөтүнүн Зергер айылындагы №29 А.Турабаев атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү:
-Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарды таза–суу менен камсыз кылуу:
-Кайрат айылына бала-бакча куруу:
-Аюу айылына ФАП куруу:
-Токтогул айылына маданият үйүн куруу:
-Жаңы-Айыл айлына спорт комплекс куруу:
2. Зергер айыл өкмөтүнүн «АРИС « программасы боюнча жогорудагы маселелерди зергер айылдык Кеңешинин бекитип берүү жагы суралсын.