Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-февралы № 50
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2016-жылга киреше ,чыгаша планынын аткарылышы жана 2017-жылга киреше чыгаша планын бекитүү
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү, 2018-2019 жылдарга карата долбоорун кароо жөнүндө маселе айылдык кеңешинин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пукттун жетекчиликке алып , Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 26241,0 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 24842,8 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин (№1 тиркеме).
2. 2017-жылга Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 27346,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин (№2 тиркеме).
3. Айыл өкмөтүнүн 2018-2019 жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
4. 2017-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а) жалпы мамлекеттик салыктан түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан – 50% өлчөмүндө
б) бирдиктүү салык негизинде тушуулөрдөн, ыктыярду жана милдеттүү патент негизиндеги салыктардан жергиликтүү бюджетке – 100% өлчөмүндө
в) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтын, мунай, газды кошпогондо, роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тиешелүү бюджеттерине-50% өлчөмүндө
г) жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан (бонустар) республикалык бюджетке – 100% өлчөмүндө белгиленсин.
5. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка денгээлдеги бюджетке алынууга жатпастыгы белгиленсин.
6. Мыйзам менен каралган укуктардын чектеринде – жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү 2016-жылдын 30-ноябрындагы КР Жогорку кеңеши тарабынан кабыл алынып, мыйзам менен бекитилген 2017-2019-жылдарга теңдөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 260,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Айыл өкмөтүнүн 2017-2019 жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттуу медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр), коммуналдык кызматтык (электр энергия, көмур, суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
9. Айыл өкмөтүнүн теңдөөчү гранттарды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызматтык көрсөтүүлөр боюнча чыгашалар каржылоого багытталсын.
10. Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн айыл өкмөттөрү жоопкерчилик тартары белгиленсин.
11. Айыл өкмөтү тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.
12. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100%ы Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин кирешесине алынат.
13. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2018-жылдын 1-январына карата 200,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
14. Айыл өкмөттүн 2016-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө белгиленип, каржыланбай калган каражаттар 2017-жылдын бюджетин аткаруу чегинде каржылоо сунуш кылынсын.
15. Салыктар боюнча зоналык коэффициенттер төмөндөгүдөй бекитилсин:
А) айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы – 1,2
Б) кыймылсыз мүлк салыгы – 0,3
В) таштанды чыгаруу – 200,0
Г) там арка (огород) салыгы – 10,0
Д) сугат жер 1га – 418,0
Е) шарттуу сугат 1га – 62,30
Ж) кайрак 1га – 62,30
З) чөп ормо – 32,70
16. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Джусупов |
| №50 токтомго №1 тиркеме |