Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-январы № 4/2
Жазы айылдык Кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык Жазы айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы айылдык Кеңешинин регламенти №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттык этика, Регламент, мыйзамдуулук, укук-тартибин чындоо жана дин иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Акматов |
| №4/2 токтомуна тиркеме |
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
1. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Мыйзамдарына ылайык айылдык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
Жазы айылдык кеңешинин туруктуу жайгашкан жери – Кара-Дыйкан айылы болуп саналат жана курамы 4 жылдык мөөнөткө шайланган 21 депутаттан турат. Зарыл учурларда төраганын чечими жана туруктуу комиссиялардын сунушу боюнча Кеңештин сессиялары (жыйналыштары) башка жерде өткөрүлсө болот.
Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамдарын, жергиликтүү жамаатынын Уставын, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
Кеңештин ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
жергиликтүү бюджетти жана аны аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
айыл өкмөттүн бюджеттинин аткарылышы жөнүндө отчетко канааттандырарлык эмес деген баа берилген учурда, айылдык Кеңеш айыл өкмөттүн, анын айрым мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселени карайт
аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана аткарылышына контролдук кылуу;
жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин, анын ичинде муниципалдык менчик обьекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролдук кылуу;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айыл өкмөтүнүн башчысына ишеним көрсөтпөө;