Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-январы № 5/2
Жазы айылдык Кеңешинин 2017-жылга карата түзүлгөң иш планын бекитүү жөнүндө
Жазы айылдык Кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы айылдык Кенешинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы туруктуу комиссияларга тапшырылсын.
Төрага | Ж. Акматов |
| Жазы айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 14-январындагы №5/2 токтомуна тиркеме |
Жазы айылдык Кенешинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш планы
№ | Каралуучу маселелердин мазмуну | Аткаруу мөөнөту | Аткарууга жооптулар |
1 | Жазы айыл өкмөтүнун 2016-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2017-жылга милдеттери жөнүндө, Жазы айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету | 1-квартал | Айыл өкмөттүн апараты, туруктуу комиссиялар |
2 | Жазы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү, 2018-2019-жылдарга болжолдуу проектиси жөнүндө |
| Бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы |
3 | Жазы айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча айыл өкмөттүн жүргүзүп жаткан иш-аракеттери жөнүндө | 2-квартал | Депутаттык этика, мыйзамдуулук, укук-тартибин чындоо боюнча туруктуу комиссиясы |
4 | Жазы айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана айлана чөйрөнү тазалоо боюнча жүргүзүлгөн иштери жөнүндө |
| Айыл чарба, энергетика, курулуш, соода, транспорт боюнча туруктуу комиссиясы |
5 | Жазы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 айында аткарылган иштери жөнүндө отчету | 3 квартал | Туруктуу комиссиялар |
6 | “Мөлтүр Булак” СПСнын 2017-жылдын 9 айында калкты таза суу менен камсыз кылууда аткарган иштери жөнүндө |
| Туруктуу комиссиялар |
7 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрь “Кыргыз Республикасында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реаблитациялоонун мамлекеттик базалык программасын бекитүү жөнүндөгү №560 токтомун” ишке ашырууда Жазы айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | 4 квартал | Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясы |
8 | Кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндө |
| Айылдык Кенештин жоопту катчысы |
Жооптуу катчы | Х. Тайтокурова |