Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 01-10/8
Баткен шаарынын инфраструктурасын 2017-жыл ичинде өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорунун иш чарасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2011-жылдын 11-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 3-пункутуна жана Баткен шаар мэриясынын 2017-жыл ичинде шаардын инфраструктурасын өстүрүүгө багытталган иш чарасын карап чыккан, туруктуу комиссиялардын аныктамаларынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын 2017-жыл ичинде инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган Баткен шаар мэриясынын иш чарасы бекитилсин. (иш чара тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |
| Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 01-10/8 токтомуна № 1 тиркеме |
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылануучу 2017-жыл ичинде Баткен шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго өзгөртүү жана толуктоолор менен сунушталган
ИШ ЧАРАСЫ
№
| Каржылануучу иш чаранын аталышы | Чыгаша статьясы | Чыгаша суммасы (мин. сом менен) | эскертүү |
1. | 2. | 3. | 4. | 5. |
СТИМГРАНТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТЕН КАРЖЫЛАНУУЧУ ИШ ЧАРАЛАР | ||||
1 | К.Турмаматов көчөсүнө сугат ноолорун орнотуу жана тротуар куруу | 3111 | 5 543 210 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомунун жана Баткен шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы №85, №87 токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине сунушталган. Бүгүнкү күндө Баткен облустук архитектура жана шаар куруу башкармасы тарабынан бүтүмдөрү алынып, долбоору “Ошпроектстрой” ЖЧК тарабынан даярдалган. Анын негизинде шаар мэриясы тарабынан каржы министирлигинин стимгрантка сунушталуучу долбоорлорду кабыл алуу боюнча атайын порталына киргизилген. Долбоордун жалпы суммасы 5 543 210 сомду түзөт. |
2 543 210 жерг. бюдж. | ||||
2 | И.Жусупов көчөсүнө сугат ноолорун орнотуу жана тротуар куруу | 3111 | 6 025 538 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомунун жана Баткен шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы №85, №87 токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине сунушталган. Бүгүнкү күндө Баткен облустук архитектура жана шаар куруу башкармасы тарабынан бүтүмдөрү алынып, долбоору “Ошпроектстрой” ЖЧК тарабынан даярдалган. Анын негизинде шаар мэриясы тарабынан каржы министирлигинин стимгрантка сунушталуучу долбоорлорду кабыл алуу боюнча атайын порталына киргизилген. Долбоордун жалпы суммасы 6 025 538 сомду түзөт. |
3 025 538 жерг. бюдж. | ||||
3 | Баткен шаарынын М.Салихов көчөсүнө түн жарыктандыруу каражаттарын орнотуу | 3111 | 2 546 446 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомунун жана Баткен шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы №85, №87 токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине сунушталган. Бүгүнкү күндө Баткен облустук архитектура жана шаар куруу башкармасы тарабынан бүтүмдөрү алынып, долбоору “Ошпроектстрой” ЖЧК тарабынан даярдалган. Анын негизинде шаар мэриясы тарабынан каржы министирлигинин стимгрантка сунушталуучу долбоорлорду кабыл алуу боюнча атайын порталына киргизилген. Долбоордун жалпы суммасы 2 546 446 сомду түзөт. |
1 406 446 жерг. бюдж | ||||
| Бардыгы |
| 7 140 000 | Стимгрант |
6 975 194 | Жергиликтүү бюджет | |||
ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТЕН КАРЖЫЛАНУУЧУ ПРИОРИТЕТТҮҮ ИШ ЧАРАЛАР | ||||
4 | Кызыл-Жол кварталындагы курулуп жаткан спорт залдын чатырын жабуу иштерин каржылоо | 3111 | 921 000 | Бул ишчара элдин демилгесин КР Президентинин колдоосу менен 2014-жылы башталган. Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен 3.0 млн, элдин каражаты 2.0 млн болуп, жалпы 5.0 млн сомдук жумуштар аткарылган. Которулган каражаттарды жумшалышы Баткен облустук капиталдык курулуш башкармасы тарабынан жүргүзүлүп жатат. Долбоордун сметалык суммасы 19.6 млн сом. |
5 | Борбордук стадионго муниципалдык кичи футбол аянтчасын куруу Анын ичинде: долбоорун даярдоого | 3111
2215 | 2 200 000
(200 000) | КР нын футбол федерациясынын генералдык секратарынын 2016-жылдын 25-майдагы №403 катынын негизинде Баткен борбордук стадиондун күн батыш тарабына эки кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер тилкеси 2016-жылдын 10-ноябрында Баткен шаардык кеңешинин №74 токтому менен жер тилкесин бөлүп берүүгө уруксаат берилген. Эгерде Федерация тарабынан футбол аянтчасынын курулушу жүргүзүлбөсө Муниципалдык департаменти футбол аянтачасы курулушун жүргүзөт. |
6 | Ж.Бөкөнбаев мектебинин ашканасынын сантехникасын, саркынды суулар түтүгүн жана септигин куруу | 3111 | 646 000 | Бүгүнкү күндө “Хан-Кен” ЖЧКсы тарабынан жумуштар жүрүп жатат. Келишимде белгиленген акча каражаты толук төлөнүп бериле элек. |
7 | Темир бетон электр мамыларын сатып алуу. (100 даана) | 3112 | 842 000 | 2016-жылы порталга жарыяланган конкурстун жыйынтыгы менен “Баткен Энергострой” ишканасы жеңүүчү деп табылган. Акча каражаты которулбагандыгына байланыштуу электр мамылары сатылып алына элек. |
8 | Шаардын көчөлөрүндөгү таштандыларды, агын суу ноолорун тазалоого жана парктардын тазалыгын сактоо үчүн | 2215 | 3 750 000 | “Баткен Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын эмгек акысы жана өндүрүштүк муктаждыгын каржылоо |
9 | Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүнө “Баткен согушунун Катышуучулары” үчүн эстелик орнотуу | 3111 | 200 000 | Баткен согушуна катышуучулардын уюмунун берген катынын негизинде |
10 | Борбордук аянттагы Мамлекеттик Желектин айланасын көрктөндүрүү иштерине каражат бөлүп берүү
Анын ичинде: долбоорун даярдоого | 3111
2215 | 455 000
(60 000) | Баткен облусунун мамлекеттик Администрациясынын бет маңдайындагы флаг штоктун айланасын архитектуралык дизайнерлөө максатында |
11 | Мэрия имаратынын ичиндеги тепкичтеринин кафелдерин алмаштырууга каражат бөлүү | 2221 | 70 000 | Порталга жарыялоо, долбоорун даярдоо, ремонт иштерин уюштуруу, ишке ашыруу. |
12 | Баткен шаарынын мэриясынын имаратынын жылытуу системасын жана от казанын капиталдык ремонттоо | 2221 | 300 000 | Порталга жарыялоо, долбоорун даярдоо, ремонт иштерин уюштуруу, ишке ашыруу. Мэрия имаратынын жылытуу системасы толук кандуу иштебейт. Кыш мезгилинде адистердин ден соолугуна кооптуу абал жаралып жатат. |
13 | Шаар ичиндеги парктарга 50 даана отургучтарды сатып алуу | 3111 | 325 000 | Порталга жарыялоо, долбоорун даярдоо, ремонт иштерин уюштуруу, ишке ашыруу. |
14 | Мэриянын жыйындар залына отургучтарды сатып алууга каражат бөлүү | 2222 | 305 000 | Порталга жарыялоо, долбоорун даярдоо, ремонт иштерин уюштуруу, ишке ашыруу. Актовый залга жыйындардыөткөрүү боюнча 150 орундуу отургучтарды жана трибуна, стол сатып алуу үчүн |
15 | Баткен шаарынын Булак-Башы кварталынын кеңсе имаратын куруу.
Анын ичинде: Долбоорун даярдоого | 3111
2215 | 500 000
(80 000) | Шаар ичиндеги кварталдарга кеңселерди куруп, элдерди тейлөө жакшыртуу максатында. (АПУ, ДСД, ж.б долбоордук докуметтери менен кошо) |
16 | Тазалык ишканасына “Портер” үлгүсүндөгү эки автоунаасын сатып алуу каражат бөлүү | 3112 | 600 000 | Тазалык ишканасынын ишмердүүлүгүн алдыга жылдырып шаар ичиндеги таштандыларды тазалоо максатында |
17 | Шаардын ички көчөлөрүнө шагыл төшөөгө каражат бөлүү | 3111 | 400 000 | Шаар инфраструктурасын жакшыртуу үчүн |
18 | Шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү | 3111 | 300 000 | арча, гүл көчөттөрүн сатып алуу |
19 | Светофорлорду тейлөө | 2215 | 150 000 | Светофорлордун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу |
20 | Мэрия имаратынын ичиндеги электр жабдууларын алмаштыруу | 2222 | 100 000 | Порталга жарыялоо, долбоорун даярдоо, ремонт иштерин уюштуруу, ишке ашыруу. |
21 | Шаардын көчөлөрүнө 50 даана темир жана азбецтоцементный түтүкчөлөрдү ( Д/300 мм) сатып алуу | 2222 | 200 000 | Шаар көчөлөрүнүн кесилишиндеги арыктарга трубаларды орнотуп жолдорду оңдоо |
22 | Жеңиш паркынын К.Сабыров көчөсү тарабынын тосмосун жаңылоо
Анын ичинен: Долбоорун даярдоого | 3111
2215 | 790 000
(80 000) | Шаарды көрктөндүрүү максатында |
23 | ЕБРР долбоорун ишке ашыруу б/ча 1 штаттык кызмат ордун ачуу | 2215 | 280 000 | ЕБРР долбоору боюнча инженердик техникалык көзөмөлдөө үчүн |
24 | “Газпром” компаниясы тарабынан спорт комплекс курулуучу жер аянттын үлүш ээлеринин документ иштерин бүтүрүү үчүн | 2215 | 300 000 |
|
25 | Кызыл-Дөң кварталына бала-бакча куруу үчүн долбоорун даярдоо | 2215 | 100 000 | Порталга жарыялоо. Долбоорду даярдоо. Ак-Таш участкасындагы соц.объектилерге калтырылган жерге. |
26 | Чет-Булак кварталындагы С.Огата орто мектебинин айланасын тосуу | 3111 | 896 494 |
|
27 | Т.Файзуллаев, Молодежная, Муса-Кадыр көчөлөрүнө жарыктандыруу жабдууларын сатып алуу | 2222 | 130 000 |
|
28 | Мэрияга кызматтык автоунаа сатып алуу | 3112 | 750 000 |
|
29 | №3 орто мектепке күзөткана куруу
Анын ичинен: Долбоорун даярдоого | 3111
2215 | 88 060
(25 000) | Негиз: №3 мектептин директору М.Жапарованын сунушу |
30 | В.И.Ленин орто мектебинин 1-кабатына желим терезелерди сатып алуу | 3111 | 233 426 | Негиз: В.И.Ленин орто мектептин директору М.Маккамбаеванын сунушу |
31 | Баткен шаардык салык кызматынын имаратынын алдын ремонттоо | 3111 | 120 000 | Негиз: Баткен шаардык салык кызматынын сунушу |
32 | Жайыт комитетине АРИС долбоору б/ча алынуучу эксковаторго кошумча акча каражат бөлүп берүү | 3112 | 650 000 | АРИС долбоорунун колдоосу менен жайыт комитетине сатылып алынуучу экскваторго кошумча 10 % өздүк салым. Сатып алынуучу техника муниципалдык менчикке алынат. |
33 | Кызыл-Жол башталгыч мектебине жана С.Огата орто мектебине көмүр сактоо үчүн 2 даана контейнер сатып алуу | 3112 | 160 000 | 2017-2018-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык |
34 | УАМС Катышуучуларынын “Жеңиш” эстелигин реставрациялоо | 2215 | 200 000 |
|
35 | Иш чараларды долбоорлоо | 2215 | 500 000 | Стимгрантка сунушталуучу жана башка долбоорлорду даядоо үчүн |
36 | В.И.Ленин орто мектебинин ремонттоо | 2215 | 150 000 | МЕРСИКО уюму тарабынан каржылануучу долбоорго колдоо көрсөтүү (өздүк салым) |
| Бардыгы |
| 17 611 980 |
|