Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 01-10/12
Баткен шаар мэриясынын алдындагы курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссиясы жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2011-жылдын 11-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пункутуна, 18-берененин 15-пункутана ылайык Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаар мэриясынын алдындагы курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссиясы жөнүндө жобосу бекитилсин. (жобо тиркелет)
2. Бекитилген комиссия курамы каралган маселелер үчүн берген добушуна жоопкерчиликтүү экендиги эскертилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына М.Добутов тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |
| Баткен шаардык Кеңештин VI чакырылышынын Кезектеги III сессиясынын №01-10/12 токтомунун тиркемеси |
Баткен шаарнын мэриясынын алдындагы курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссиясы жөнүндө
1. Жалпы жоболор
Баткен шаарынын мэриясына караштуу калктуу конуштарында жер участокторуна укуктарды берүү иш аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн курулуш куру жана жер пайдалануу боюнча комиссия түзүлөт (мындан ары-Комиссия).
Курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссия өзүнүн ишмердигин кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-фебралындагы № 57 Токтому менен бекитилген «Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» Ушул жобого, жана Комиссиянынын ишмердиги белгилүү эрежелерге жана тартипке келтирүүчү Шаардык кеңеш тарабынан тастыкталган ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзөт.
2. Комиссияны түзүү тартиби
Комиссияныны курамын Мэрдин сунушу менен шаардык кеңеши бекитет.
Комиссиянын төрагасы болуп I вице мэридин жооптуу катчысы (же мэриянын башка бир жетекчи адиси же жооптуу кызматчысы) саналат.
Комиссиянын төрагасынын орун басары болуп төмөнкүлөр саналат.
-Баткен областык шаар курулуш архитектуралыгын башкармалыгы башчысы (же башчынын орун басары же аталган Баткен шаарыны тейлеген архитектуранын тиешелүү адиси)
-райондук Госрегистирдин башчысы (же башчынын орун басары же аталган Баткен шаарынын тейлеген райондук Госрегистирдин тиешелүү адиси)
Комиссиянын курамына төмөндөгү мекемелердин жана уюумдардын өкүлөдрү кирет:
-шаар мэриясынын өнөр жай курулуш,айыл чарба секторунун башчысы
-шаар мэриясынын айыл чарба жер маселелер боюнча жетекчи адис (же мэриянын алдындагы Муниципалдык менчигин башкаруу боюнча жетекчи адис)
-шаардык Кеңештин 3 депутаты:
-АТО башчылары