Редакцияот 09.11.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Токмок шаардык кеңешинин II чакырылышынын VI сессиясы

2012-жылдын 9-ноябры № 33/6-3

Токмок шаарынын 145-жылдыгын

өткөрүүгө акча каражат бөлүү  жөнүндө

 

Токмок шаарынын мэриясынын өтүнүч катын карап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып, туруктуу депутаттык комиссиянын чечиминин негизинде Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаарынын каржы бөлүмүнүн башчысы тарабынан (Котко Н.Т.) Токмок шаарынын 145-жылдыгын өткөрүүгө чыгымдар сметасына ылайык 1150300 (бир миллион жүз элүү миң үч жүз) сом суммасында акча каражат издеп таап жана бөлүнсүн (тиркеме).

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаарынын биринчи вице – мэрине жана Токмок шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Токмок шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Р. Таманбаев

 

 

Токмок шаардык Кеңешинин

№33/6-3 2012-ж. 9 ноябрдын

токтомуна тиркеме

 

Уюштуруу комитетинин 05.11.2012-ж. протоколу

менен бекитилди Жыйынтыктоо сметасы

 

№ к/э

Уюм

Иш-чаралар

Суммасы (сом)

 

КИК

Токмок ш. ыңгайлаштырууга чыгымдар.

83710

 

ММБ

Токмок ш. мэриясын учурдагы оңдоого жана жабдууга ММБнын чыгашалар сметасы.

299000

 

Токмок ш. мэриясы

Токмок ш. 145 жылдыгын майрамдоону өткөрүү боюнча мэриянын чыгашалар сметасы.

190050

 

Маданият бөлүмү

Токмок ш. 145 жылдыгын майрамдоону өткөрүү боюнча маданият бөлүмүнүн чыгашалар сметасы.

577540

 

Бардыгы

 

1150300