Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2015-жылдын 22-июну № 389
«Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституцясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Т. А. Сариев |
«Күрөө жөнүндө» Кьгргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377 бер.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын: «Ипотека күрөөсү - менчик ээсинин төмөнкүлөргө укуктуулугун ырастоочу документтик ордердик баалуу кагаз:
- бул милдеттенмелердин бар экенин аныктаган башка далил көрсөтпөстөн, ипотека менен камсыздалган акчалай милдеттенме боюнча аткарууну алууга;