Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-июлу № 24/1
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 6 айлыгынын
аткарылышы боюнча маалыматы жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2015-жылдын 6 айлыгынын аткарылышы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровдун 2015-жылдын 6 айында аткарган иш аракеттери канааттандырарлык деп белгиленсин.
Т. Кулатов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Ажибаев |
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 6 айында социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн иш-чара планынын аткарылышы жөнүндө
Биздин Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 20-мартындагы «Жергиликтүү мамлекеттин администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын жооп керчилигин жогорулатуу жөнүндөгү чаралары» жөнүндөгү указынын негизинде жана Кыргыз Өкмөтүнүн 1996-жыл 24-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарына айыл өкмөтүн түзүү» жөнүндөгү №187 токтомун ишке ашыруу максатында 1996-жылы июнь айында Төрөбай Кулатов атындагы айылдык кеёешинин базасында биздин Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтү түзүлгөн.
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтү чыгыш тарабынан Көк-Жар, түндүктөн Төөлөс, батыштан Ынтымак айыл өкмөттөрү менен ал эми Түндүк-батыш тараптан Баткен облусунун Кызыл-Кия шаары менен чектешет. Климаты кескин континенталдуу жайы ысык, кышы өзгөчө суук, жеринин рельфиаралаш, Айыл өкмөтүнүн маданиятынын, социалдыка балынын жана экономикасынын өнүгүшүнө жер шартынын географиялык абалына ыёгайлашкан.
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтү Ноокат районунун борборунан 45км, ал эми Ош облусунун борборунан 90км аралыкта түндүк батыш тарабында жайгашкан.
Айыл өкмөтүнүн жалпы аянты 28323 чарчы км түзөт Т. Кулатов атындагы айылдык аймагында курамында каттоодон өткөн беш айыл: «Кожо-Арык», «Кош-Дөбө», «Ак-Чал», «Кызыл-Булак», «Баглан» айылдары кирип, жалпы калкынын саны-19036 адам жашайт, кожолук саны 3454. Айыл өкмөтүнүн калкынын эркектери-9447 аялдары-9589 түзөт ал эми улуттук курамы боюнча негизинен кыргыздар жашайт.
Бүгүнкү күндө биздин айылдын аймагында-билим берүүчү орто мектеп,-1 толук эмес орто мектеп, 2 балдар бакчасы, 1- борборлоштурулган оорукана, -1./й-бүлөөлүк даарыгерлер тобу,-5 ФАП, 1-Маданият үйү.-1 клуб, 1-Спорт комплекси,-2-Китепкана, 1 музей жана башка кайра иштетүү боюнча чакан цехтер элге кызмат кылууда.
Т. Кулатов айылдык аймагы жаратылыш кен байлыктарына өтө бай айылдык аймак болуп саналат атап айтсак көмүр, Извесиняк, Гипс, Уран, Алтын, Кумуш, Сымап ж.б.
Жогорудагы кен байлыктардан азыркы учурда биздин айыл өкмөтүнө эё чоё пайда берип жатканы курулуш материалы болуп саналган цементин негизин түзгөн извесняк болуп саналат.
Ошонун негизинде биздин айылдык аймакта жабык типгеги акционердик коому «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ишканасы курулуп анын натыйжасы менен биздин айыл өкмөтүнүн бюджети көбөйүп 2015-жылы айыл өкмөтүнүн бюджети план боюнча 32 млн.897 300 сом болсо 6 айлык план 8млн. 790600 сомго ашыгы менен аткарылды.
2015-жылдын 6 айындагы салыктар жана жыйымдардын топтолушу тууралуу маалымат:
1.Ижара КБФ- план 262,4 аткарылганы -252,8
2. Жер салыгы план-298,3 аткарылганы 389,7
3. Айыл чарба эсем багыт.жар салыгы план 670,0 аткарылганы-645,8
4.Тамарка салыгы план-228,0 аткарылганы- 197,3
5. Кыймылсыз мүлккө салык план-152,0 аткарылганы-148,2
6. Кыймылдуу мүлккө салык план-353,8 аткарылганы 342,2
7.Ыктыярдуу патент план-289,1 аткарылганы-325,8
8. Милдеттүү патент план-16,6 аткарылганы-8,5
9. Таштанды салыгы план- 156,0 аткарылганы – 346,3
Жалпы салык түрлөрү боюнча 6 ай ичинде 109,5 % аткарылды.
Бюджет боюнча маалымат
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү негизинен агрардык айыл өкмөтү болуп эсептелет, айыл-чарбасы биздин экономикабыздын негизин түзөт.
Жалпы айыл-чарба багытындагы жерлер – 18 403 га,
Анын ичинен жалпы айдоо – 2741 га.
Анын ичинен:
- сугат – 1023,
- кайрак 1718,
-көп жылдык бак– 141 га.
Жалпы жайыт – 120 158 га.
Анын ичинен:
-жакынкы – 7 348 га,
алыскысы – 4 687 га.
Калктуу конуштар – 0,45 га,
Жана башка жерлер – 2 561 га,
Саздак жерлер – 11 га,
кустарниктер–248 га.
Кайра бөлүштүрүү фондунун жана үлүштүк жерлердин бөлүнүшү жөнүндө айта турган болсок.
Т,Кулатоватындагы айылдык аймагында жалпы КБФ жерлери– 684 га
Анын ичинен:
- айдоосу – 647 га
- суулуу – 278 га
- кайрак – 369 га
- бак – 37 га
Элдин үлүштүк жерлери:
Бардыгы: 2194 га
Айдоосу: 2094 га
Аныничинен:
Суулуусу: - 745 га
Кайрак–1349 га
Бак – 98 га
2015-жылга эпизоотиялык ветеринардык иштерди аткаруу боюнча маалымат:
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында 1.01.2015-жылга карата:
4179 баш кара мал
7019 баш кой
5315 баш эчки
798 баш жылкы
7426 баш үй канаттуулары
177 баш эшек
700 баш ит-мышык
катталган. Бул малдарды эпизотиялык ооруларга каршы ветеринардык кызмат көрсөтүүдө эки ветсервис «Абшыр-Ата» жана «Кызыл-Булак» жана бир уйларды жасалма жол менен куудуруу пункту иштөөдө. Аларды төрт ветеринардык адис тейлөөдө- эки жогорку жана эки атайын орто билимдүү адистер.
Айыл өкмөтүнүн аймагында эпизоотиялык иш-планга негиз жугуштуу ооруулардын алдын алуу максатында: Сибирь жарасы ооруусуна каршы 173 баш жылкы, 5978 баш кой эчки, шарп (яшур) оорусуна 4108 баш кара мал, карасанга 2864 баш кара мал, оспага (чечек) оорусуна каршы 2981 баш кой эчки, чумага оорусуна 7953 баш тоок, кутурма оорусуна 217 баш ит мышык Фациллез (боор курт), диктекауллез,дикроцеллез жана башка паразитардык ооруларга каршы ар квартал сайын 500 баш кара мал, 4720 баш кой эчки дегелминтизациядан өткөрүлдү.
Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жөнүндө:
Биздин айылдык аймакта жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жаатында бир топ алгылыктуу иштер аткарылып келүүдө:
Алты ай ичинде биздин айылдык аймагыбызда 400 дана алма,1600 түп терек, 400 түп роза гүл көчөтү отургузулду. .Андан тышкары айыл өкмөтүндөгү бардык мектептерге жалпы суммасы 240 000 сомдук ар түрдүү көчөттөр алынып берилди.
Социалдык тармактар боюнча:
2015-жылга карата айылдык аймактын калкынын саны 19036 адамга жетип, былтыркы жылга салыштырмалуу 414 адамга көбөйгөн. Жарандык абалдын актылары боюнча 6 ай ичинде туулгандыгы тууралуу күбөлүк 270 ге жетип, былтыркы жылга салыштырмалуу 6 наристеге көп төрөлгөн.Атайын мамлекеттик каттоодон өткөн никеге турган жаш үй-бүлөлөрдүн саны 91,ал эми өлгөндөрдүн 48 адамды түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 8 адамга аз катталган. Бул болсо калкыбыздын санынын жылдан жылга өсүп, экономикабыз жакшырып бара жаткандыгынын белгиси.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө жогорку органдардан келген буйруктар жана токтомдор мыйзамдар укуктук ченемдик актылар өз убагында аткарылууда.2015-жылы айыл өкмөтүнө жогорку органдардан 54 буйрук, 19 токтом жана 275 каттар келип катталып жалпысынан бары аткаруруга алынган.
2015-жылдын 6 айында айыл өкмөтүнөн 137 буйрук,74 токтом чыкты,ал эми башка жактарга 492 кат жиберилди.
Ал эми айылдык Кенештин 4 сессиясын өткөрүп, айылдык кенештин депутаттары кабыл алган 27 токтомду Ош облустук юстиция башкармалыгынан өткөрүлдү.
2015-жылы айыл өкмөтүнө жалпысынан 384 арыз катталган, анын ичинен 161 арыз материалдык жардам сураган, 121 арыз жер маселеси боюнча, ал эми 102 си мекеме ишканалардан келип түшкөн.Ушул күнгө чейин элдерге үй-бүлөсү тууралуу 7154 аныктама берилди.
Билим берүү тармагында аткарылып жаткан иштер:
Биздин айылдык аймагыбызда 10 мектеп, анын ичинен 8 орто мектеп, 1 толук эмес мектеп, 1 лицей бар.
Алардын ичинен 9 мектеп биздин жергиликтүү бюджеттен каржыланса, 1 лицей республикалык бюджеттен каржыланат.
Мындан сырткары айылдык аймакта эки балдар бакчасы да бар. Айылдык аймактагы мектептерге жана балдар бакчаларына айыл өкмөтү тарабынан колдоо көрсөтүлүп келүүдө.
Айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттен мектептердин ремонтуна жана башка иштерине төмөндөкүдөй акча каражатын сарптады.
2015-жыл үчүн Т.Бекиев атындагы орто мектепке бастырма куруу үчүн 486 000 сом ;
2015-жыл Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин айланасынын тосмосуна 443 000 сом;
2015-жыл үчүн К.Колдошов атындагы орто мектебинин ашканасын курууга 463 000 сом;
2015-жыл Т.Айбашов атындагы орто мектебине суу түтүкчөлөрүн киргизүү үчүн 175 000 сом;
2015-жыл Кулуштан орто мектебинин спорт аянтчасына 400 000 сом;
2015-жыл Баглан орто мектебинин тосмосун курууга 292320 сом;
Арык-Тейит-нуру балдар бакчасына долбоордун негизинде 152 000 сом;
Кудайбердиев атындагы лицейдин туалетин куруу үчүн 250 000 сом;.
Социалдык жактан коргоо жана камсыздоо багытында:
1. Жөлөк пул чегерүү жөнүндө социалдык маселелер боюнча комиссиясы 10 жолу отурум өткөзүп 276 үй-бүлөнүн арызы каралды. 209 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жөлөк пул чегерүү боюнча токтом кабыл алынып, алардын тийиштүү документтерин толтурулду жана Ноокат райондук мамлекеттик өнүгүү башкармалыгына сунуш кылынды.
2. Арыз менен кайрылган жардамга муктаж адамдардын арыздарын кароо боюнча социалдык маселелер боюнча комиссиясы 11 жолу отурум өткөзүп, жардам көрсөтүү боюнча 11 токтом кабыл алынды.
3. Социалдык коргоо статьясынан 151 000 сом бөлүнүп анын ичинен:
А). Балдар күнүнө 30.000 (отуз миё) сом, демөөрчүлөрдөн 20800 (жыйырма миё сегиз жүз сом) жалпы 50800 акча каражаты жумшалып, ата-энесинен ажыраган жетим, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына 300 сомдон акча таркатылып берилди.
Б) 20 000 сом Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине, ЧАЭС тин катышуучуларына 10 000 сом.
В) 44 000 сом арыз менен кайрылган жарандарга, калганы кургак учук менен ооругандарга жана Жети Өгүз пансионатына дарыланууга жол кире.
4. Энелер күнүнө 10.000 (он миё) сом жумшалды.
5. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 25 окуучу Чыёгараев атындагы лагерде эс алып келишти.
6. Тылда эмгектендерге 114 ардагерге 400сомдон 45 600 сом таркатылып берилди.
7. Мавлянова Махабаттын мектеп окуучуларына берген 100.000 сом стипендиясы мектептерге бөлүнүп берилди.
8. 173 400 сом резервдик фонддон арыз менен кайрылган жарандардын маселелерин чечүүгө бөлүнүп берилди
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен «Экономиканы бекемдөө жылына» карата аткарылган иштер.
Кожо-Арык, Апшыр-Сай айылдарындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Шайбеков Орозмат көчөсүнө,Кызыл бөлүмүндөгү ички көчөсү менен Т.Имаров көчөсүнө,Абшыр-Сай бөлүмүнүн ички көчөлөрүнө шагал төшөлүп берлиди.Абшыр-Сай аялдамасы курулуп берилди.Шаран-Сай бөлүмүнө 50 м d 220,Бөкөмбаев атындагы орто мектебине 8 м d220 труба орнотулду.Шаран-Сай селканасына 150 даана габион сетка тизилип бүттү.Абшыр-Сай айылынын жашоочуларына суу алып өтүү үчүн 400 м d 110 шлангасы коюулуп берилди.Ал эми Кайрагач бөлүмүнө кетүүчү канады 700 метр талап бердик.
Ак-Терек, Кош-Дөбө айылындарында 35 метр аралыкка труба койулду.Кош-Дөбө айылынын жамаатына 22 000 (жыйырма эки мин) сомдук стол жасатып берилди.Ал эми меморандумдун негизинде селкана тазаланды.
Ак-Чал айылынын Кайрыма жаны конушунун жолун суу жеп кеткендигине байланыштуу арматуура төшөп бетондолду жергиликтүү бюджеттен 35 000 сом акча каржаты жумшалды..Кышкы мезгилде Ак-Чал айылынын үстү жагынан өтүүчү Ходжа каналы каттуу сууктан ташкындап кеткендигине бюайланыштуу 300 метр аралык тазаланды.Арык-Тейит балдар бакчасына 2 КАМАЗ таза шагал жана 16 метр 200 мм.труба жана 2 тонна цемент берилди.Арык-Тейит мечитине жана Т.Айбашов орто мектебине өтүүчү ички арыкка 12 мерт 300 мм труба алынып келинип коюлду.
Ак-Чал, Сарыбай айылдарына 43 метр 220 мм труба алынып келип койдуруп бердик. Март айында Кызыл-Булак айылынын Тилла-Сай селканасы 2 жолу «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык акционердик коомунун жардамы менен 470 метр аралык тазаланды.Ак-Чал айлынын жаштарынын демилгеси менен курулуп жаткан, волейбол аянтчасынын тосмосуна 2 тонна цемент берилди.Ак-Чал, Тилла-Сай айылдарына 2 аялдама курулду.
Кызыл-Булак,Баглан, Таш-Булак айылдарына Алтын Чайкаган айылына 1 трансформатор орнотулду.Таканай айылына бир темир труба орнотулду. Куумайдан жаны конушуна каналдан суу алуу үчүн 12 метр темир труба орнотулуп берилди. Алтын Чайкаган жаны конушуна 1000 метр электр чубалгысы берилди. Куумайдан айылына 90 орундуу балдар бакчасы тендерден өтүп курулуш иштери башталган. Куумайдан айылына 1 темир труба орнотулуп берилди.Таканай айылына 1 аялдама курулду. Куумайдан айылына 1 аялдама курулду. Баглан айылында дрендерге 2 жерге темир-бетон трубалар орнотулду.Баглан айылындагы ФАПтын айланасы 44 метр темир тосмо менен тосулду.Таш-Булак айылынын ФАП ка туалет курулду.Таш-Булак айылынын чөгүп бараткан ички жолуна шагал төшөлүп, арыктар бетондолду.Таш-Булак айылынын ички 1000 метр жолуна шагал төшөлдү.Баглан мектебинин тышын кайрадан шыбап, ремонттолду.Таш-Булак айылына 1 аялдама курулууда.Таш-Булак айылынын жолуна грейдер салынып тегизделди.Таш-Булак айылында Кулуштан орто мектебинин спорттук аянтчасын куруу иштери башталды.Таш-Булак айылынын ички жолдорунун 3 жерине 5 метрлик темир труба орнотулду.Баглан мектебинин айланасы темир тосмо менен тосулду.
Маданият тармагы боюнча:
Айыл өкмөтүндө мааданият тармагын өнүктүрүү боюнча иш-чара иштелип чыгып, ал иш-чара планды аткаруу боюнча 2015-жылда төмөнкүдөй иштер аткарылды:
8-март аялдардын Эл аралык майрамын уюштуруп өткөрүүдө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 60 миё сом акча каражаты ажыратылып, айыл өкмөтүндөгү баатыр энелерге, айыл өкмөтүндө мурда иштеп, айыл өкмөтүнүн өнүгүүсүнө салым кошкон жана айыл өкмөтүнүн коомдук иштерине активдүү катышкан аялдарга «Адахан» кофесинде сыйлуу тамак берилип, алардын маанайын көтөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери концерт уюштуруп өткөрүштү.
21-март Нооруз майрамына карата айыл-айылдарда ар тараптуу кароо сынактар, ыр кеселер уюштурулуп, элдик көркөм өнөр ээлерин тартуу менен өткөрүлдү. Андан тышкры кароо сынактарда улуттук кийимдерге жана улуттук тамак-аштарга көёүл бөлүндү.Бул ишти ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 120 000 (бир жүз жыйырма ) миё сом бөлүндү.
Улуу жеништин 70-жылдыгына карата 4 согуштун ардагерлерине жергиликтүү бюджеттен 10 000 (он мин) сомдон, ал эми 114 ооруктагыларга 400 (төрт жүз ) сомдон берилди.Ошондой эле согушта курман болгондорго арналган меморалдык комплекстин ачылышы болуп, келген конокторго ысык тамак уюштурулду.
20-май Энелердин күнүн салтанаттуу белгилеп өткөрүү максатында айыл өкмөтүндөгү «Ардактуу энелерди» «Сахаба» эс алуу жайына алып бардык. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттен 10 миё сом акча каражаты сарпталды.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө коомдук уюмдар менен иштөө жакшы жолго коюлган. Айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борбору түзүлүп, борбор кылмыштын алдын алуу багытында жана кылмышты болтурбоо максатында иш-чара түзүп, ал иш-чараны аткарууга алууда коомдук уюмдар менен бмргеликте иш жүргүзүп келүүдө, бул иште жаштар коммитети, аялдар кеёеши,АДКлар, аксакалдар кеёеши, айрыкча аксакалдар соту Камчыев Кушбак төрагалыгында мактоого арзырлык иштерди жасашты. 2015-жылда31 18 жазуу жүзүндөгү айыл өкмөтүнүн жарандарынын арыздары аксакалдар сотунда каралып, адилеттүү чечилип берилди.
Инвестиция тартууда да айылдык аймагыбызда сезилерлик алдыга жылууулар болду.
1. Арык-Тейит-нуру балдар бакчасына долбоордун негизинде 150 000 сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 152 000 сом бөлүнүп берилди.
2. Ал эми ПРООН долбоору менен биргеликте маалымат технологиялык борборуна орг.техника алуу үчүн 120 000 сом ПРООН долбоорунан каржыланды.
3. Социалдык өнүгүү министрлигинин колдоосу менен учурдагы оор турмуштук кырдаалда калган балдарды жана үй-бүлөлөрдү убактылуу психикалык жактан колдоо максатында долбоордун негизинде 1 млн. сом бөлүнүп берилди.