Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-июлу № 24/4
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылына балдар бакчасын
куруу үчүн каралган жердеги тыттарды алуу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылынын арызын канааттандыруу максатында айылдык кенешинин жер аянттарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү жана өздөштүрүлгөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү комиссиясынын протоколун угуп жана талкуулап депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылындагытыт бактан балдар бакчасын куруу үчүн 0,60 га жер аянты мыйзам чегинде ажыратылып берилсин.
2. Балдар бакчасын куруу үчүн жер аянтын тактап,тыт бактагы кургап калган бак-дарактарды кыйдыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын Ноокат, Араван райондору боюнча башкармалыгынан суроо жагын айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т. Кулатов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Ажибаев |
Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин жер аянттарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү жана өздөштүрүлгөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясынын отурумунун
ПРОТОКОЛУ № 4.6
Кызыл-Булак айылы 30-февраль 2014-жыл.
Отурумга катышкан комиссиянын мүчөлөрү:
Комиссиянын төрагасы: М.Разаков-айылдык кенештин депутаты.
Катчысы: А.Жээнбаева-айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы.
мүчөлөрү:
Н.Мадимаров- айыл өкмөт башчы
Г.Абдуллаев- айыл өкмөтүнүн жер адиси
Р.Жунусов-айылдык кенештин депутаты
К.Рустамов- айылдык кенештин депутаты
Ш.Ахмедов-айылдык кенештин депутаты
Боркош уулу Д- айылдык кенештин депутаты
К.Камчиев-аксакалдар сотунун төрагасы
Ж.Паязов-Кожо-Арык айылынын айыл башчысы
Ө.Чодонова- Ак-Терек, Кош-Дөбө айылдарынын айыл башчысы
К.Маткаримов-Баглан, Таш-Булак, Кызыл-Булак айылдарынын айыл башчысы
Г.Абдуллаев-Ноокат райондук архитектурасынын жетектөөчү адиси
А.Ысманалиев-Ноокат райондук кыймылсыз мүлктөргө каттоо башкармасынын жетектөөчү адиси
Ж.Дарбишев-Ак-Чал айылынын жамаат башчысы
Күн тартибинде каралуучу маселе:
Ак-Чал айылына балдар бакчасын жана спорт аянтчасын, социалдык обьектилерди курууга жер ажыратуу жөнүндө.
Биринчи сөздү: Т.Кулатов айылдык кенештин депутаты жер боюнча комиссиясынын төрагасы, Ак-Чал айылынын жашоочусу Разаков Матусман төмөнкүлөргө токтолду.
Ак-Чал айылынын жашоочулары Ак-Чал айылына бала-бакча жана спорт аянттарын курууга айыл өкмөткө 180 адамдын колу коюлган арыз менен кайрылышкан. Бул арызды канааттандыруу үчүн жер комиссиясы Ак-Чал айылынын түндүк-батыш тарабындагы көп жылдык бак-дарактар жайгашкан жер аянты кайсы категорияда турарын тактоо үчүн Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасына Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-мартындагы № 135 каты менен кайрылганда алардын 2014-жылдын 31-мартындагы № 153-катында, № 3982 контурда 0,92 га калктуу конуш, № 3983 контурда 0,69 га калктуу конуш, № 3984 контурда 1,30 га калктуу конуштун жерлери болуп катталгандыгын көрсөтүшкөн. Анын ичинен 0,40 га жер аянтын балдар бакчасы үчүн 0,40 га жер аянтын спорт аянтчасын куруу үчүн калган 1,10 га жер аянтын социалдыкобьеттерди куруу үчүн калтырылсын.
Андан кийин жарыш сөзгө Ак-Чал айылынын тургуну Камчыев Мамашарип чыгып, азыркы мезгилде союз бузулуп бала-бакчалар кыскарып, жерлер калбай жаны бала-бакча куруу үчүн ушул тыт бактагы калктуу конушка калтырылган жерге бала-бакча, спорт аянтчасын, социалдык обьектерин курсак болот.
Андан кийин сөзгө айылдык кенештин депутаттары Базарбаев Нурали, Рахманкулов Заман Ак-Чал айылынын жашоочуларынын 180 адамдын колу менен кайрылган арызын колдойбуз жана Ак-Чал айылына бала- бакча курууга 0,40 га жер аянты жана спорт аянтчасын курууга 0,40 га жер аянты жана социалдык обьекттер куруу үчүн 1,10 га жер аянты калтырылсын деген ой пикирлерди айтышты.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин жер аянттарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү жана өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясы күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып
Чечим кылат:
Аныкталган Ак-Чал айылына караштуу № 3982 контурдагы 0,92 га калктуу конуш, № 3983 контурдагы 0,69 га калктуу конуш, № 3984 контурдагы 1,30 калктуу конуштардан Ак-Чал айылына балдар-бакча куруу үчүн 0,40 га спорт аянтчасын куруу үчүн 0,49 га жана социалдык обьектерди курууга 1,10 га жер аянтын ажыратып берилсин.
Ушул чечимди бекитип берүү жагы маселесин айылдык кенештин кезектеги сессиясына сунушталсын.
Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер аянттарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу,жерди ижарага берүү жана өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясына калтырылсын.