Редакцияот 23.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылыш кезектеги VII-сессия

 

2013-жылдын 23 майы №12

Жалал-Абад шаарындагы асфальтты казган юридикалык жана физикалык жактарга жамап-жасоо жумуштарынын төлөмүн бекитүү жөнүндө

Жалал-Абад шаардык кеңешине Жалал-Абад шаарынын мэриясынан келип түшкөн каты шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаарындагы асфальтты казган юридикалык жана физикалык жактарга жамап-жасоо жумуштарынын калькуляциясы 1-тиркемеге ылайык бекитилип, 2013-жылдын 1-июнь айынан тартып эсептелинсин.

2. Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментине жана шаардык жол башкармалыгына өз ишмердүүлүгүндө ушул токтом менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысынын м.а. Б. Беркбаевага милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Төрага

М. Тагаев

 

 

Шаардык кеңештин 23.05.2013 ж. VII- сессиясынын №12 токтомуна №1 тиркеме

 

Жалал-Абад шаарынын коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин калыңдыгы 5 (беш) см аянты 1 (бир) м 3 жерге

 

№

п/п

Жумуштардын аталышы

Өлчөм бирдиги

Саны

 Баасы

(сом)

Жалпы баасы

(сом)

1.

Асфальты бузуп жамап-жасоого даярдоо

м 2

1

150

150

2.

Асфальт төшөө жумуштарын аткаруу

м 2

1

80

80

3.

Транспорттук чыгымдар

тн.

0,120

2000

240

4.

Асфальттын баасы

тн

0,120

4500

540

 

Бардыгы:

 

 

 

1010

 

Соц.фонд 17,25%

 

 

 

40

 

Жалпы баасы:

 

 

 

1050

 

Жооптуу катчынын м.а.

Б. Беркбаева