Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII заседаниеси
2015-жылдын 6-апрели № 18/2
Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин курамын кайрадан түзүү боюнча 2015-жылдын 16-мартындагы № 1 протоколун бекитүү жөнүндө
Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин курамын кайрадан түзүү боюнча 2014-жылдын 16-мартындагы № 1 протоколунун негизинде А.Мамасалиев жайыт комитетинин төрагасы болуп кайрадан бекитилсин жана комитеттин курамы төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн. ( № 1 тиркеме тиркелет).
2. Айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин 2015-жылга карата түзүлгөн бюджети жана жайыттын төлөмү ар бир бодо малга 50 (элүү) сом, кой-эчкиге 10 ( он) сом, ал эми сырттан келген ар бир бодо малга 100 ( жүз) сом, кой-эчкиге 20 ( жыйырма) сом болуп белгиленсин. Жалпы бюджет 250 000 ( эки жүз элүү миң) сом өлчөмүндө бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Айыл аймагына сырттан келген кой-эчки, бодо малдар көзөмөлгө алынып, малдын ден-соолугу боюнча маалыматтар такталып, жайыт пайдалануучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жайыттык төлөмдөрдү тактоо боюнча жеткиликтүү иш-чаралар жүргүзүлсүн.
4. Айыл аймагында жайыт комитети өз иш аракетин жайыт пайдалануучулар менен Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамына жана айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин типтүү жобосуна ылайык иш алып барышсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы А.Мамасалиевге жана айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистерине милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Өмүрзаковго жүктөлсүн.
Жошолу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Иманахунов |
| Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII заседаниесинин № 18/2 токтомуна № 1 тиркеме |
Жошолу айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин курамы:
1. Мамасалиев Алмаз –жайыт комитетинин төрагасы,
2. Өмүрзаков Жүрсүнбек -айыл өкмөттүн башчысы
3. Иманахунов Абдимажит -айылдык кеңештин төрагасы
4. Эрмаматов Нурбек -Коммунизм айылынын а\ башчысы
5. Адишов Болот - Орто-Суу айылынын а\башчысы
6. Кыдыров Нияз -Миязды айылынын а\башчысы
7. Зулпукаров Айбек - Осоавиахим айылынын а\башчысы
8. Турганбаев Шарип -Аюу-Тапан айылынын а\башчысы
9. Жолдошев Эркинбек - Ленин-Жол айылынын а\башчысы
10. Бакиров Жакып -айылдык кенештин депутаты
11. Айдаров Чубакбек -айылдык кенештин депутаты
12. Аттокуров Нуркамил -айылдык кенештин депутаты
13. Шамшиев Маматкабыл -айылдык кенештин депутаты.