Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-январы № XI-1
“Төө-Моюн айыл аймагынын ардактуу жараны жөнүндөгү” Жобо жана айылдык аймактын ардактуу жараны наамы ыйгарылуучу жаранга берилүүчү төш белгинин үлгүсү тууралуу
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин төрагасынын маалыматын талкуулап чыгып, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну мындан ары өнүктүрүү, жергиликтүү маселелерди чечүү, айылдык аймакты мындан ары ар тараптан өркүндөтүү жараянына (процесстерине) алардын катышуусун активдештирүүгө моралдык жактан түрткү берүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз жана депутаттардын сунуштарын эске алып айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Төө-Моюн айылдык аймагынын ардактуу жараны” жөнүндө Жобо алымча, кошумчалары менен бекитилсин. (Жобо тиркелет. Тиркеме № 1).
2.”Төө-Моюн айылдык аймагынын ардактуу жараны “наамы ыйгарылган жаранга берилүүчү төш белгинин үлгүсү бекитилсин. (Төш белгинин үлгүсү тиркелет. Тиркеме №2).
3.Төш белгилерди, күбөлүктөрдү даярдоого зарыл болгон акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылансын. 2014-жылдын бюджетинин долбоорун түзүүдө аталган чыгымдарды эске алуу айыл өкмөтүнүн ФЭБнин башчысы А.Дубанаевке жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыров
|
| Тиркеме №1. Төө-Моюн айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI ессиясынын 2014-жылдын 14-январындагы № XI-1- токтому менен менен бекитилди. |
I Жалпы жоболор
II.”Төө-Моюн айыл аймагынын ардактуу жараны” наамына талапкерлерди көрсөтүү жана ыйгаруу тартиби. . III.Айылдын ардактуу жарандарына сыйлыкты тапшыруунун тартиби.
I. Жалпы жоболор.
1. Жарандардын Төө-Моюн айыл аймагынын социалдык-экономикалык, маданий жактан өнүгүп өсүшүнө, аймакта мыйзамдуулуктун, адеп-ахлактын принциптерин орнотууга сиңирген өзгөчө эмгегин таануу, баалоо жана сыйлоо максатында “Айыл аймагынын ардактуу жараны” наамы уюштурулат.
2.”Айыл аймагынын ардактуу жараны” наамы айылдык кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет элдик жарандарга Жобонун 1-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык ыйгарылат жана кайра чакыртып алынышына жол берилбейт.
3.”Айыл аймагынын ардактуу жараны” наамы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерине, Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогорку кызмат адамдарына ыйгарылбайт.
4.”Айыл аймагынын ардактуу жараны” наамы соттуулугу бар, же мурда соттолуп, соттулугу жоюлганына карабастан, андай жаранга ыйгарылышы мүмкүн эмес.
5.”Айыл аймагынын ардактуу жараны” наамы ыйгарылган жаранга айылдык кеңеш тарабынан бекитилген үлгүдөгү“Төө-Мюн айыл аймагынын ардактуу жараны” төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылат.
1.”Төө-Моюн айыл аймагынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу үчүн төмөндөгү талаптар негиз боло алат:
-көп жылдык натыйжалуу кайрымдуулук жана меценаттык иш аракеттери; -айыл аймагынын жашоочуларынын тынчтыгы, жыргалчылыгы үчүн жасаган эр жүрөк аракети; . –илимий, маданий, коомдук, айыл чарба, муниципалдык кызмат жана башка тармактардагы эл баалаган үзүрлүү эмгеги жана жетишкен ийгиликтери;
2.Чет элдик жарандарга Төө-Моюн” айыл аймагынын ардактуу жараны” наамы ушул болүмдүн 1-пунктунда каралган негиздерден башка, өрөөндүн экономикасына инвестиция салуу, коомдук-саясий мааниге ээ болгон жана башка ишмердиктер болушу мүмкүн.
3.”Төө-Моюн айы аймагынын ардактуу жараны” наамына талапкерлерди айылдык кеңеш, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтү, аймактык өз алдынча башкаруу органдары, Коомдук бирикмелер, уюдар жана жеке жарандар сунуш кыла алышат.
4.Наамды ыйгаруу жөнүндө келип түшкөн сунуштар айылдык кеңеште ар бир талапкер боюнча өзүнчө каралат.
5.”Төө-Моюн айыл аймагынын ардактуу жараны”наамын ыйгарууга көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча сунуштар айылдык кеңештин сессиясында каралып, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен (11) чечим кабыл алынат жана токтом менен жол жоболоштурулат.
6.”Төө-Моюн айыл аймагынын ардактуу жараны” наамы бир жылда бир жолу, 5 (беш) жаранга ыйгарылат. Наамды ыйгаруу маселелери талапкерлердин катышуусуз каралат.
7.”Төө-Моюн айыл аймагынын ардактуу жараны”наамы ыйгарылган жарандар жергиликтүү салыктардан бошотулат.
1.“Төө-Моюн айыл аймагынын ардактуу жараны” төш белгиси жана күбөлүгү айылдык кеңештин төрагасы, айыл өкмөтүнүн башчысы жана айылдык кеңештин төрагасы тарабынан тапшыруу укугу берилген айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары тарабынан “Айыл күндөрү” белгиленген учурда салтанаттуу түрдө коомчулуктун катышуусу менен тапшырылат.
2.Айыл аймагынын ардактуу жараны наамы ыйгарылган адамдар Төө-Моюн айыл аймагынын “Ардак китебине” хронологиялык тартипте киргизилет. “Ардак китеби” айыл өкмөтүнүн башчысында сакталат.
3.”Айыл аймагынын ардактуу жараны”наамынын ээлери мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги майрамдык иш чараларга чакырылып, сый-урмат көрсөтүлүп турат.