Редакцияот 29.01.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Арча айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2013-жылдын 2-январы № 2/2

Он-Арча айылдык Кеңештин 2013-жылга иш планын бекитүү жөнүндө 

XXVI шайланган Он-Арча айылдык Кенешинин кезексиз II сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттарын Он-Арча айылдык кеңешинин 2013-жыл үчүн иш планы №1 тиркемеге ылайык алымча кошумчасы менен бекитилсин.(тиркелет)

2. Иш пландын аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

Оң-Арча айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

М. Босунов 

 

 

XXVI шайланган Он-Арча айылдык Кеңешинин кезексиз II сессиясынын токтому № 2/2 токтомуна

тиркеме 29.01.2013 ж.

 

Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2013-жылга иш планы

№

Аткарылуучу иштердин мазмууну

Аткаруу мөөнөтү

 

1

Он-Арча айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардын арасына жазгы-күзгү көчүп конуу мөөнөтүн белгилөө жөнүндө

февраль

2

Он-Арча айыл өкмөтүнүн 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2013-жылга карата бюджети жөнүндө

апрель

3

Оттук айылындагы эски насостун ордуна жаны насосту курдуруу жөнүндө

сентябрь

4

Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү салыктардын чогултулушу, бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана тейлөө мекемелердин 2013-жылдагы аткарып жаткан иштери жөнүндө

декабрь