Загрузка документа…
КОЧКОР РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-сентябры № 15/94
Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизүү
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 19-бөлүгүнө жана Депутаттардын Кочкор райондук Кеңешинин регламентинин VI бөлүгүнүн 15-главасынын 2-бөлүгүнө ылайык Депутаттардын Кочкор райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобосу өзгөртүүлөрү менен бекитилсин.
(Жобо тиркелет).
2.Ушул токтом тиркемеси менен «Эмгек Туусу» газетасына жарыялансын.
Депутаттардын Кочкор райондук кеңешинин төрагасы |
Э. Темиров |
Депутаттардын Кочкор райондук Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын 2011-жылдын 6-сентябрындагы №15/94 токтому менен бекитилген.
«Кочкор районунун Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
ЖОБО
1.1.Депутаттардын Кочкор райондук Кеңешинин токтому менен райондун татыктуу инсандарга «Кочкор районунун Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылып турат. Ага райондун калкы үчүн талыкпай кызмат кылган, эли үчүн артында өчпөгөн эмгектери калган, коомдук жана мамлекеггик иштерге активдүү катышкан, райондун кызыкчылыгын, намысын узак жылдар бою коргогон татыктуу адамдар ээ боло алышат.
1.2.Жобо депутаттардын Кочкор райондук Кеңешинин сессиясында кабыл алынат. Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор депутаттардын, туруктуу комиссиялардын демилгеси менен сунуш кылынат жана райондук Кеңештин сессиясында бекитилгенден кийин колдонулат. «Кочкор районунун Ардактуу атуулу» наамы төмөндөгүдөй инсандарга ыйгарылышы эске алынат:
1.3.Мурдагы СССРдин убагындагы жана азыркы мезгилдеги сиңирген эмгектери үчүн орден, медалдар, Жогорку Кеңештин, Президенттин «Ардак Грамотасы» менен сыйлангандар, Баатырдык наамга ээ болгондор, көрүнүктүү илимий даражалуу, бардык багыт боюнча эмгек сиңирген ишмерлер, СССРдин, Кыргыз Респуликасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайлангандар, эки жолудан кем эмес райондук Кеңешке депутат болгондор, өлкөнү коргоодо эрдиктерди көрсөткөн Ата-Мекендик Согуштун ардагерлери, интернационалдык милдеттерди аткаргандар, райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон эмгеги үчүн элге белгилүү болгондор.
1.4.Райондун элинин намысын бийик көтөрүп, эл арасында кадыр баркы чоң, ынтымак биримдикти чыңдагандар, көп жылдар бою саламаттыкты сактоодо, жаштарга билим-тарбия берүүдө мамлекеттик жана коомдук иштерде үзгүлтүксүз салым кошуп, элдин кадыр-баркына ээ болгондор.
1.5.Райондун айыл-чарбасында үзүрлүү эмгектенип, үлгүлүү жактарын ар качан эл ичинде көрсөтүп, эл чыгармачылыгына, маданиятка, адабиятка, искусствого, дене-тарбияга жекече үлүшүн тынымсыз кошуп, тарбиялоо жаатында ишмердиги менен жогору бааланган атуулдар.
1.6.Райондун чегинде өзгөчө эрдиктерди көрсөтө алган, коомдук тартипти сактоого бөтөнчө үлүшүн кошкон, орден, медалдардын жана башка мамлекеттик сыйлыктын ээси болушкан, райондук мекемелерди он беш жылдан кем эмес үзүрлүү жетектеп, чарбалык экономикалык жана социалдык-маданий жактан өнүгүшүнө татыктуу салымын кошкон атуулдар.
1.7.Райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өзгөчө салымын кошкон чет элдик же Кыргыз Республикасынын бизнесмен, жеке ишкерлер жана дыйкан-фермерлер.
1.8 Мурда райондун өнүгүшүнө баалуу салымдарын кошуп, учурда эл-журтка сөзү менен да, жүрүш-турушу менен да үлгүлүү боло алган элдин ынтымагын, биримдигин чындоого аракети күчтүү жаштарды тарбиялоого жумшаган аракети жогору эмгек ардагерлер.
2.1. «Кочкор районунун Ардактуу атуулу» наамына Депутаттардын, айылдык округдардын, мекеме-ишканалардын эмгек жамааттарынын токтомдоруна, туруктуу комиссиялардын, коомду уюмдардын чечимдерине ылайык Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук Кеңештин алдында биргелешип түзүлгөн атайын комиссияга сунуш кылынат. Талапкердерди наамга көрсөткөн жамааттардын жана коомдук уюмдардын жалпы чогулуштарынын токтомдору, талапкерлердин өмүр баяны, өздүк баракчасы, сиңирген эмгеги жөнүндө справкалар, мамлкеттик сыйлыктар, наамдары жөнүндө маалыматтар тиркелет.
2.2.Атайын комиссия, «Кочкор районунун Ардактуу атуулу» деген наамына сунушталган талапкерлердин документтерин терең талдап жана ар бири боюнча комиссиянын чечимин даярдап «Кочкор районунун Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу үчүн депутаттардын Кочкор райондук Кеңешинин мыйзамдуулукту, коомдук тартипти сактоо жана жарандардын укуктарын коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына сунуш кылат. Туруктуу комиссия сунушту карап, туруктуу комиссиянын чечими менен депутаттардын Кочкор райондук Кеңешинин кезектеги сессиясына сунуш кылат.
2.3.«Кочкор районунун Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу маселеси Депутаттардын Кочкор райондук Кенешинин кезектеги сессиясында каралып, чечилет. «Ардактуу Атуул» наамына тийешелүү документтерди даярдоо коомдук уюмдар, мекеме- ишканалар, айыл округдар аркылуу берилет.
2.4.Депутаттардын Кочкор районук Кеңешинин сессиясы жактырып токтом кабыл алгандан кийин «Кочкор районунун Ардактуу атуулу» наамына татыктуу болгондорго «Кочкор районунун Ардактуу атуулу» деген наам ыйгарылгандыгы тууралуу сертификат, күбөлүк жана төш белги салтанаттуу түрдө тапшырылат. Сертификат, күбөлүккө райондук Кеңештин төрагасы кол коет жана «Ардактуу атуул» наамын алган жарандарга сертификат, күбөлүк жана төш белги жасатуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.
3. «Кочкор районунун Ардактуу атуулу» наамын алгнн адамдарга берилүүчү жеңилдиктер жана укуктар жөнүндө «Кочкор районунун Ардактуу атуулу» райондун аймагында төмөндөгүдөй жеңилдиктерден жана укуктардан пайдалана алат.
3.1.Райондун аймагында коомдук транспортто акысыз таксиден башка жүрүүгө, жашаган жерине атайын белги илип коюуга.
3.2.Райондун коомчулугунун ар кандай салтанаттуу жыйындарына ардактуу мейман катары чакыруу менен катышууга.
3.3.Райондук мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, райондогу бардык мекеме-ишканалардын жетекчилиги тарабынан кезексиз кабыл алынууга.
3.4. Райондун аймагындагы автомашина токтоочу жайларда транспортун бекер токтотууга.
Эскертүү: Мурда синирген эмгегине карабастан сот жообуна тартылгандарга, кылмыш ишине кириптер болгондорго бул наам ыйгарылбайт.
Депутаттардын Кочкор райондук Кеңеши .