Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-февралы № 01
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин2015-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын жана Жалпак-Таш айылдык кенешинин Регламентине ылайык Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2015-жыл үчүн иш планы айылдык кеңештин сессиясында талкууланып,каралып, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2015-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин төрагасына милдеттендирилсин.
Жалпак-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Суранов М.Р |
| Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2015-жылдын “21”февралындагы № 01 токтому менен бекитилген |
2015-жылы Жалпак-Таш айылдык кеңешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер:
1. Айылдык кеңештин 2015-жыл үчүн иш планын бекитүү (2015-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин төрагасы жана айылдык кеңештин жооптуу катчысы)
2. Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө 2014-жыл үчүн жылдык отчет (2015-жыл, 1-квартал, Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Паизов С.)
3. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы (2015-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы жана Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи)
4. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча 2014-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө (2015-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы жана Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи)
5. 2015-жылга бюджетин кирешелер, чыгашалар боюнча бекитүү. Айыл өкмөтүнүн 2015-жыл үчүн структурасын жана штаттын санын бекитүү (2015-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия», Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи)
6. Жалпак-Таш айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн 2015-жыл үчүн программасын жана аларды контролдоонун, күтүлүү натыйжаларын бекитүү (2015-жыл, 1-квартал, Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Паизов С.)
7. Жалпак-Таш айыл аймагындагы маданият үйүнүн жана китепкананын калкты тейлөөдөгү ишмердүүлүгү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө (2015-жыл, 4-квартал, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн соц.адиси)
8. Бюджеттин 2015-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө (2015-жыл, 3-квартал, «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия», Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи)
9. Өзгөн РИИБнин Жалпак-Таш айыл аймагы боюнча административдик участкаларынын тескөөчүлөрүнүн Жалпак-Таш айыл аймагы боюнча 2015-жыл үчүн иш планын бекитүү (2015-жыл, 1-квартал, Өзгөн РИИБнин административдик участкалардын тескөөчүлөрү, айыл өкмөтүнүн соцадиси, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия)
10. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн коомдук алдын-алуу борборунун Жалпак-Таш айыл аймагы боюнча 2015-жылда кылмыштуулукту алдын-алуу, коомдук тартипти сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндө (2015-жыл, 4-квартал, Өзгөн РИИБнин административдик участкалардын тескөөчүлөрү, айыл өкмөтүнүн соцадиси, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия)
11. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө (2015-жыл, 3-квартал, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн соцадиси)
12. Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө (2015-жыл, 3-квартал, Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөт башчысынын орун басары )
13. Жалпак-Таш айыл аймагындагы ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө (2015-жыл, 3-квартал, айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн ветадиси)
14. Жайыт комитетинин 2014-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2015-жыл үчүн бюджетинин жана иш планын бекитүү жөнүндө (2015-жыл, 1-квартал, айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия, Жайыт комитетинин башчысы)
15. Жалпак-Таш айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы жана 2015-жылда аткарылуучу иш чаралар жана алдыдагы милдеттер жөнүндө (2015-жыл, 1-квартал, айыл өкмөт башчысынын орун басары, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия)
16. Жайлоого кетүүчү мал жандыктар үчүн тарифтик өлчөмүн бекитүү (2015-жыл, 1-квартал, айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн ветадиси
17. Мал жандыктарды алдын-ала эмдөө жана ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча тарифтик өлчөмдөрүн бекитүү (2015-жыл, 1-квартал, айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн ветадиси)
18. Жазгы талаа иштерин өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, себүү, арык тартуу ж.б. жумуштардын баасын бекитүү (2015-жыл, 1-квартал, айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия, айыл көмөтүнүн жер адиси)
№ | Иш чаранын мазмуну | Мөөнөтү | Аткаруучулар, жооптуулар | Эскертүү |
1 | Убактылуу комиссиялардын сандык, сапаттык курамын бекитүү (зарылдыкка жараша) | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы, айыл өкмөтүнүн башчысы |
|
2 | Жалпак-Таш айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бекитүү (зарылдыкка жараша) | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы жана кеңештин жооптуу катчысы |
|
3 | Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү, депутаттык окууларды өткөрүү | Жыл ичинде | Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчы, «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси |
|
4 | Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол оңдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу жана жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн); протоколдук тапшырмалардын аткарылуу жүрүшүн ж.б. маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу. | Жыл ичинде | Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчы, туруктуу комиссиялардын төрагалары |
|
5 | Депутаттардын атуулдук коомдордун активдери менен тегерек столдо жолугушуусун уюштуруу | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялар |
|
6 | Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету) | Жылына кеминде бир жолу | Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар |
|
7 | Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун элдик курултайда угуу | Жылына бир жолу | Кеңештин төрагасы, айыл өкмөт башчысы |
|
8 | Алдыңкы айыл кеңештин иш тажрыйбасын жеринде уюштуруу (тажрыйба алмашуу) | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы |
|
9 | Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (зарылдыкка карай). Айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын ишмердүүлүгү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө. | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасынын орун басары, жооптуу катчы, турук. комиссиянын төрагалары |
|
10 | Бешинчи чакырылыштагы Жалпак-Таш айылдык кеңеши тарабынан кабыл алган чечимдеринин аткарылышынын абалы жөнүндө | 2015-ж., ар кварталда | Кеңештин жооптуу катчысы жана туруктуу комиссиялардын төрагалары |
|