Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-июну № 3
Кашка-Суу айылдык аймагынын 2014-2019-жылдарга
түзүлгөн стратегиялык өнүгүү планынын долбоорун бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айылдык аймагынын, жумушчу топ иштеп чыккан 2014-2019-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү планынын долбоору менен таанышып жана аны талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айылдык аймагынын, жумушчу топ толуктоолор менен иштеп чыккан 2014-2019-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү планыны бекитилсин
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика инвестицияларды тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, курулуш коминкация боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Н.Маматаипов |
| Кашка-Суу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясынын 2015-жылдын 25-июнундагы № 2 токтомунун негизинде бекитемин. |
Мазмуну:
Өнүгүү планын түзүү процесси
Элес
Миссия
Кашка-Суу айыл аймагынын профайлы
4.1 Кыскача тарых
Климаттык шарт
Жергиликтүү ресурстар
Транспорттук жолдор
Коомчулук
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түзүлүшү
Муниципалдык кызматчылардын билим деңгээли
Туризм ресурстары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджети
Тейлөө
Айыл чарбасы
Муниципалдык менчик
SWOT - анализ
Максаттардын матрицасы
Стратегиялык максаттар жана милдеттер
Мониторинг
Тиркеме №1-Айыл тургундарынын сурамжылоо барагынын жыйынтыгы
Тиркеме №2-Кашка-Суу айылдык аймагынын 2015-2019-жылдарга инвистициялык план
Өнүгүү планын түзүү процесси.
Кашка-Суу айылдык аймагынын жергиликтүү өнүгүү планын талаптагыдай бардык баскычтарды басып өтүү менен иштеп чыгуу үчүн атайын жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, жергиликтүү кенештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин катышуусу жана алардын сунушу менен учурдагы жергиликтүү өнүгүү планын баалоо үчүн, айылдык аймагынын башчысынын 3-март 2015-жылдагы № 32-буйругу менен курамы 13 кишинен турган жумушчу топ, жумушчу топтун уюштуруу тобу жана катчылык түзүлду.
Жумушчу топ жергиликтүү өнүгүү планын баалоонун үстүндо иш аракеттерди жүргүздү. Учурдагы өнүгүү планын баалоодо бир топ кемчилдиктердин бар экендиги аныкталган. Атап айтсак жарандык коомдун пикири эске алынбай, жергиликтүү ресурстарга анализ жүргүзүлгон эмес.
Учурдагы жергиликтүү өнүгүү планын баалоонун жыйынтык отчетунун негизинде жумушчу топ жергиликтүү кенештин сессиясына, жергиликтүү өнүгүү планын кайрадан иштеп чыгуу сунушу менен кайрылышты. 2015-жылдын 20-майындагы жергиликтүү кенештин № 15-токтомунун негизинде, жергиликтүү өнүгүү планын кайрадан иштеп чыгуу үчүн жумушчу топтун курамы бекитилди.
Жумушчу топ, учурдагы өнгүү планын кемчилдиктерин эске алуу менен стратегиялык өнүгүү планын иштеп чыгуу үчүн заманбап ыкмаларды колдонду.
Атап айтсак жарандык коомго, башкача айтканда айыл округундагы жашаган кожолуктардын 70%ына сурамжылоо жүргүзүлдү. Муниципалитеттин профайлы түзүлдү. Ошондой эле муниципалдык менчик, жергиликтүү бюджет, сырткы чөйрөгө анализ жүргүзүлдү. Айылдын муктаждыктарын аныктоо максатында ар бир айылда муктаждыктарды биргелешип аныктоо (PRA) иш чаралары өткөрүлдү.
Стратегиялык өнүгүүнүн максаты Кашка-Суу айылдык аймагынын экономикасын көтөрүү менен калкты жакырчылыктан чыгуусуна шарт түзүү болуп эсептелет. Аталган максатка жетүүдө жергиликтүү мамлекеттик эмес уюмдар,жергиликтүү жеке ишкерлер жана жалпы эле жарандык коомдун ролу чон. Кашка-Суу айылдык аймагынын ушул өнүгүү планда иштелип чыккан максаттарга жамааттык уюмдар, аксакалдар,жаштар,аялдар кеңештери жана алардын мүчөлөрү менен байланышынын негизинде жетип, элдин жашоо турмуш денгээлинин жогорулашына өбөлгө түзө алат.
Айыл аймагынын социалдык, экономикалык абалын терең анализдеп чыгуудан өнүүгүүнүн стратегиялык максаттары аныкталды.
Алар:
1.Айыл чарба (өндүрүү, сатуу, сугат суу)
2. Социалдык маселелер (билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо)
3.Инфраструктура (жолдор, көпүрөлөр, курулуштар)
4.Башкаруу (маалымат алмашуу,ачык айкындуулук, адистердин билим денгээли)
5.Экономика (табигый ресурстар,техника, жеке ишкерлерди колдоо, туризм)
Жергиликтүү өнүгүү планы жогоруда келтирилген 5 багыттын негизинде Кашка-Суу айылдык аймагынын ар тараптан өнүгүүсүнө өбөлгө болгон натыйжалуу стратегиялык долбоорлорду камтыйт.
Бул жергиликтүү өнүгүүнүн планы – жергиликтүү жамааттардын экономикалык,ошондой эле социалдык,маданий механизмдердин этаптуу өнүгүүсүнө түрткү болуп саналат.
Стратегиялык онүгүү жолун аныктоо төмөндөгү диаграммада көрсөтүлгөн:
Анализ-маалыматтар: Баалоонун жыйынтыгы Жарандарды сурамжылоо 3.Муниципалитет-тин профайлы Муниципалдык менчик Жергиликтүү бюджет Сырткы чойро PRA |
|
Анализден алынган негизги маанилүү чечимдердин күчтүү, алсыз жактарын, мүмкүнчүлүктөрүн жана кыйынчылыктарын аныктоо (SWOT анализ) |
|
SWOT анализдин негизинде аныкталган критикалык суроолор жана алардын бөлүктөрүнүн жалпыланышы |
| Критикалык суроолор-дон алынган жалпыланган стратегиялык максаттар жана милдет-терди аныктоо |