Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык Кеңешинин V чакырылышынын III сессиясы
2015-жылдын 24-июлу № 3
Жекенди айылдык аймагынын 2015-2020-жылдарга стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагынын 2015 -2020- жылдарга стратегиялык өнүгүү планы бекитилсин.
2. Стратегиялык өнүгүү планын аткаруу айылдык аймагынын алдында түзүлгөн комиссиясына жана аймактын аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо,кеңештердин иштери,депутаттык этика жана коомдук угуулар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Амирбеков |
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
2015-2020 – ЖЫЛДАРГА КАРАТА
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨНҮГҮҮСҮНҮН СТРАТЕГИЯСЫ
МАЗМУНУ
КИРИШ СӨЗ – ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨНҮГҮҮ ПЛАНЫН ТҮЗҮҮ БОЮНЧА НЕГИЗГИ МААЛЫМАТ
Жекенди айылдык аймагынын жергиликтүү өнүгүү планын талаптагыдай бардык баскычтарды басып өтүү менен иштеп чыгуу үчүн атайын жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, жергиликтүү кенештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин катышуусу жана алардын сунушу менен учурдагы жергиликтүү өнүгүү планын баалоо үчүн, айылдык округ башчысынын 12-май 2015-жылдагы № 21 -буйругу менен курамы 6 кишиден турган жумушчу топ, жумушчу топтун уюштуруу тобу жана катчылык түзүлдү.
Жумушчу топ жергиликтүү өнүгүү планынын баалоонун үстүндө иш аракеттерди жүргүздү. Учурдагы жергиликтүү өнүгүү планын баалоонун жыйынтык отчетунун негизинде жумушчу топ жергиликтүү кенештин сессиясына, жергиликтүү өнүгүү планын кайрадан иштеп чыгуу сунушу менен кайрылышты. 2015-жылдын 24-июлундагы жергиликтүү кенештин №2 токтомунун негизинде, жергиликтүү өнүгүү планын кайрадан иштеп чыгуу үчүн жумушчу топтун курамы бекитилди.
Жекенди айылдык кенешинин жергиликтүү өнгүү планын иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун курамы:
Жумушчу топтун мүчөлөрү: Уюштуруу топтун мүчөлүрү: | ||
1.Гапаров Муратбек
| Шибээ айылынын айыл башчысы |
|
2.Кожобеков Алишер
| Айылдык кенештин депутаты |
|
3.Акылбеков Камалидин
| Айылдык кенештин депутаты |
|
4.Садыков Нурали
| Айылдык кенештин депутаты |
|
5.Маматалиев Салимбек
| Жекенди айылынын айыл башчысы |
|
6.Абдукалилов Абдикасым
| Чулук айылынын айыл башчысы |
|
Стратегиялык өнүгүүнүн максаты Жекенди жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун экономикасын көтөрүү менен калктын жакырчылыктан чыгуусуна шарт түзүү болуп эсептелет. Аталган максатка жетүүдө жергиликтүү мамлекеттик эмес уюмдар, жергиликтүү жеке ишкерлер жана жалпы эле жарандык коом чоң роль ойношот. Жекенди жергиликтүү өз алдынча башкаруусу ушул өнүгүү планда иштелип чыккан максаттарга жамааттык уюмдар, аксакалдар, жаштар, аялдар кеңештери жана алардын мүчөлөрү менен байланышынын негизинде жетип, элдин жашоо турмуш деңгээлинин жогорулашына өбөлгө түзө алат.
Стратегиялык өнүгүү жолун аныктоо төмөндөгү диаграммада көрсөтүлгөн:
Анализ маалыматтар: 1. Баалоонун жыйынтыгы 2. Жарандарды сурамжылоо 3. Муниципали-теттин профайлы 4. Муниципал-дык менчик 5. Жергиликтүү бюджет 6. Сырткы чөйрө 7. Жеке ишкерлерди сурамжылоо
|
|
Анализден алынган негизги маанилүү чечимдердин күчтүү, алсыз жактарын, мүмкүнчүлүк төрүн жана кыйынчылыктарын аныктоо (SWOT анализ) |
|
SWOT анализдин негизинде аныктал-ган критика-лык суроолор жана алардын бөлүктөр гө жалпыланышы |
|
Критика-лык суроолор-дон алынган жалпыланган стратегиялык максаттар жана милдет-тер |
|
Стратегиялык максаттарга жана милдеттерге жооп берген долбоор-лор |
Учурдагы өнүгүү планын баалоодо бир топ кемчиликтердин бар экендиги аныкталган. Атап айтсак, жарандык коомдун ой-пикири эске алынбай, жергиликтүү ресурстарга анализ жүргүзүлгөн эмес.
Ушул кемчиликтерди эске алуу менен жарандык коомго, башкача айтканда айыл округундагы жашоочулардын 70%на сурамжылоо жүргүзүлдү. Муниципалитеттин профайлы түзүлдү. Ошондой эле муниципалдык менчик, жергиликтүү бюджет, сырткы чөйрөгө анализ жүргүзүлдү. Айыл округундагы жеке ишкерлерге сурамжылоо жүргүзүлдү.
Сурамжылоонун жана анализдердин жыйынтыгы №1-тиркемеде чагылдырылган.
Айыл өкмөтүнүн социалдык, экономикалык абалын терең анализдеп чыгуудан стратегиялык суроолор аныкталды жана өтө маанилүү деген гана критерийлер жалпыланып, критикалык суроолор жаралды:
1. Башкаруу (маалымат алмашуу, ачык айкындуулук, адистердин билим деңгээли);
2. Экономика (табигый ресурстар, техника, жеке ишкерлерди колдоо, туризм);
3. Социалдык маселелер (билим берүү, саламаттыкты сактоо, соц.коргоо);
4. Инфраструктура (жолдор, көпүрөлөр, курулуштар);
5. Айыл чарба (өндүрүү, сатуу, сугат суу);
6. Жергиликтүү мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө.
Жергиликтүү өнүгүү планы Жекенди айыл аймагынын ар тараптан өнүгүүсүнө өбөлгө болгон, натыйжалуу долбоорлорду камтыйт. Жогоруда келтирилген 6 сектордун негизинде №2-тиркемедеги долбоорлор сунушталган.
Бул жергиликтүү өнүгүүнүн планы – жергиликтүү жамааттардын экономикалык, ошондой эле социалдык, маданий механизмдердин этаптуу өнүгүүсүнө түрткү болуп саналат.
Жергиликтүү өнүгүүнүн стратегиялык планы айыл округунда коомчулуктун талкуусуна коюлуп, айылдык кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан каралып, бекитилди.
Жекенди айыл аймагынын келечектеги элеси жана ага жетүүгө мүмкүн болгон жолдор жергиликтүү коомчулукту жана жеке ишкерлерди сурамжылоодо, айылдык округдун мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөдө аныкталды.
Сиздерге сунуш кылынган Элес жана Миссия жергиликтүү өнүгүү планын кайрадан иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топ аркылуу төмөндөгүдөй мазмунда көптөгөн талкуудан кийин жаралган. Ал эми бул программада камтылган маалыматтардын анализи жумушчу топ иштеп чыккан Элес жана Миссияны чагылдырып, аларга жетүү жолдорун табуу мүмкүнчүлүгүн көрсөттү.
Жекенди айылдык аймагы жергиликтүү бийлик, коомчулук жана мамлекеттик эмес уюмдар менен биргеликте иштөөнүн натыйжасында айыл чарбасы жана жеке ишкердүүлүк өнүккөн жер.
Жаратылышы кооз, потенциалы жогорку айыл аймагы катары ар тараптуу аты таанылган, жогорку маданияттуу, билимдүү, жаңы инновациялык технологияларды пайдалана билген, дени сак улуттун мекени.
Жекенди айылдык аймагынын элесинин элементтери
Элементтин аталышы | Элементтин мааниси |
«Биргеликте иштөө» | Жекенди айыл аймагында коомчулук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен чогуу иш алып барууга жетишүү, жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын иштөөсүнө шарт түзүү |
«Айыл чарбасы жана жеке ишкердүүлүк өнүккөн жер» | Жеке ишкерлерге шарт түзүү менен айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө жетишүү (картошканы, сүттү, жүндү кайра иштетүүгө жетишүү). |
«Жаратылышы кооз» | Жекенди айыл аймагында турзимди өнүктүрүү максатында, эс алууга ынгайлуу жаратылышы кооз жерлерди жеке ишкерлерге берүү жана эс алуучуларга шарттарды түзүү. |
«Маданияттуу жана билимдүү улут» | Жекенди айыл аймагында сапаттуу билим берүүгө жетишүү үчүн билим берүү кызматкерлерине айыл округунун айылдарында жашап, иштөөсүнө ынгайлуу шарттарды түзүү |
«Жаңы иновациялык технологияларды пайдалануу» | Сапаттуу билим алуу аркылуу, акыркы заманбап инновациялык технологиялары колдонууга жетишүү |
«Дени сак улуттун мекени» | Сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө жетишүү |
Жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүнүн максаты жашоонун сапатын жакшыртуу болуп эсептелет. Ал эми жашоонун сапатын жакшыртуу, демек кирешенин көлөмүн жогорулатуу, ал гана эмес коомчулукту жергиликтүү чечимдерди кабыл алууга жана башкарууга тартуу, жеке ишкердикти кеңеейтүү жана жакырчылыктан чыгуу.
Айыл аймагынын социалдык – экономикалык абалын жакшыртуу максатында, коомчулук жана мамлекеттик эмес уюмдар менен биргеликте иш алып барууга, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана жеке ишкердүүлүктү колдоого жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
Жекенди айылдык аймагынын миссиясынын элементтери:
Элементтин аталышы | Элементтин мааниси |
«Коомчулук жана мамлекеттик эмес уюмдардын биргеликте иш алып баруусуна шарт түзүү» | Коомчулукту ЖӨАБ органдарынын иш аракетине тартуу (чечимдерди кабыл алууда жана аткарууда) |
«Айыл чарбасын өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү» | Айыл чарба багытындагы жерлерди жарандарга берүүдө, муниципалдык менчик обьектилерди, жерлерди сатуу муниципалитет тарабынан ачык айкын жүргүзүү, дан эгиндеринин сапаттуулугун, мал чарбачылыгында малдын асылдуулугун жогорулатуу үчүн иш аракеттерди жүргүзүү |
«Жеке ишкерлерди колдоо» | Орто жана чакан ишканаларды ачуу боюнча муниципалитет тарабынан колдоо көрсөтүү |
Стратегиялык максаттар | Милдеттер | Долбоорлор | Жыйынтыктар |
1.Айыл чарбасын өнүктүрүү | Органикалык жана минералдык жер семирткичтерди туура пайдаланууну үйрөнүү | Жерди туура которуштуруп айдоого жер семирткичтерди туура пайдаланууга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Муниципалитетте жердин асылдуулугун арттыруу боюнча маалымат тактайчасынан жарандар үзгүлтүксүз маалымат алышат. |
Урончулук кооперативтерин уюштуруу менен, сапаттуу жана жогорку сорттогу үрөндү пайдаланууга жетишүү,(элге тушундуруу жана уйротуу) | АО үрөн чарбасын түзүү | 3 үрөн чарбасы түзүлүп, жарандарды сапаттуу үрөн менен камсыз кылат.Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сапатын жогорулатуу менен 3 жыл ичинде жарандардын үй бүлөлүк кирешесин жогорулатып жакырчылык денгээли кыскарат. | |
Агро техникалык эрежелерин сактоо | |||
Малдын асылдуулугун жогорулатуу | Малдардын асыл тукумдуу урук банкын түзүү | Малдардын асылдуулугу жогорулайт. | |
Айыл чарба техникаларын керектүү шаймандар менен камсыз кылуу | Иппотекага берилген техникаларды алуу жолдорун элге туура түшүндүрүү | Иппотекага берилген техникаларды алуу жолдору тууралуу маалыматты өз убагында жеткирүү. | |
Чакан жана орто ишканаларды ачуу | ӨЭУдар менен тыгыз иш алып баруу жана жеке ишкерлерди колдооЖергиликтүү элге айрым семинарларды жана атайын окууларды өткөрүү жана консультацияларды берүү. | Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү үчүн чакан жана орто ишканалар ачылат.Өндүрүлгөн продукцияларды кайра иштетүү ишканалары аркылуу сатууга жетишилет. | |
2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-аракеттерин жакшыртуу (ченемдик - укуктук актылары) | Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш аракеттерине коомчулукту катыштыруу | Айыл аймагында жайгашкан мекеме уюмдардын ачык айкындуулугун камсыздоо боюнча жарандарды катыштыруу менен коомдук угууларды өткөрүү | Чечим кабыл алууда жарандардын муктаждыгы эске алынат.Мекеме уюмдардын ачык айкын иштөө процедурасы калыптанат.Жарандар менен биргеликте иш чара алып баруусуна шарт түзүлөт. |
Жергиликтүү өз алдынча башкарунун ченемдик-укуктук актыларынын аткарылышын жөнгө салуу | Ченемди укуктук актылардын аткарылышын көзөмөлдөө | Чечим кабыл алынгандан кийин өз учурунда аткаруу көзөмөлгө алынат | |
Жергиликтүү өз алдынча башкарууда кадр маселесин чечүү | Кадрлардын билим денгээлин жогорулатуу максатында окуу-семинарлар өткөрүлөтКадрларды окуу семинарларга жөнөтүү, аттестациядан өткөрүү | Кадрлардын билим денгээли жогорулайт. | |
Гендердик балансты колго алуу | Айыл аймагында тен укуктуулукту сактоо | Айылдык аймагында жооптуу кызматтарга аялдарды тартуу. | |
3. Социалдык өнүгүү | Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу | Кара-Тейит, Шибээ, Чулук айылдарына бала бакчаларды куруу | Айылдык аймагындагы айылдар бала бакчалар менен толук камсыздалат. |
Медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу | Карамык участкалык оорууканасына УЗИ апаратын жана анализдерди чыгаруучу жабдууларды сатып алуу | Жеринде, өз убагында жана аз чыгым менен анализдерди чыгарууга, диогноз коюуга шарт түзүлөт. | |
Жергиликтуу калкты жумуш менен камсыз кылуу. | Чакан ишканаларды ачуу | Калктын кирешесин жогорулайт | |
4. Айыл округунун инфраструктурасын жакшыртуу | Айылдарды таза суу менен камсыз кылуу | Карамык, Кара-Тейит, Шибэ айылдарын таза суу менен камсыз кылуу | 3 жылдын ичинде суу түтүктөрү тартылып 3 айылдын тургундары таза суу менен камсыз болот. |
Ички жолдордун абалын жакшыртуу | АО ички жолдор ондоо учун 15 км жолго шагыл төшөө | АО ички жолдорунун абалы жакшырат. | |
Таштандыларды чыгарууну колго алуу | Айылдык аймагынын аймагындагы айылдарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин алдыга коюу | Санитардык абалы жакшырат. | |
Айылдык аймагынын аймагында социалдык обьектилерди көбөйтүү | Социалдык обьетилерди көбөйтүү максатында донорлор менен иш алып барууну күчөтүү | Социалдык обьектилердин саны көбөйөт. | |
5.Экономикалык онугуу | Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү | Ишкерлер жана ишкердүүлүккө кызыккан адамдарды колдоо жана жер алуу боюнча мүмкүнчүлүк түзүү | Кредиттик компаниялар менен келишим түзүүгө жетишилет. |
Айыл аймагындагы жергиликтуу ӨЭУдар менен иштешүүнү күчөтүү | Айыл аймагын аймагындагы «Эне мээрими», «Манзура» коомдук бирикмеси, «Ак элечек», «Ак-Чубак» өз ара жардамдашуу топтору жана айылдык уюмдардын ишин жандандыруу | Ички жана сырткы донорлор менен байланыш түзүп, алар аркылуу айылдык кенештин аймагына ар кандай тармактарды өнүктүрүүгө багытталган инвестицияларды тартып келинет. | |
Туризмди өнүктүрүү | Турзимди өнүктүрүү максатында, жаратылышы кооз жерлерди тактоо, туристерге ылайыктуу шарттарды түзүү | Эс алууга ылайыктуу жерлерге АО токтомун берүү жана жеке ишкерлерди колдоо |
Жекенди айылдык аймагын жергиликтүү өнүгүү планын иштеп чыгууда коомчулук менен депутаттардын тартылгандыгы, коомчулукка өнүгүү планы жөнүндөгү түшүнүктүн жеткендиги биз үчүн бир топ натыйжа берди. Коомчулук менен биргеликте түзүлгөн жергиликтүү өнүгүү планы, андагы максаттарга жетүүгө толук жардамын берет. Элдин оюн сурамжылоо менен муниципалитеттин өнүгүү багытын тандап алдык. Бул, айыл чарбасы менен жеке ишкердикти өнүктүрүү биздин максатыбыз болуп калды.
Жергиликтүү өнүгүү планын ийгиликтүү турмушка ашырууда донор мамлекеттердин, Эл аралык уюмдардын жардамынан пайдаланууга жетишүү жана ички потенциялды пайдаланууга мүмкүнчүлүк алуу денгээлин камсыз кылуу. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башында турган жетекчилердин туура багыт алуусу, алардын жалпы элди көтөрүү аркылуу аймакта социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга атайын аракеттерди көрүүсү зарыл болууда.
Ошентсе да жетишилген ийгиликтер менен гана чектелбестен жакырчылыкты толугу менен жоюуну камсыздоо максатында, айылдык округдун алдында аткара турган иштери али да болсо көп экендиги талашсыз. Ошол проблемаларды чечүүдө, элдин жыргалчылыгын камсыз кылууга бул иштелип чыккан Өнүгүүнүн стратегиялык планы жергиликтүү айылдык округуна кошумча жөлөк катары кызмат кыларына ишенебиз.
Бул өнүгүү планын иштеп чыгууда коомчулуктун ой-пикирин билүү үчүн Жекенди айылдык округунда жалпы 1426 кожолук бар болсо, алардын 70% ына – жалпы 800 үй-бүлө башчысына сурамжылоо жүргүзүлгөн.
1-суроо:
Сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй көпчүлүк жарандар айыл-чарбасын көтөрүүнү, негизги маселе катары санашкан.
2-суроо:
Сиз учун эң манилүү эмне?- деген суроого көпчүлүк жарандар сапаттуу медициналык тейлөө манилүү экенин билдиришкен.
3-суроо:
Айыл аймагынын өнүгүүсүнө маанилүү долбоорлорун аныктоо үчүн жергиликтүү коомчулукка төмөндөгү сунуштар берилген:
А) Туристтик базаларды уюштуруу;
Б) Калкты тейлөөчү ишканаларды куруу;
В) Коoмдук эс алуучу жайларды уюштуруу;
Г) Чакан ишканаларды куруу;
Д) Мектеп куруу;
Е) Таза суу менен касыздоо;
Ж) Жаңы канал, арыктарды куруу;
З) Жолдорго оңдоо иштерин жүргүзүү.
Коомчулук тарабынан элди таза суу менен камсыздоо, жаңы канал арыктарды куруу, калкты тейлөөчү, киреше алып келүүчү чакан ишканаларды куруу долбоорлору негизги маселе катары эсептелген. Себеби Жекенди айыл округу боюнча калк 33% гана таза суу менен камсыз болгон жана кайра иштетүүчү, киреше алып келүүчү чакан ишканалар жокко эсе.
4-суроо:
Жарандардан кошумча ой-пикирлер жана сунуштарда негизинен 7 тармакка көбүрөөк басым жасалган, алар:
А) Айыл чарбасын өнүктүрүүгө шарт түзүү
Б) Чакан ишканаларды ачуу
В) Таза суу менен камсыздоо
Г) ЖӨАБнун иш аракеттерин жакшыртуу (ченемдик-укуктук актылар)
Д) Социалдык өнүгүү
Е) Айыл округунун инфраструктурасын жакшыртуу
Ж) ӨЭУдарды чечим кабыл алууга тартуу
Жекенди айылдык аймагынын жашоочулары айыл жана мал чарбасы менен алектенишет. Мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөөгө мүмкүнчүлүктөр бар.
№ | Долбоордун аталышы | Бүт- көрүү жыл- дары | Бюджет (мин сом) | Өздук салым (мин сом) | Керект. каражат (мин сом) | Сунуш кылган уюмдун аталышы | Жооптуу |
Айыл чарбасы | |||||||
| Бугу баш,Топкана көпурөөсүн куруу | 2015 | 615,0 | 150,0 | 465,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Ибраимов Байыш |
Сары камыш каналы тазалоо | 2015 | 25 |
|
| Айыл өкмөтү | Гапаров Муратбек | |
| Кум талаа каналын механикалык тазалоо | 2015 | 500,0 | 150,0 | 350,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Гапаров Муратбек |
Тескей жайлоосуна таза суу өткөрүү | 2015 | 150 |
| 150 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Беков Аширали | |
Ак-Суу каналын 5км механикалык тазалоо | 2015 | 500 |
| 500 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү МЧС | Галов Эгенберди | |
Жайыттарды жакшыртуу жолдорун реконструкциялоо | 2015-2020 | 1000,0 |
| 1000,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү НПО Жайыт комитети | Беков Аширали | |
| Берк-Суу каналын Шибээ каналына кошуу | 2015-2020 | 200,0 | 60,0 | 140,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Шарипов Абжапар |
| Чычырканак суусун Ак-Суу дарыясына кошуу | 2015-2020 | 650,0 | 150,0 | 500,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Ибраимов Байыш |
| |||||||
| Токар станок куруу | 2015 | 1240,0 | 240,0 | 1000,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Эшов Абдилай |
| Сүттү кайра иштетүү цехин ачуу | 2015
| 910,0 | 210,0 | 700,0 | «Эне мээрими» коомдук бирикмеси | Жакыпова Диларам |
13. 8 | СТО ачуу | 2015-2020 | 650,0 | 150,0 | 500,0 | Кара-Тейит АИБ | Султанов Исматилла |
| Картошканы кайра иштетүү цехин ачуу | 2015-2020 | 520,0 | 90,0 | 430,0 | Кара-Мык АИБ | Тагаев Анафия |
| Терини кайра иштетүү | 2015-2020 | 500,0 | 62,0 | 438,0 | Кара-Мык АИБ | Акунов Бектемир |
| Айылдык округтун денгээлинде кийим тигүү цехин ачуу | 2015-2020 | 340,0 | 70,0 | 270,0 | «Эне мээрими» коомдук бирикмеси | Мурзакулова Гүлмира |
| Кондитердик цех ачуу
| 2015-2020 | 300,0 | 68,0 | 232,0 | «Эне мээрими» коомдук бирикмеси | Жакыпова Диларам |
| Мебел жасоо цехин ачуу | 2015-2020 | 200,0 | 35,0 | 165,0 | Кара-Тейит АИБ | Жайчиев Жолдошали |
| Акиташ чыгаруучу цех ачуу
| 2015 | 117,0 | 27,0 | 90,0 | Кара-Мык АИБ | Тагаев Анафия |
i. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишин жакшыртуу | |||||||
| |||||||
| «Кошулуш» эс алуу жайын уюштуруу | 2015-2020 | 800,0 | 95,0 | 705,0 | Кара-Мык АИБ | Калилов Асролидин |
| «Тегирмен» эс алуу жайын уюштуруу | 2015-2020 | 1200,0 | 300,0 | 900,0 | Кара-Тейит АИБ | Бактыбаев Пазыл |
| |||||||
| Кара-Мык айылын таза суу менен камсыз кылуу | 2015-2020 | 10 000,0 | 600,0 | 9 400,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү НПО Ага-хан,ПРООН, Кока Кола | Тагаев Анафия |
Кара-Тейит айылын таза суу менен камсыз кылуу | 2015-2020 | 5 000,0 | 300,0 | 4 700,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү НПО Ага-хан,ПРООН, Кока Кола | Акматов Нургазы | |
| Чулук айылындагы таза суу түтүктөрүнүн 300 м жерин жаңылоо | 2015-2020 | 300,0 | 72,0 | 228,0 | Аксакалдар кеңеши | Абдукалилов Абдыкасым |
| АО «Яма Беккери» куруу | 2015-2020 | 650,0 | 150,0 | 500,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Тагаев Анафия |
| Кара-Мык базарына жана соц.обьектирлерге чакан таштанды таштоочу контейнерлерди коюу | 2015-2020 | 150,0 | 45,0 | 105,0 | Айылдык кеңеш | Тагаев Анафия |
| Кара-Тейит айылын көчөлөрүн жарыктандыруу | 2015 | 350 | 150,0 | 350 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Ибраимов Байыш |
| Жекенди айылын көчөлөрүн жарыктандыруу | 2015 | 350 | 150,0 | 350 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Маматалиев Салимбек |
| Шибээ айылын көчөлөрүн жарыктандыруу | 2015 | 350 | 150,0 | 350 |
Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Гапаров Муратбек |
| Кара-Тейит айылына бала бакча куруу | 2015-2020 | 15 000,0 | 5000 | 15 000,0 | Аялдар кеңеши Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Ибраимов Байыш |
| Шибээ айылына бала бакча куруу | 2015-2020 | 15 000,0 | 500 | 15 000,0 | Аялдар кеңеши Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Гапаров Муратбек |
| Чулук айылына бала бакча куруу | 2015-2020 | 15 000,0 | 500 | 15 000,0 | Аялдар кеңеши Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Абдукалилов Абдыкасым |
Чулук айылына спорт зал куруу | 2015-2018 | 15 000,0 |
| 15 000,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү Респ.бюджет | Абдукалилов Абдыкасым | |
Карамык айылына спорт комплекс куруу | 2016-2017 | 20 000,0 | 750 | 19 250,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү Арис | Тагаев Анафия | |
Жекенди көпүрөө куруу | 2015 | 200 |
| 200 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Маматалиев Салимбек | |
Жекенди бала бакчасына көпүрөө куруу | 2015 | 40 |
| 40 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Маматалиев Салимбек | |
Шибээ көпүрөө куруу | 2015 | 500 |
| 500 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Гапаров Муратбек | |
| Чулук айылына ФАП куруу | 2015 | 400 |
| 400 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Абдукалилов Абдыкасым |
| Жекенди айылындагы спорт залдын курулушун бүткөрүү | 2015-2020 | 15 000,0 | 250,0 | 15 000,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Маматалиев Салимбек |
| Жекенди айылына маданият үйүн куруу | 2015-2020 | 7 000,0 | 450,0 | 7 000,0 | Жекенди АО Респ.бюджет НПО | Маматалиев Салимбек |
Ленин мектебинин чатырын алмаштыруу | 2015 | 1 600,0 |
| 1 600,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү Респ.бюджет | Калилова Сырга | |
Кара-Тейит айылына жаны мектеп салуу | 2015-2017 | 60 000,0 |
| 60 000,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү Респ.бюджет | Амирбеков Зуур | |
Кошулуш мини ГЭС куруу | 2015-2017 |
|
|
| Айылдык аймак Айыл өкмөтү Респ.бюджет | Акматов Нургазы | |
Шибээ мектеп куруу | 2015-2020 | 60 000,0 |
| 60 000,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү Респ.бюджет | Ботобаев Сапарали | |
Кара-Тейит айылына баня салуу | 2015-2020 | 3 000,0 |
| 3 000,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү НПО | Ибраимов Байыш | |
Кара-Мык айылына баня салуу | 2015-2020 | 3 000,0 |
| 3 000,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү НПО | Тагаев Анафия | |
Жекенди айылына баня салуу | 2015-2020 | 3 000,0 |
| 3 000,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү НПО | Маматалиев Салимбек | |
Чулук айылына баня салуу | 2015-2020 | 3 000,0 |
| 3 000,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү НПО | Абдукалилов Абдыкасым | |
Шибээ айылына баня салуу | 2015-2020 | 3 000,0 |
| 3 000,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү НПО | Гапаров Муратбек | |
Кара-Мык,Кара-Тейит,Жекенди,Чулук,Шибээ жолдорун асфальт төшөө | 2015-2020 | 60 000,0 |
| 60 000,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү Респ.бюджет | Акматов Нургазы | |
Айыл аймака склад куруу | 2015-2020 | 400 |
| 400 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Акматов Нургазы | |
Кызматтык машина алуу | 2015-2020 | 500 |
| 500 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Акматов Нургазы | |
Кара-Мык борбордук аптека салуу | 2015-2020 | 1 000,0 |
| 1 000,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Самиев Алмаз | |
Кара-Тейит айылына аптека салуу | 2015-2020 | 1 000,0 |
| 1 000,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Самиев Алмаз | |