Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 48
Бүргөндү айыл Өкмөтүндөгү Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Орозбек Толомурзаевтин кайрылуусу жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүндөгү Кыпчак-Талаа О.Толомурзаевтин кайрылууларын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын XX–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргондү айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Кубатовтун 2015-жылдын 07-апрелиндеги кириш № 57 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Биринчи тиркемеге ылайык комиссия курамы бекитилсин.
3. О.Толомурзаевтин арызынын негизинде комиссия маселени жеринде
карап Майлуу-Суу сайынын жээгиндеги шагалды ташуучулардын аренда акысынын өлчөмүн аныктоо максатында хронометраж жүргүзүп жыйынтыгын айыл Өкмөтүнө билдирүү түзүлгөн комиссияга милдеттендирилсин.
4. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча О.Толомурзаев менен келишим түзүп, аренда акыны жергиликтүү бюджетке убагында толөтүү жагы ФЭБтин башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |
| БЕКИТЕМИН Бүргөндү айылдык Кеңештин төрагасы_________К.Осконбаев “__06___”_____04___2015-жыл. |
Бүргөндү айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 06-апрелиндеги 26-чакырылыштын 20-сессиясындагы №__48____ токтомуна ылайык төмөндөгүдөй курамда комиссия курамы бекитилсин.
Т.Асанбаев-айылдык кеңештин депутаты-комиссиянын төрагасы.
Б.Кубатов- айыл Өкмөттүн орун басары, комиссиянын мүчөсү
М.Абдиев - айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
О.Калмуратов- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
А.Каракожоев-айыл Өкмөттүн ага салыкчысы, комиссиянын мүчөсү
К.Калбеков- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
Б.Саттаров- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү