Редакцияот 18.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

2014-жылдын 18-февралы № 8

Чек-абад айылдык кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы У.М.ЭРАЛИЕВДИН билдирүүсүн угуп айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чек-Абад айылдык Кеңешинин иш планы бекитилсин.(иш план тиркелет).

 

Чек-Абад айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т.Сатыбалдиев

 

 

Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII сессиясынын 8 токтомуна тиркеме.

 

Чек-Абад айылдык Кеңешинин 2014-жылга иш-планы.

I-квартал

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2014-жылга алдындагы милдеттер жөнүндө отчету.

Р.Эргашев – айыл өкмөтүнүн башчысы.

II-квартал.

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында тарбиялык иштердин жана тамак-аш берүүнүн абалы жөнүндө.

Г.Жанибекова – айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси.

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн аймагында айыл чарба иштеринин абалы жөнүндө.

III-квартал.

Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин жаңы 2014-2015-окуу жылына даярдыгы жана окуу-тарбия иштеринин абалы жөнүндө.

Г.Жанибекова – айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси.

Айыл өкмөтүндө «2014-жыл Айылдык аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүү» жылында алып барылган иштердин абалы жөнүндө.

С.Токторов – айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары.

IV-квартал

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга бюджети жөнүндө.

И.Мамитхонов – айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы.

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын кошумча доклады.

С.Эралиев – бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.