Редакцияот 25.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

 

2014-жылдын 25-декабры № 5

Чек-Абад айылдык кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы У.М.ЭРАЛИЕВДИН билдирүүсүн угуп айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Чек-Абад айылдык Кеңешинин иш планы бекитилсин. (иш план тиркелет).

 

Чек-Абад айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т.Сатыбалдиев

 

 

Чек-Абад айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын ХIII-сессиясынын

5 токтомуна тиркеме.

 

Чек-Абад айылдык Кеңешинин 2015-жылга иш-планы

I-квартал.

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2015-жылга алдындагы милдеттер жөнүндө отчету.

Р.Эргашев – айыл өкмөтүнүн башчысы.

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында тарбиялык иштердин жана тамак-аш берүүнүн абалы жөнүндө.

Г.Жанибекова – айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси.

II-квартал.

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн  аймагында айыл чарба  иштеринин жана дыйкан чарбаларды сугат суусу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө.

С.Токторов-аыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары.

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдерге медицина кызматын көрсөтүүнүн абалы жөнүндө.

Н.Аширкулов-№ 3 ҮДТнун башкы дарыгери

III-квартал.

Айыл өкмөтүнүн айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жеринен пайдалануунун абалы жөнүндө

Д.Давидов-айыл өкмөтүнүн жер адиси.

 Айыл өкмөтүнө караштуу мектептерде окуу жылына окуу-тарбия иштеринин абалы жөнүндө.

Г.Жанибекова – айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси.

IV-квартал

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга бюджети жөнүндө.

И.Мамитхонов – айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы.

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын кошумча доклады.

С.Эралиев – бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.

Айыл өкмөтүнө караштуу элди таза-суу менен камсыз кылуу боюнча «Ак-Суу» ишканасынын башчысынын отчету.

А.Жусмаматов-«Ак-Суу» ишканасынын башчысы.