Редакцияот 25.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

 

2014-жылдын 25-декабры № 6

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн иш планын бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы У.М.ЭРАЛИЕВДИН билдирүүсүн угуп айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн иш планы бекитилсин. (иш план тиркелет).

 

Чек-Абад айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т.Сатыбалдиев

 

 

Чек-Абад айыл Өкмөтүнүн 25.12.2014-жылдагы  № 6 токтомуна тиркеме

 

ЧЕК-АБАД АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН 2015-ЖЫЛДЫН

I -ЖАРЫМ ЖЫЛДЫГЫНА

ИШ–ПЛАНЫ

№

Каралатурган маселелердин мазмуну

Мөөнөтү

Ким аткарат

1

Кызыр-Абад участкасында айылдарда элдин социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 2014-жылда алып барылган иштер жөнүндө айыл башчы А.Тавалдиевдин отчету

Январь 2015-ж

А.Табалдиев

2

Айыл өкмөтүндө «Биометрикалык маалыматтарды топтоо» иштеринин абалы жөнүндө

Январь 2015-ж

Эралиев У

Ахмедов М

3

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн 2014-жылда социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2015-жылга милдеттер жөнүндө

Февраль 2015-ж

Токторов С

Холиков Н

а/башчылар

4

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында балдарды тарбиялоо жана аларды тамак менен камсыздоонун абалы жөнүндө

Март 2015-ж

Жаныбекова а/башчылар

5

Айыл өкмөтүнө караштуу дыйкан чарбаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгынын абалы жөнүндө

Март 2015-ж

Токторов С

Холиков Н

а/башчылар

6

Айыл өкмөтүндөгү айылдарда көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин абалы жөнүндө

Апрель 2015-ж

Жаныбекова Г

а/башчылар

7

Айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы элдерди таза суу жана дыйкан чарбаларды сугат суусу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө

Май      2015-ж

Токторов С

а/башчылар

Жусмаматов А

8

Кылмыштуулуктун алдын алуу жана экстремизм, вахабизмге каршы күрөшүүнүн абалы жөнүндө

Июнь    2015-ж

Токторов а/башчылар

Ниязов А

 

УЮШТУРУУ ПРАКТИКАЛЫК ИШ-ЧАРАЛАР:

1

КР Президентинин Указынын, КРнын Өкмөтүнүн Ош облустук жана Араван райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорунун аткарылышын камсыз кылуу жана анын аткарылышына иликтөө жүргүзүү.

Ар дайым

М.Мамаюсупова

2

Крнын Президентинин Мамлекеттик экономикасын өнүктүрүү жөнүндөгү Указын аткаруу боюнча Чек-Абад айыл

өкмөтүнүн 2015-жылда социалдык экономикалык жактан өнүгүүсүнүн негизги иш багыттарын тузуу жана анын аткарылышын камсыз кылуу.

Январь айынан тартып.

С.Токторов

И.Мамитханов

3

Айыл өкмөттөрүнүн иштерин үйрөнүү жана аларга иш кагаздары менен иштөө практикалык жардамдарды көрсөтүү.

Ар дайым

М.Мамаюсупова

 

4

Айылдарда диний экстремизмге каршы күрөшүү маселеси боюнча иш алып баруу.

 

Ар дайым

 

С.Токторов

а/башчылар

5

Айыл өкмөтүндө төмөнкү майрамдарды салтанаттуу кырдаалда өткөрүлүшүн камсыз кылуу:

 - 8-март Аялдардын Эл аралык куну.

 - 21-март «Нооруз» майрамы.

 - 1-май Эмгекчилердин тилектештигинин Эл аралык күнү.

 - 5-май – Крнын Конституция күнү.

 - 9-май Жениш күнү.

 - 1-июнь балдардын коргоонун Эл аралык күнү. 31-август Эгемендүүлүк күнү.

Кесиптик майрамдардын белгилениш уюштурууга жардам көрсөтүү.

Даталарга ылайык

Г.Жанибекова

а/башчылар

6

Айылда чакан жана орто ишкерликтин өнүгүшүн иликтөө жана анын абалына талдоо жүргүзүү.

Ар дайымаа

Холиков.Н

7

Айылдарда эл чарбасына чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу боюнча материалдарды даярдоо.

Ар дайыма

Р.Эргашев

Аппарат кызматкерлери

8

Айыл өкмөтүндө административдик реформаларды жүргүзүлүшүн көзөмөлгө алуу. Кадрларды конкурстук жол менен тандоо маселесине өзгөчө көңүл буруу.

Ар дайыма

Р.Эргашев

У.Эралиев

9

Айыл өкмөтүнүн башчысынын Эл менен өткөргөн жолугушуусунда атуулдардан түшкөн сурооталаптардын толук түрдө аткарылышын камсыз кылуу боюнча иш уюштуруу.

Ар дайыма

Г.Жанибекова

У.Эралиев

а/башчылар

10

Аткаруучулук, тартипти чыңдоо максатында аппараттык Кенешмелерде жетекчи кадрлардын тигил же бул маселе боюнча отчетторун угууну кеңири практикалоо.

Ар дайыма

Р.Эргашев

У.Эралиев

11

Мамлекеттик эмес уюмдар менен болгон байланышты чыңдоонун чараларын көрүү.

Ар дайыма

Г.Жанибекова

12

Айылда жашаган ар түрдүү улуттардын ортосунда достукту, ынтымактуулукту жана бир туугандыкты чыңдоо үчүн зарыл болгон

бардык чараларды көрүү. Бул маселеде коңшулаш жайгашкан Өзбек Республикасынын райондору менен достук байланыштарды түзүү.

Ар дайыма

Р.Эргашев

Г.Жанибекова

а/башчылар

13

Айылдарда жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин улантуу. Тратуарларды тартипке келтирүү.

Ар дайыма

Г.Жанибекова

а/башчылар

 

 

 

14

Физкультура жана спортту өнүктүрүү, жаштар менен иштөөнү жандандыруу багытында атайын иш – чараларды түзүү жана анын аткарылышын көзөмөлгө алуу.

 

 

 

Ар дайыма

 

 

 

М.Ахмедов

15

Айыл өкмөтүндө жана ишкана – мекемелерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил боюнча Мыйзамынын аткарылышын көзөмөлгө алуу.

Ар дайыма

С.Токторов

Г.Жанибекова

16

КРнын мамлекеттик Эгемендүүлүгүнүн 21-жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу

Июль август

Г.Жанибекова

Эргашев Р

а/башчылар

17

 

 

 

18

Айылдык округунун аймагында көрнөк-жарнактарды мезгил талабына жараша жанылап туруу

Ар дайым

Эргашев Р

Г.Жанибекова А.Аликулов

19

Крнын Өкмөтү тарабынан дыйкан жана фермердик чарбаларга, жеке товар өндүрүүчүлөргө берилген максаттуу пайдалануунун жана анын кайтарылышынын абалына көзөмөл жүргүзүү

Жыл ичинде

Эргашев Р

Холиков Н

20

Ар ай сайын салыктардын жана башка жыйымдардын, төлөмдөрдүн чогултулушуна анализ жүргүзүү

Ар айда

Токторов С

И.Мамитханов

Н.Ярматов

21

2015-2016-жылдардын кышкы өнүктүгүнүн жүрүшүн көзөмөлгө алып баруу. Бюджеттик мекемелердин кышкы жылытылышын, калкка көмүр сатуунун абалын көзөмөлдөп туруу

Январь

Февраль

С.Токторов

Г.Жанибекова

И.Мамитханов

22

Жаныдан айыл чарба кооперативдерин түзүү, иштеп жаткан айыл чарба кооперативдерине практикалык жардамдарды көрсөтүү багытында иш алып баруу

Ар дайыма

С.токторов

а/башчылар

23

Жайыт комитеттеринин ишине болгон көзөмөлдүү күчөтүү

Апрель

Июнь

С.Токторов

а/башчылар

24

2015-жыл Республикада «Улуттук экономиканы чыңдоо жылы» боюнча иш-чараларды алып баруу

2015-ж

С.Токторов, У.Эралиев, айыл башчылар