Редакцияот 01.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2015-жылдын 1-декабры № 1

Чон-Алай айылдык аймагынын бюджетинин 2015-жылдын 9 ай ичинде аткарылышын кароо жөнүндө

Чоң-Алай айылдык аймагынын башчысы К.Абдылдаевдин жана ФЭБунун башчысы Т.Эсенбаевдин Чоң-Алай айылдык аймагынын бюджетинин 2015-жылдын 9 ай ичинде аткарылышы тууралуу отчетун угуп Чоң-Алай айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттары карап талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Алай айылдык аймагынын 2015-жылдагы бюджетинин 9 ай ичинде аткарылышы депутаттар тарабынан бир добуштан канааттандыраарлык деп табылсын. (тиркеме тиркелет)

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча комитетине тапшырылсын

 

Чоң-Алай айылдык

Кеӊешинин төрагасы:

 

Д. Молдоболотов

 

 

Чоң-Алай айылдык аймагынын 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн ар түрдүү чыгымдарынын кошумча долбоору

 

К№

Чыгашанын аталышы

Сумма (сом)

 

Мектеп

 

1

Чоң-Алай РЭТке карызды төлөө үчүн

311500

2

А.Саит орто мектебине тамак-аш программасын жакшыртуу үчүн суу түтүгүн тартууга

195000

3

Чак орто мектебине тамак-аш программасын жакшыртуу боюнча

150000

4

Кармышев орто мектебине көмүр сатып алуу үчүн

220000

 

Бардыгы

876500