Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын XXX сессиясы
2016-жылдын 10-февралы № 6
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар башкармалыгынын Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын ортосундагы келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук Агенттигининин 15.10.2015-жылдагы № 01-24/143-буйругу менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салыктык укуктар чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктарын жолдоо жөнүндө» типтүү келишимди бекитип берүү жөнүндө шаар мэриясынын 23.11.2015-жылдагы №4-3/2221-катты шаардык кеӊештин туруктуу комиссияларынын кеӊейтилген жыйыны карап чыгып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар башкармалыгынын ортосундагы келишим №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэри салыктык укуктар чөйрөсүндө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай эмес уюштурулгандыгы үчүн жана ушул келишимдин так аткарылышына жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар башкармалыгынын башчысына (А.Кочкорова) өз ишмердүүлүгүн кабыл алынган келишимдин негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Ормоков |
| Жалал-Абад шаардык кеңешинин «10» февраль 2016-жылдагы XХХ- сессиясынын № 6- токтомуна №1-тиркеме |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салыктык укуктар чөйрөсүндөгү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жолдоо жөнүндө
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
1.Келишимдин тараптары
1.1.Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармасы, мындан ары 2015-жылдын 3-февралындагы №26 жобонун негизинде аракет кылуучу Дыйканбаев Касымжан Төлөнбаевичтин атынан бир тараптан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы катары Жалал-Абад шаарынын мэриясы Чойбеков Таирбек Орозбековтин атынан экинчи тараптан, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, төмөнкү келишимди түзүшөт.
2. Келишимдин предмети
2.1. Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармасы Жалал-Абад шаарынын мэриясына төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:
1) ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизинде салыктарды жыйноо;
2) 1,2,3 жана 4-топтогу мүлк салыгын жыйноо;
3) жер салыгын жыйноо.
2.2.Жалал-Абад шаарынын мэриясы жогорудагы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга кабыл алат.
3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдөгү
мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери
3.1. Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өз ыйгарым укуктарын берип жатып, төмөнкүлөргө укуктуу:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын көзөмөлдөөгө;
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча аткарууга милдеттүү болгон актыларды өз компетенциясынын чектеринде кабыл алууга;
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан кетирилген кемчиликтерди четтетүү боюнча кат жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы №413 токтому менен бекитилген салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөгү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө Убактылуу жобосу менен аныкталгандай, берилген ыйгарым укуктар боюнча маалыматтарды жана отчётту сурап алууга;
-ушул келишимде жана Кыргыз Республикасынын “Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамында көрсөтүлгөн учурда жана тартипте мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну демилгелөөгө.
3.2. Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармасы өз компетенциясынын чектеринде буларга милдеттүү:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон усулдук, уюштуруучулук, консультативдик жана башка жардамдарды көрсөтүүгө;
-зарылдыгына карап, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга милдеттендирилген адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында окууларды өткөрүп турууга;
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көзөмөлдүк жүргүзүүгө;
-Убактылуу жобонун 6-пунктунун 47-пунктчасын аткарууга.
4.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруудагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын укуктары жана милдеттери
4.1.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда Жалал-Абад мэриясы төмөнкүлөргө укуктуу:
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда мамлекеттик органдан усулдук, уюштуруучулук, консультативдик жана башка жардамдарды алууга;
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда кетирилген кемчиликтерди четтетүү боюнча мамлекеттик органдын кат жүзүндөгү көрсөтмөлөрүнө сотто даттанууга;
-ушул келишимде жана Кыргыз Республикасынын “Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамында көрсөтүлгөн учурда жана тартипте мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну демилгелөөгө.
4.2.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда Жалал-Абад мэриясы төмөнкүлөргө милдеттүү:
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды келишимге жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укук актыларына ылайык ишке ашырууга;
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жаатында мамлекеттик орган тарабынан текшерүүлөрдүн тоскоолдуксуз жүргүзүлүшүнө шарттарды түзүүгө;
-мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлүүчү квалификацияны жогорулатуу боюнча окууларга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын адистеринин катышуусун камсыз кылууга;
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда кетирилген кемчиликтерди четтетүү боюнча мамлекеттик органдардын кат жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн аткарууга;
-Убактылуу жободо көрсөтүлгөн мөөнөттө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун натыйжалары тууралуу мамлекеттик органдарга отчёт берүүгө;
-берилген салыктарды жыйноонун айлык, кварталдык жана жылдык божомол пландарын сапаттуу аткаруу жана Кыргыз Республикасынын салыктык укук чөйрөсүндөгү салык мыйзамдарын бекем сактоого.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын
берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруучу адиси
5.1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруучу адиси муниципалдык кызматкер болуп эсептелет жана ал Кыргыз Республикасынын муниципалдык чөйрөдөгү мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалат жана бошотулат.
5.2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруучу адиси өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка да ченемдик-укук актыларын жетекчиликке алат.
5.3.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруучу аткаруучу органдарына берүү тууралуу келишимде
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу боюнча отчётунун формасы жана мезгилдүүлүгү
6.1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча Убактылуу жободо көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө мамлекеттик органдын аймактык башкармасына маалыматтарды жана отчётту берип турууну камсыз кылат.
7. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга
мамлекеттик органдын көзөмөлүн ишке ашыруунун тартиби
7.1.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көзөмөлдүк (мындан ары - көзөмөлдүк) келишимдин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыз кылуу максатында ишке ашырылат.
7.2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусуна көзөмөлдүктү мамлекеттик органдын аймактык башкармасы ишке ашырат.
7.3.Мамлекеттик органдын аймактык башкармасы:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылуусунун толук кандуулугуна жана сапатына аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча көрсөтмөлөрдү берүү аркылуу көзөмөлдүктү ишке ашырат;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар чөйрөсүнө тиешелүү маселелер боюнча ченемдик-укук актыларын, ошондой эле аларды ишке ашырууга карата усулдук көрсөтмөлөрдү жүзөгө ашырууга көзөмөлдүк кылат;
-келишимде көрсөтүлгөн учурларда жогору турган органга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул келишимди бузуу тууралуу сунуш даярдайт жана киргизет.
7.4.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга тийиштүү мамлекеттик орган көзөмөлдүктү төмөнкүчө жүзөгө ашырат:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ага берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жаатындагы ишмердигин координациялоо;
-жеригилктүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун натыйжалары тууралуу мыйзамда жана берүү (делегирование) тууралуу келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө жана тартипте отчёт алуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ага берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жаатындагы ишмердигин текшерүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарды берүү;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын кабыл алган чечимдерин мыйзамдуулук жана максаттуулук жаатында баалоо.
8. Келишимдин күчүнө кирүү тартиби, мөөнөтү жана аракети
8.1.Келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө жатат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын келишимди бекитүү тууралуу токтому расмий жарык көргөн күндөн тартып күчүнө кирет.
8.2.Ушул келишимдин аракет мөөнөтү 17.11.2015-ж. – 31.12.2016-ж. болуп эсептелет.
Эгерде эки тараптын бирөө да ушул келишимдин аракет мөөнөтү аяктаган соң келишимди бузуу ниетин билдирбесе, анда анын аракети автоматтык түрдө ошол эле мөөнөткө жана ошол эле шарттарда узартылат.
9. Келишимдин шарттарын өзгөртүү
9.1.Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тараптардын макулдашуусу аркылуу жүргүзүлөт.
9.2.Келишимге киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор да ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө жатат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү бекитүү тууралуу токтому расмий жарык көргөн күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну
токтотуунун негиздери жана тартиби
10.1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышы төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
-аракет мөөнөтүнүн бүтүшү менен;
-соттун келишимди жараксыз деп тапкан чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши менен;
-ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизинде салык жыйноо, 1,2,3 жана 4-топтогу мүлк салыгын жана жер салыгын жыйноо негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруунун мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу ченемдик-укук актысынын кабыл алынышы менен;
-мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу тууралуу чечими (келишимди бузуу) менен;
-келишимде жана/же Кыргыз Республикасынын “Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамында көрсөтүлгөн шарттарда жана тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруудан баш тартышы менен (келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу).
10.2.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын демилгеси менен токтотулушу мүмкүн.
10.3.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун токтотулушунун шарттары төмөнкүлөр эсептелет:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан көз каранды болбогон себептерге байланыштуу берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыра албастык;
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана (же) берүү шарттарын өзгөрткөн ченемдик-укук актыларын кабыл алуу.
10.4. Мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун токтотулушунун шарттары төмөнкүлөр эсептелет:
-мамлекеттик органдын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан аркы ишке ашырылышын алардын ишке ашпагандыгынан же талаптагыдай аткарылбай жаткандыгынан максатсыз деп табышы;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана (же) берүү шарттарын өзгөрткөн ченемдик-укук актыларын кабыл алуу.
10.5.Тараптардын биринин демилгеси менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мөөнөтүнөн мурда токтотулса, анда токтотууну демилгелеген тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуучу күнгө чейин 15 күн мурда башка тарапка кат түрүндө кабар жөнөтүүгө милдеттүү.
10.6.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу кабарды алган тарап 15 күндүн ичинде аны карап, башка тарапты кабарды карап чыгуунун жыйынтыгы тууралуу кабарландырууга милдеттүү.
Башка тарап алынган кабар менен макул болсо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу тараптардын макулдугунун негизинде токтотулат.
10.7.Эгерде 30 күндүн ичинде кабарды кароонун натыйжалары тууралуу башка тараптын кат түрүндөгү жообу же берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотууга макул эместиги болбосо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси сот аркылуу чечилет.
10.8.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу токтогон күндөн баштап жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мамлекеттик орган аркылуу ишке ашырылат.
10.9.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын келишимди токтотуу жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруудан баш тартуу чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын токтому менен бекитилет жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында ченемдик-укук актылары жөнүндө” мыйзамында аныкталган тартипте күчүнө кирет.
11. Тараптардын жоопкерчилиги
11.1.Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандык, укуктарды бузгандык же материалдык жана моралдык зыян келтиргендик үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылынат.
11.2.Шаардын мэри (айыл өкмөтүнүн башчысы) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну талаптагыдай уюштурбагандыгы жана ушул келишимдин жоболорун аткарбагандыгы үчүн жекече жоопкерчилик тартат.
12. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
12.1.Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндөгү келип чыккан бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер тараптардын өз ара сүйлөшүүлөрү аркылуу же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот аркылуу чечилет.