Редакцияот 27.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылыштагы II сеcсиясы

 

2013-жылдын 27-февралы №2/4

Исфана шаардык Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө

Исфана шаардык Кеңешинин Исфана шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө жобону угуп жана талкуулап депутаттардын Исфана шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Исфана шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө жобо бекитилсин. (Жобо тиркелет).

2. Исфана шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү ушул жобого ылайык жүргүзүлсүн.

3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областтык бөлүмүнөн суралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Депутаттардын Исфана шаардык

кеңешинин төрагасы

 

А. Рахманкулов

 

 

 

Депутаттардын Исфана Нарын шаардык кеңешинин IV чакырылыштагы - II сессиясынын 2013-жылдын 27- февралындагы №2/4 токтомуна тиркеме

 

Исфана шаардык кеңешинин «Исфана шаарынын Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө ЖОБО

I. Жалпы жобо

II. Атуулдарга «Исфана шаарынын Ардактуу атуулу» деген наамын берүүнун шарттары.

III. «Исфана шаарынын Ардактуу атуулу» деген наамга сунуш киргизуунун тартиби.

IV. «Исфана шаарынын Ардактуу атуулу» наамын тапшыруунун тартиби.

 

I. Жалпы жобо

 

Исфана шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатында бардык талаптарды улгулуу аткарган, коомдук иштерге активдуу катышкан, жамааттын ынтымагын чындоодо, элдин тынчтыгын сактоодо жана элдердин жыргалчылыгын жогорулатууда, коомдук демократияны элдин катмарына жеткирүүдө талыкпай күрүшкөн, шаардын аймагында элдердин достугун жана улуттар аралык мамилени чындоодо дайыма демилгелүү иштерди жүргүзгөн, шаардын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө өзгөчө чөң салымын кошкон, жергиликтүү жамааттын арасында жараандык этиканы сактап, улгулуу журум турумга ээ болгон тургундарга жүргүзгөн эмгегине баа берүү менен ыраазычылык билдирүү максатында жана анын эмгек жолу, коомдук ишмердүүлүгү жаш муундардын таалим-тарбия алуусуна туртку болгон инсандарга «Исфана шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам берилет.

II. Атуулдарга «Исфана шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам берүү шарты.

 

2.1. Шаардык Кеңештин «Исфана шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам шаардык Кеңеш тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, жергиликтүү жамаатардын, уюмдардын жана ишканалардын жалпы чогулушунун сунушунун негизинде жана ушул жобонун талабына ылайык ыйгарылат.

2.2. «Исфана шаарынын Ардактуу атуулу» деген наамды шаардын аймагында 5 жылдан кем эмес иштеген атуулдар, эл алдында корунуктуу эмгек синирген, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматкерлери, эмгек жамааттарынын мүчөлөрү, айылдык жана кварталдык жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү алууга укуктуу.

«Исфана шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам шаардын экономикасын, социалдык жана маданий денгээлин которууго, элдин жашоо турмушун жакшыртууга өзгөчө улушун кошсо;

- элге кызмат көрсөтүүнү жогорку денгээлде жүргүзүп, элдин талаптарын толук канааттандырса;

- балдарга билим, тарбия берүүдо өзгөчө ийгиликтерге жетишсе;

- элди медициналык жактан тейлөөдө өзгөчө эмгек синирсе;

- коомдук тартипти сактоого өзгөчө улушун кошсо;

- эл чыгармачылыгына, маданиятка, адабиятка, искуствого жекече салым киргизсе;

- жогорку корсоткучтор менен бирге коомдук пайдалуу эмгекке активдүү катышса, кайрымдуулук акцияларына, демоорчулукко такай комоктошуп, өз улушун кошсо, жамааттыкка өтө пайдалуу ар кандай кызматын көрсөтсө жана жараандык этиканы туу тутуп, бүтүндөй үй-бүлөсүнүн журум-туруму боюнча эң жогорку улгу көрсөтсө.

2.3. Өзгөчө кырдаалдарда баатырдык, эрдик көрсөткөндөргө жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатында иштеген эмес болсо да шаардык комиссиянын заседаниесинин чечими менен «Исфана шаарынын Ардактуу атуулу» наамын алууга укуктуу.

2.4. Көп жылдар бою иштеп элдин жакырчылыгын жоюу же болбосо жаш муундарга билим жана тарбия берүүдө, атуулдардын саламаттыгын сактоодо көрсөткөн улгулуу эмгегин же болбосо жаш муундарга билим жана тарбия берүүдө, атуулдардын саламаттыгын сактоодо көрсөткөн улгулуу эмгегин же болбосо ардактуу эс алууга чыккан учурда да өзгөчө эмгек синиргендигин эске алынып, Исфана шаарынын Ардактуу атуулу наамы менен сыйланууга укуктуу.

III. «Исфана шаарынын Ардактуу атуулу» деген наамга сунуш киргизүүнүн тартиби.

 

3.1. «Исфана шаарынын Ардактуу атуулу» деген наамга сунуштарды көчөнүн, айылдын жалпы жыйындарында, аксакалдар сотунун, коомдук уюмдардын, айылдык комитеттин заседаниелеринде жана айыл башчысынын, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алуу менен Исфана шаарынын мэриясынын заседаниесинде каралып, кароонун жыйынтыгын шаардык Кеңештин кароосуна сунуш кылат. Шаардык Кеңешке түшкөн материал кылдаттык менен талданып, тиешелүү талапкерлерге «Исфана шаарынын Ардактуу атуулу» деген наамды ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынат.

3.2. «Исфана шаарынын Ардактуу атуулу» деген наамга татыктуу болгон жамааттын мүчөсүнө «Исфана шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам ыйгарылгандыгы тууралуу күбөлүк берилет.

IV. «Исфана шаарынын Ардактуу атуулу» наамын тапшыруунун тартиби.

 

4.1 «Исфана шаарынын Ардактуу атуулу» наамын шаардык Кеңештин сессиясында, элдик курултайларда, даталуу кундорго арналган салтанаттуу жыйындарда эмгек жамаатынын жалпы чогулуштарында шаардык Кеңештин төрагасы, анын орун басары, алар жок мезгилде жооптуу катчысы тарабынан тапшырылат.

4.2 «Исфана шаарынын Ардактуу атуулу» наамы менен сыйланган атуулдун эмгек китепчесине жазуу менен шаардык Кеңеште атайын өздүк дело ачылып тизмеге алуу журналы жүргүзүлөт.

 

Депутаттардын Исфана шаардык

кеңешинин жооптуу катчысы

 

З. Туяков