Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-июндун №6
Тамчы айылдык округунун жер аянттары жөнүндө
Айыл Кеңешинин кезектеги XXVII сессиясында каралган, айыл Округунун аймагында жер аянттарына укуктун түрлөрүн (аукцион, конкурс, түз сатуу) берүү боюнча комиссиянын Жобосун бекитүү жөнүндөгү маселени карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл Округунун аймагында жер аянттарына укуктун түрлөрүн (аукцион, конкурс, түз сатуу) берүү боюнча жобосу жана түзүлгөн комиссия курамы бекитилсин.
2. Түзүлгөн комиссия курамына атайын Жобонун негизинде иш алып баруу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айыл Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылысын
Тамчы айылдык кеңешинин төрагасы
| Т. Абдылдаев
|
Тамчы айылдык кеңешинин №6 токтому менен бекитилген Т. Абдылдаев |
Тамчы айылдык Округунун Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартибин жана шарттары жөнүндө ЖОБОСУ
Бул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана Тамчы айыл Округунун муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна (мындан ары-жер участкалары) менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
Жер участокторуна менчик же ижара укугун акы төлөө менен берүүнү ыйгарым укуктуу орган ачык тоорукта ишке ашырат. Ал эми ушул Типтүү жобонун 11 -пунктунда каралган учурларда жер участокторун ижарага акы төлөө менен берүү тике сатуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн. Жер участокко менчик же ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт.
Жер участоктор ижарага 50 жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн. Жер участокторду ижарага берүү мөөнөтүн ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
Бул Типтүү жобонун талаптары бардык учурларда аткарылууга тийиш болгон жер участокторду тузуу процедурасынан башка учурларда Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинде каралган учурларга карата колдонулбайт.
5. Бул Типтүү жободо колдонулган түшүнүктөр:
жерлерди ижаралоо - менчик зэсинин/жер пайдалануучукун (ижарага беруучунун) жер участогун ижарачыга тийиштүү акысына белгилүү бир убакытка
пайдалануу укугу менен бериши;
аукцион - тооруктун туру, мында баарынан кымбат бааны сунуштаган жак утат;
гарантиялык взнос - жер участогуна укукту алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер тогуучу акчанын суммасы;
сары линиялар - кыйраткыч жер титирөөлөрдүн, табигый же техногендик башка кырсыктардын натыйжасында имараттардын (түзүлүштөрдүн, курулуштардын) урандыларынын мүмкүн болгон түшүүсүнүн максимум жол берилүүчү зоналарынын чектери. Сары линиялар, эреже катары, имараттар менен курулуштардын ортосундагы аралыктарды жөнгө салуу үчүн колдонулат;
конкурс - сатып алуучулардан тооруктун предметине карата тийиштуүү шарттарды аткаруу талуу менен тооруктун предметин сатуу;
кызыл линиялар - бул көчөлөрдү жана жолдорду пландык структуранын башка элементтеринен бөлүп туруучу, көчөлөрдүн жана жолдордун энин аныктоочу жана чек ара болуучу линиялар;
лот - алуу укугу тоорукка коюлган конкретүү жер участогу;
карасанатай атаандаштык-субьекттердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, иш жүргүзүүнүн адатгарына, тартиптүүлүктүн, аң сезимддүлүктүн жана адилеттүүлүктүн талаптарына каршы келген, артыкчылык аяууга багытталган аракеттери, эгер мындай аракеттер төмөнкүдөй натыйжаларга алып келсе:
тооруктун катышуучуларынын өз ара жашырын макуддашуусуна;
коррупцияга;
тоорукта бааны жасалма кымбаттатууга, арзандатууга же кармап турууга;
потенциалдуу катышуучулардын тоорукка катышуусун чектееге же катыштырбай коюуга жана башка карасанатай аракеттерге;
кыймылсыз мүлктү көз карандысыз баалоочу - кыймьшсыз мүлктү баалоо боюнча атайын адистикке окуганы жөнүндө тийиштуу сертификатты. аныкталган тартипте алган жана баа берилчү объектке карата уюштуруучусу, менчик ээси, акционери, мүлктүк кызыкчылыгы бар жак болбогон, ал адамдар менен жакын туугандык мамилеси жок адам;
курулуш куруунун жана жерди пайдалануунун эрежелери - жергиликтүү өз аддынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууну жана өзгөртүп курууну шаар куруу регламенттерин киргизүү жолу менен жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылары;
туз сатуу - жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (арыз бергендерге) жер участогуна менчик же ижара укугун тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен берүү ыкмасы;
жер участогуна менчик укугу - жеке адамдардын жана юридикалык жактардын өзүнө таандык жер участогуна Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген чектөөлөр менен өз каалоосу боюнча ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана башка мыйзамдык актылары менен таанылуучу жана корголуучу укугу;
жер участогун уруксат менен пайдалануу - кыймылсыз мүлк объектилерин калктуу конуштардын шаар куруу документтери жана жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери менен белгиленген шаар куруу регламенттерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген чектеелерге жана сервитуттарга ылайык пайдалануу;
жер участогунун старттык баасы - тоорукта же түз сатуу үчүн коюлган жер участогунун баштапкы баасы;
тоорук - муниципалдык менчикте турган жер участокко укукту беруунун ыкмасы. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт;
жерлердин максаттуу пайдаланылышы - жер участокторун жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу;
ыйгарым укуктуу орган - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө ыйгарым укук берилген болугу.
6. Жер участогуна укукту берүү боюнча тоорукту Тамчы айылдык Округу уюштурат.
7. Жер участокторуна укуктарды берүү процессии ишке ашыруу учун ушул Типтүү жобого ылайык жерге укукту беруу боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт.
Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана окулдук органдарынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамын жергиликтүү кеңеш ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча бекитет.
8. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- жер участокко менчик же ижара укугун берүү мүмкүндүгүү жөнүндө чечим чыгарат;
- жер участокко укуктун (менчик, ижара) турун, акы беруунун ыкмасын (аукцион, конкурс, түз сатуу) аныктайт; аукциондук кадамды (аукцион откорулсо) же конкурстун шарттарын (конкурс өткөрүүлгөн учурда) аныктайт;
- сатуу жөнүндө түз сүйлөшүү жүргүзүү учүн-лоттун же жер участоктун старттык баасын белгилейт;
- тооруктун жыйынтыгын аныктайт;
- жер участокко укук берүүгө байланышкан башка маселелерди ушул Типтүү жободо жана башка нормативдик укуктук актыларда каралган компетенциясынын чегинде карайт.
Комиссиянын чечимдери мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда кворум болсо добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.
Добуштар бирдей болуп калса комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот.
- Комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы жана жыйынга катышкан мүчөлөрү, ал эми ушул Жободо каралган учурларда болсо -тооруктун жеңүучүсү да кол коюшат.
9. Тооруктардын жана түз сатуулардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке адамдар жана юридикалык жактар болушат.
10. Тооруктун предмети болуп жер участокту сатуу-сатып алуу же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга (ижаралоого) келишим түзүү укугу эсептелет, ал эми түз сатуунун предмети болуп жер участокту мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга (ижаралоого) келишим түзүү укугу эсептелет
11. Жер участокту ижаралоо укугун ыйгарым укукгуу орган жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) төмөнкүдөй учурларда түз сатуу жолу менен берет, эгерде:
а) мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участокто имаратгар жана курулмалар, анын ичинде курулушу бүтө электери бар болсо жана алар ошол адамдарга менчик укугунда таандык болсо;
б) жер участок ачык тоорукка эки жолу белгиленген тартипте коюлса жана ижарага берилбесе;
в) жер участок ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, ал объекттерге киру
үүчү топту куруу, абаттоо же объекттин аянтын кеңейтүү максатында кошупкуруу учун ал жер участок козголбос мулктун оз аддынча'бирдиги катары түзүлүшү мумкун эмес болсо жана андай жер участокко укукту учунчу жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болгон шартта;
г) жер участок ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, же ал имараттардын жана курулмалардын жанына жакын жайгашса жана аларды тейлөө үчүн транспортту коюучу жайларды уюштуруу керек болсо, андай жер участокко укушу учунчу жактарга беруу көрсөтүлгөн имараттардын жана, курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болсо
12. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Өзгөчө учурларда аларды ыйгарым укуктуу орган беш жылга чейикки кыска -мөөнөттүү ижарага бериши мумкун. Мындай жерлерде жеңилдетилген типтеги имараттарды жана курулмаларды курууга уруксат берилиши мүмкүн.
13. Менчик же ижара укугу түзүлгөн жер участокторго берилет. Жер участок төмөнкүдөй учурларда түзүлдү деп эсептелет, эгерде:
- жер участок үчүнчү жактардын укуктарынан бош (сервитут жолу менен бекитилген укуктардан башка);
- жер участоктун чек аралары аныкталган;
-жер участокту уруксат берилген пайдалануунун белгиленген турлору жана башка керектүү шаар куруу регламенттери бар;
ал жер участок боюнча инженерлик коммуникациялар бар же жок экени женунде, уруксат берилген максимум кубапуулугу, инженердик коммуникацияларга кошуунун убактысы жана баасы жонундо маалыматтар берилген болсо, ошондой эле инженердик коммуникациялары жок болсо - ал райондо инженерлик коммуникацияларды онуктуруу пландалып жатканы жонундо, пландальп жаткан инженердик коммуникациялардын мумкун болгон кубатгуулугу жонундо, аларга кошуунун мооноту жана баасы жонундо маалыматтар берилген болсо;
- ал жер участокто турган бак-дарактарды пайдалануу, кыюу, которуштуруу макулдашылса (эгер алар бар болсо).
14. Менчик же ижара укугун берүү үчүн жер участокторун түзүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан өз демилгеси боюнча же жеке жана юридикалык жактардын арызынын негизинде ишке ашырылат.
15. Тоорукта жер участокко укукту алууга талапкер жеке жана юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылышат.
Арызда булар корсотулот:
арыз ээси жөнүндө маалыматтар (аны чаташтырбастан идентификациялоо учун керектүү маалыматтар, юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк же чет өлкөлүк эмес экендиги кошумча көрсөтүлөт);
- жер участокко суралып жаткан укуктун туру (менчик укугу же убактылуу пайдалануу укугу);
- инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы, участоктун аянты жана турган жери; конкреттүү жер участок жөнүндө маалымат жок болсо арыз ээси алгылыктуу жерди көрсөтөт, ошого жараша жер участок тандалат жана түзүлөт.
16. Жер участокко укукту түз сатуу жолу менен алууга талапкер жеке жана юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылышат. Арызда булар көрсөтүлөт:
- арыз ээси жөнундо маалыматтар (аны чаташтырбастан идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк же чет өлкөлүк эмес экендиги кошумча көрсөтүлөт);
- жер участокко суралып жаткан укуктун туру (менчик укугу же убактылуу пайдалануу укугу);
- участоктун аянты жана турган жери;
- козголбос мулк объекта жөнундо маалыматтар (эгер бар болсо);
- ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун в) жана г) пунктчаларында каралган учурларда инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы.
Арызга булар тиркелет: ушул Типтүү жобонун 11 -пунктунун 6) пунктчасында каралгандан башка учурларда - жер участокко жана козголбос мулктун объектисине (имаратка жана курулмага) укукту күбөлөндүрүүчү документтердин копиялары.
17. Ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине арыз кабыл альнганы жөнүндө ырастама берет.
18. Ыйгарым укуктуу орган өз демилгеси боюнча жер арыз түшкөндөн кийин 3 күндүк мөөнөттүн ичинде аймактык архитектура жана курулуш органына жер частогун түзүү боюнча тийиштүү тапшырма жиберет.
Ыйгарым укуктуу органдын тапшырмасында инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы жана аянттын болжолдуу аянты менен жайгашкан жерин көрсөтүү каралат.
19. Ушул Жобонун 11-пунктунун а) пунктчасында каралган учурларда,ошондой эле эгер укук берилип жаткан жер участок мурда түзүлгөн болсо жер участоктукайрадан түзүү талап кылынбайт.
20. Архитектуранын жана курулуштун аймактык органы суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгын 5 иш кундун ичинде аныктайт.
Билдирилген ниеттер ылайык эместиги аныкталса архитектуранын аймактык органы кийинки күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайык эместиги жөнүндө корутундуну жиберет.
21. Суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгы аныкталганда архитектуранын аймактык органы 7 иш кундун ичинде жер участоктун 1:500 масштабда аткарылган топографиялык негиздеги схемасын даярдайт, анда булар чийилет: .
- жер участоктун чек арасы, участоктун бурчтук чекиттери көрсөтүлөт же чектери турган козголбос мүлк объекттерине же' геодезиялык белгилерге байлаштырылат;
- жер .участок аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын трассалары
22. Жер участокторун түзүү боюнча иштин стадиясында архитектуранын жана курулуштун аймактык органы инженердик-техникалык коммуникацияларга кошуунун баштапкы техникалык шарттарын аныктоо учун инженердик-техникалык кызматтар менен, ошондой эле тийиштүү корутундуларды жана башка зарыл документтерди алуу максатында ушул пунктта көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара байланышта иштешүүнү камсыздайт.
Архитектуранын аймактык органы жер участоктун схемасы даярдалгандан кийинки күндөн кечиктирбестен ушул Жобонун 21-пунктуна ылайык жер участоктун схемасынын копиясы менен кошо буларга суроо жиберет:
- жергиликтүү каттоо органына, жер участоктун чек араларын, үчүнчү жактардын укуктары, оорчулуктар жана чектөөлөр бар же жок экенин жана коңшулаш жер пайдалануучулар-жер участоктордун менчик ээлери менен схеманы макулдашуу үчүн;
- электр, суу жана канализация, жылуулук жана газ менен камсыздоочу инженердик-техникалык кызматтарга, баштапкы техникалык шарттарды алуу учун;
- экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлүнүн ыйгарым укуктуу органдарына, тийиштүү корутунду алуу учун;
- эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоонун шарттарын аныктоо үчүн (жер участок эстеликтерди көруу зонасында болсо);
- өсүмдүктөрдү өстүрүү жана көрүү боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органга, өсүмдүктөрдү пайдалануунун шарттары жөнүндө маселени, анын ичинде аларды кыюу же которуу маселесин чечүү үчүн (жер участокто муниципалдык менчиктеги өсүмдүктөр бар болсо). Эгер жер участокко укуктар жогоруда аталган органдар менен макулдашылган шаар куруу документтеринин негизинде өткөрүлүп жатса, анда өзүнчө жер участокту ушул пунктка ылайык түзүүдө бул аталган ыйгарым укуктуу органдар менен кайрдана макуддашуу талап кылынбайт.
Ушул Жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн инженердик-техникалык кызматтар баштапкы техникалык шарттарды, ал эми ыйгарым укуктуу органдар - тийиштүү корутундуну архитектура органына 5 иш күндүн ичинде жиберүүгө милдеттүү.
Баштапкы техникалык шартта инженердик коммуникациялар бар же жок экени, максимум жол берилген кубаттуулугу, инженердик коммуникацияларга кошуу мөөнөтүү жана баасы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт, ал эми инженердик коммуникациялары жок болсо — ал райондо инженерлик-коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жатканы, пландалган инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугуу аларга кошуунун мөөнөтү жана кубаттуулугу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Ыйгарым укуктуу органдардын корутундуларында, курулуш куруу мумкундугу жөнүндө маалымат, жана мыйзамда каралган учурларда-
тийищтуу мыйзамдарды аткаруу боюнча чектоолор жана талаптар корсотулот.
Инженердик тармактарга кошууга мүмкүндүк жоктугу тооруктун катышуучусу же жер участокту түз сатып алуу жолу менен алып жаткан жак бул жөнүндө маалымдалган шартта жер участокко укукту берүүгө тоскоол болбойт.
Корутундулар көрсөтүлгөн мөөнттө берилбесе архитектуранын аймактык органы жиберген материалдар тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жактырылган деп эсептелет.
Эгер жер участок менчикке берилип жатса, анда жер участокко менчик укугу менен кошо ал жер участокто жайгашкан башка козголбос мулк объекттерине, анын ичинде бак-дарактарга да менчик укугу менчик ээсине өтөт.
Эгер бак-дарактарды кыюуга же которууга, же жеке менчикке берүүгө мыйзам жол бербесе, анда бак-дарактарды багуу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган ал жөнүндө негизделген корутунду түзөт жана өсүмдүктөрдү пайдалануунун шарттарын аныктайт.
Эгер бак-дарактарды кыюуга же которууга, же жеке менчикке берүүгө мыйзам тыюу салбаса, бак-дарактарды багуу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган андай өсүмдүктөрдүн баасын компенсациялоонун суммасын көрсөтүү менен тийиштүү корутунду тузот. Мындай учурда бак-дарактарды кыюуга же көчүрүүгө уруксат документтерди кайрадан макуддашуу же алуу талап кылынбайт.
25. Архитектуранын жана курулуштун аймактык органы алынган материалдардын негизинде 7 иш кундун ичинде бедгиленген формада Жер участоктун планын тиркемеге ылайык 2 нускада түзөт. Жер участоктун планы төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) жер участоктун топографиялык негизде 1:500 масштабда аткарылган схемасы түрүндөгү графикалык материал, ага булар тартылат:
- жер участоктун чек арасы, участоктун бурчтук чекиттери көрсөтүлөт же чектери турган козголбос мулк объекттерине же геодезиялык белгилерге байлаштырылат;
- жер участок аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын трассалары;
- инженердик-техникалык тармак өтүүчү долбоорлук трассалар жана ага кошулуучу чекигтер, ошондой эле инженердик коммуникациялардын куруу зонасына туш келүүчү трассалары;
- курулуш курулчу линиялар, кызыл, сэры линиялар;
- сууну. Коргоо зоналарынын, санитардык-коргоочу зоналардын жана санитардык коруу зоналарынын чектери;
-. участокко баруучу жолдун уюштурулушу;
- транспорт коюучу орундун мүмкүн болгон жайгаштырылышы, санын көрсөтүү менен (эгер зарыл болсо).
б) Текст материал, анда төмөнкүлөр каралат: жер участоктун параметрлери (мүнөздөмөсү), аньш ичинде жер титирөө жагдайындагы
шарттары, опурталдуу инженердик-геологиялык жана техногендик кубулуштардын бар же жок экендиги, суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттин шаар куруу документтерине жааа Курулуш, куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгы жөнүндө маалыматтар, ошондой эле жер участокторду уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү жана параметрлери боюнча негизги жана кошумча шаар куруу регламенттери.
Негизги шаар куруу регламенттери төмөнкүлөрдү караштырат:
- уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү;
- курулуштардын жер участоктордун чегинен минимум аралыктары;
- курулуштардын жол берилген (максимум жана/же минимум) кабаттуулугу;
- участокко курулуштарды куруунун максимум мүмкүн болгон аянты жана процента.
Участок тийиштүү чектоолор бар зонада жайгашкан болсо Жер участоктун планында кошумча шаар куруу регламенттери бар экени көрсөтүлөт:
- курулуштарды куруунун жана жер пайдалануунун санитардык, сууну коргоочу жана экологиялык шарттары боюнча;
- тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо шарттары боюнча.
Участоктун жайгашкан жерине жана объекттин функциялык арналышына жараша төмөнкүдөй кошумча талаптар белгилениши мүмкүн:
- абаттоо жана фасаддар боюнча талаптар;
- транспорт коюучу, а.и. курулуш убагындагы убактылуу орунга талаптар, орундун санын менен (эгер зарыл болсо) жана участокко баруучу жолдорду көрсөтүү менен;
- инженердик-техникалык коммуникацияларды курулуш куручучу аянттан сыртка алып чыгуу боюнча талаптар (жеке менчикте тургандан башкаларьш);
в) объек инженердик тармактарга кошуунун инженердик-техникалык кызматтар берген баштапкы техникалык шарттары;
г) ушул Жобонун 21-пунктунда каралган тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары.
Жер участоктун планына архитектуранын жана курулуштун аймактык органынын жетекчиси кол коёт.
Жер участоктун планын даярдоодо ал жердин чек араларын белгилее камсыздалат, ал жонундо Планга тийиштуу жазуу жазылат.
26. Жер участоктун планын даярдоонун жалпы мөөнөту тапшырма берилген күндөн баштап 25 иш күн.
27. Ушул Жобонун 11-пунктунун в) жана г) пунктчаларында каралган учурларда жер участоктутузуу жөнөкөйлөштүурүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
- Ыйгарым укуктуу орган арыз альшган күндүн 33 иш күндүн ичинде архитектураньн жана курулуштун аймактык органына копиясын тиркөө менен тапшырма жиберет.
Тамчы айылдык Округу тапшьрмасында инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасын, участоктун болжоддуу аянтын жана дарегин көрөтүү караштырылат. Жер участоктун аянтын ыйгарым укуктуу орган тушкөн арызга жараша жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныктайт.
Архитектуранын жана курулуштун аймактык органы суралып жаткан жер участок боюнча курулуштук ниеттердин курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгын 5 иш күндүн ичинде аныктайт.
Суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттер ылайык эместиги аныкталса архитектуранын жана курулуштун аймактык органы 7 иш күндүн ичинде жер участоктун 1:500 масштабда аткарылган топографиялык негиздеги схемасын даярдайт, анда булар чийилет:
- жер участоктун чек арасы, участоктун бурчтук чекиттери корсотулот же чектери турган козголбос мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байлаштьрылат;
- жер участок аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын трассалары.
Архитектуранын аймактык органы жер участоктун схемасы даярдалгандан кийинки күндөн кечиктирбестен жер участоктун схемасынын копиясын ага тиркелген арыздын копиясы менен кошо төмөнкүлөргө жиберет:
- жергиликтүү каттоо органына, жер участоктун чек араларын, үчүнчү жактардын укуктары, оорчулуктар жана чектөөлөр бар же жок экенин жана коншулаш жер пайдалануучулар-жер участоктордун бардык менчик ээлери менен схеманы макуддашуу үчүн;
- эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоонун шарттарын аныктоо үчүн (жер участок эстеликтерди коруу зонасында болсо);
- бак-дарактарды өстүүрүү жана коруу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органга, өсүмдүктөрдү пайдалануунун шарттары жөнүндө маселени, анын ичинде аларды кыюу же которуу маселесин чечуу үчүн (жер участокто муниципалдык менчиктеги өсүмдүктөр бар болсо).
28. Жергиликтүү каттоо органы жана ушул Жобонун 27-пунктунда көрсөтүлгөн тийиштуу ыйгарым укуктуу органдар архитектуранын жана курулуштун аймактык органына тийиштүү корутундуну ушул Жобонун 23 жана 24-пункттарында каралган маалыматты көрсөтүү менен 5 иш кундун ичинде жиберүүгө милдеттүү.
Корутуңцулар корсотулгон моонотто берилбесе, архитектуранын аймактык органы жиберген материалдар! тийиштуу ыйгарым укуктуу органда жактырылды деп эсептелет. Зарыл болсо архитектуранын жана курулуштун аймактык органы жергиликтуу каттоо органынан келген материалдардын: негизинде Жер Участоктун Планын 1 иш кундун ичщдг такгайг.
29. Жер участоктун планы курулуш объекттерин долбоорлоого баштапкы материал болот жана курулуш объектин инженердик тармактарга кошуу учун инженердик техникалык шарттарды алууда инженердик- техникалык коммуникациялар
отуучу трассалардын долбоорун жана аларга кошуу чекиттерин чийуу учун графикалык негиз болот. Курулушка уруксат документтерди тариздоодо архитектуралык- пландоо шарттарын алуу талап кылынбайт.
30. Архитектуранын аймактык органы ушул Жобонун 25 жана 28-пункттарында каралган моонот буткондон кийинки кундон кечиктирбестен Жер участоктун планын ага тиркелген бардык материалдар менен кошо ыйгарым укуктуу органга берет.
31. Жер участокту түзүүгө байланыштуу чыгымдарды ыйгарым укуктуу орган жер участокторго менчик жана ижара укугун сатуудан түшкөндөн топтолуучу каражаттардын эсебинен төлөйт. Тузулген ар бир жер участок боюнча жер участокту түзүүгө кетүүчү чыгымдардын сметасы түзүлүп, ал ыйгарым укуктуу органга берилет. Ыйгарым укуктуу органдын жер участокту түзүүгө байланышкан чыгымдары жер участоктун баасына киргизилет.
32. Төмөнкүдөй учурларда жер участокко укукту берүүгө болбойт, эгерде:
- жер участок ушул Жобого ылайык түзүлбөсө;;
- архитектуранын аймактык органынын суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттер ылайык эместиги жөнүндө корутундусу болсо, же жергиликтүү каттоо органы жер участокту берүүго мумкун эместиги жөнүндө корутунду чыгарса.
33. Ыйгарым укуктуу орган Жер участоктун планын ага тиркелген бардык материалдары менен 3 иш күндүн ичинде карайт.
Аталган документтерди кароонун жыйынтыгында ыйгарым укуктуу орган:
- коомдук угууларды өткөрөт (ушул Жобонун 34-пунктунда каралган учурларда);
- жер участокту баалайт;
- же аталган документтерди толуктап иштеп чыгуу зарыл болсо аларды архитектуранын жана курулуштун аймактык органына кемчиликтерин көрсөтүү менен кайра жиберет.
Архитектуранын жана курулуштун аймактык органы ал документтерди 5 иш күндүн ичинде толуктап иштеп чыгат жана ыйгарым укуктуу органга жиберет.
34. Ыйгарым укуктуу орган кызыкдар жактарга угуулар болгону жактаны жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына коомдук угуу болоордон 15 күн мурдатан жарыялоо менен кабарлайт.
Билдирүү угуу өткөрүлчү күн, убактысы жана орду; укукка берилип жаткан жер участок жөнүндө маалыматтар (турган жери, аянты, уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү), тийиштүү информация менен алгачкы тааныштыруучу күн, убактысы жана орду жөнүндө маалыматтар, ыйгарым укуктуу органдын байланышуучу маалымаггары болууга тийиш.
Коомдук угууга кызыкдар жеке жана юридикалык жактар катышууга укуктуу. Ыйгарым укуктуу орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, архитектура жана курулуш органдарынын, жергиликтуу каттоочу органдын жана башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүн коомдук угууга катышуу үчүн чакырууга укуктуу.
Коомдук угуу процессинде ыйгарым укуктуу орган протокол түзот, анда түшкон бардык сунуштар, сын-пикирлер жана аларды кароонун жыйынтыктары жазылат.
Коомдук угуунун жыйынтыгы жөнундө протокол Жер участоктун планы жана ага тиркелген материалдар менен комиссияга жиберилет. Протоколдун копиясы ыйгарым укуктуу органдын кызматтык имаратында жалпыга көрүнгөн жердеги атайын стендге илинет жана анын расмий сайтына жарыяланат.
35 Коомдук угуунун жыйынтыгыцда Жер участоктун планын толуктап иштеп чыгуу зарыл болсо ыйгарым укуктуу орган аны аймактык архитектура жана курулуш органына кайра жиберуугв укуктуу, алжиберилген документтерди ушул Жобонун 33-пунктунда белгиленген моонотто иштеп чыгат жана ыйгарым .укуктуу органга жиберет.
36. Жер участокко укук коомдук угуу өткөрүү менен кабыл алынган шаар куруу документтеринин негизинде берилип жатса, ал жер участокту берүү максатында кайталап коомдук угуу өткөрүү талап кылынбайт.
37.Түзүлгөн жер участоктун старттык баасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карадган тартипте аныкталат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жер участоктун баасы козголбос мүлктү көз.-карандысыз баалоочуларды тартуу менен аныкталат.
Жер участокто муниципалдык менчикке тиешелүү имараттар жана курулмалар, ошондой эле буте элек курулуш бар болсо участоктун баасьшаушул объекттердин баасы Да кошулат. Ыйгарым укуктуу орган жер участоктун баасын, анын ичинде көз карандысыз балоо жүргүзүү менен Жер участоктун планы алынгандан кийин 10 иш кундун ичинде аныктайт (эсептейт). Кез каранды эмес баалоо жүргүзүү ыйгарым укуктуу орган менен көз карандысыз баалоочунун ортосунда түзүлүүчү келишимдин негизинде ишке ашырылат.
38. Ыйгарым укуктуу орган 3 иш кундун ичинде Жер участоктун планын тиркелген бардык материалдары менен кошо комиссиянын кароосуна берет.
39. Комиссия Жер участоктун планын жана ага тиркелген бардык материалдарды алгандан кийин 3 иш күндүн ичинде карайт.
Комиссия жер участокту тоорукка коюу же түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алса комиссия төмөнкүлөрдү аныктайт: жер участокко берилип жаткан укуктун туру (менчик, ижара), жер участокко укукту беруунун ыкмасы (аукцион, конкурс, туз сатуу), жер участоктун старттык баасы. Гарантиялык акынын өлчөмү, тоорукка катышуучулар аны тогуучу мөөнөт жана тартиби, аукциондук кадам (аукцион откорулгон учурда) же конкурстун шарттары (конкурс өткөрүлсө).
Тоорук же түз сатуу өткөрүлгөндө тооруктун ар бир предмети боюнча старттык бааны комиссия көз каранды эмес баалоочулардын корутундусунун негизинде белгилейт.
Комиссиянын жер участогун тоорукка коюу же түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечими протокол түрүндө таризделет.
40. Ушул Жобонун 14-15-пункттарында каралган учурларда ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине анын арызын кароонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
41. Ыйгарым укуктуу орган ар бир жер участогу боюнча информациялык пакет түзөт, анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
- Жер участоктун планынын копиясы, ага тиркелген материалдары менен кошо;
- жер участоктун старттык баасы;
- конкурстун шарттары (эгер конкурс өткөрүлсө);
- гарантиялык акынын (барымтанын) өлчөмү. Тоорукка катышуучулар аны тогуусунун мөөнөтү жана тартиби;
- жер участокту сатуу-сатып алуу же ижарага алуу келишиминин долбоору;
- тооруктун жеңүүчүсү же туз сатуу жолу менен берилчү жер участокту сатып алуучу менен келишим түзүүнүн мөөнөтү.
Ыйгарым укуктуу орган тоорукка катышууну каалагандарга инфомациялык пакетти берүүгө милдеттүү.
Информациялык пакет акы төлөө менен берилген учурда анын баасы аны даярдоого кеткен чыгымдардан ашпоого тийиш.
42. Ыйгарым укуктуу орган тоорук өткөрүлөөрдөн отуз күнөн кем эмес мурдатан жалпыга маалымдоо каражаттарына жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүү жарыялоого милдеттүү.Билдирүүдө тооруктун убактысы, орду жана формасы, предмети, тооруктун предметинин старттык баасы, ан ын ичинде тоорукка катышууга арыздарды кабыл алуу бүтүүчү мөөнөт, гарантиялык акы (барымта) тогулуучу банктын реквизиттери, толук маалымат алуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын байланыш маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш.
43. Жер участокторго менчик же ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт:
44. Тоорукка коюлчу бардык объекттер лотторго болүштүрүлүүгө тийиш.
45. Тоорукта объекттер "бир номер - бир лот" деген схема боюнча берилет.
46. Талапкер тоорукка катышуу укугун алуу үчүн тооруктун уюштуруучусуна.буларды берет:
- тоорукка катышуу жөнүндө ниетин билдирген арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен;
- талапкер болгон жеке адамдын ким экенин билдирүүчү документ;
- талапкер болгон юридикалык жактын укукка жарактуулугун ырастоочу документ;
- адам талапкер болуп жаткан юридикалык жактын жетекчиси экенин ырастаган документ, же талапкер болуп жаткан жеке же юридикалык тараптын атынан чыгууга укугун билдируучу ишеним кат;
гарантиялык акы (барымта) төлөнгөнүн ырастоочу төлөм документтер.
Жер участокко менчик укугун берүү боюнча тоорукка катышуу ниетин билдирген юридикалык жак ал юридикалык жак чет өлкөлуү эмес экенин ырастаган докумен кошумча тапшырат (уставдын же уюштуруу келишиминин копиясы, акционерлердин реестринен кочурмо ж.у.с).
47. Талапкерлер гарантиялык акыны (барымтаны) ыйгарым укуктуу органдын учурдагы эсебине акчалай эмес которуу же кассасына накта акча тогуу жолу менен төлөшөт. Гарантиялык акынын өлчөмүн ыйгарым укуктуу орган берилүүчу жер участоктун старттык баасынын 10 процентинен ашык эмес белгилейт.
48. Тооруктун жеңүүчүсү менен келишим түзүүдө гарантиялык акынын (барымтанын) суммасы тооруктун предметинин сатык баасына киргизилет.
49. Эгер талапкер тоорукка бир нече объект боюнча катышса, гарантиялык акы ар бир объект боюнча өзүнчө төлөнөт.
Гарантиялык акы (барьшта) төмөнкүдөй учурларда 5 иш кундун ичинде кайра берилүүгө тийиш:
- тоорукта утпаган катышуучуга;
- эгер тоорук болбой калса;
- тоорукка катышуудан тоорук өткөрүлөрдөн 3 күн мурда баш тартылса.
50. Ыйгарым укуктуу орган катышуучулардын арыздарын кабыл алат жана каттайт. Талапткерлер арыз кабыл алынып жана номер ыйгарылганы. Жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүнү алган учурдан баштап тооруктун катышуучусунун статусун алышат.
51. Төмөнкүдөй учурлэрда арыз ээсинин документтерин алуудан баш тартылышы мүмкүн:
- арыз тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүүдө белгиленген аны кабыл алуу мөөнөту бүткөндөн кийин берилсе;
- арызды арыз ээсинин атынан аракеттенүүгө ыйгарым укугу жок адам тапшырса;
ушул Жобонун 49-пунктунда көрсөтүлгөн документтер тапшырылбаса, же тапшырылган документтер тийиштүү түрдө таризделбесе.
Документтерди кабьш алуудан баш тартуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан, баш тартуунун себебин көсөтүү менен, арыз берилгенден кийинки күндөн кечиктирбестен ишке ашырылат. Ыйгарым укуктуу орган кабыл албаган арыз жана ага тиркелген документтер арыз ээсине аларды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө маалымат менен кошо кайра берилет.
52. Тооруктун катышуучулары төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- тоорукка өзу же өкүлдөрү аркылуу катьшгууга;
- тооруктун предмети жөнүндө толук маалыматты информациялык пакетти алуу жолу менен алууга;
- тоорукка катышуудан баш тартууга, бирок ал жөнүндө тооруктун уюштуруучусуна тоорук өткөрүлөөрдөн үч күндөн кем эмес мурдатан билдирүүгө жана өзүнүн гарантиялык акысын алууга. Көрсөтүлгөн мөөнөт бузулса гарантиялык акы кайра берилбейт;
- тооруктун предметен кароого;
- комиссиянын протоколдору менен таанышууга жана алардын копияларын алууга;
- тооруктун катышуучусу катары укугу бузулса сотко кайрылууга.
53. Бир гана катышуучу катышкан тооруктар болбой калды деп эсептелет жана ыйгарым укуктуу орган же ал лот боюнча тоорук өткөрүлгөнү жөнүндө билдирүү жарыялайт же ал лотту тоорукка койбоо жөнүндө чечим чыгарат.
54. Тоорукка тооруктун катышуучусу эмес адамдар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катышууга укуктуу.
55. Комиссия аукциондон каалаган убакта, бирок аны өткөрүүчү күндөн үч күндөн, кем эмес мурдатан, ал эми конкурстан болсо — аны өткөрүүчү күндөн отуз күндөн кем эмес мурдатан баш тартууга укуктуу, ал жөнүндө протокол тузулуп, анда тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себеби көрсөтүлөт. Тооруктан баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу орган ал жөнүндө тооруктун катышуучуларына тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарлайт.
56. Карасанатай атаандаштык аныкталган учурда комиссия коюлуп Жаткан лотту качан болсо да алып салууга же лот боюнча тооруктун жыйынтыгын жокко чыгарууга укуктуу.
57. Тооруктун катышуучусу тараптан болгон карасанатай атаандаштык аныкталган учурда ал ошол боюнча тоорукка андан ар укугунан ажуратылат, мында ага гарантиялык акы (барымта) кайра берилбейт.
58. Аукцион өткөрүүнүн тартиби:
Ыйгарым укуктуу орган аукцион башталаардын алдында аукционго келген катышуучуларды каттайт жана аларга номер ыйгарылган табличкаларды берет.
Аукционду комиссия дайындоочу аукциончу өткөрөт. Аукциондо тооруктун башталышы болуп аукциончу лоттун номерин, тооруктун предметинин старттык баасын жана аукциондук кадамды жарыялаган учур эсептелет.
Лотту старттык баасы боюнча алууну каалаган аукциондун катышуучусу аукциончуга каратылган номерлүү табличкасын которуп, лотту айтылган баасы боюнча алууга макулдугун билдирет.
Аукциондун катышуучусунун ар бир сунушу кабыл алынганы аукционисттин катышуучунун номерин жана ал сунуш кылган бааны жарыялашы менен билдирилет.
Ар бир жаны сунуш мурункусунан бир кадамдан кем эмес ашууга тийиш.
Эгер аукциончу акыркы бааны уч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири андан ашыгыраак бааны сунуш кылбаса, аукциончу балканы уруу менен тооруктун предметин акыркы бааны сунуштаган катышуучу сатып алганы жөнүндө жарыялайт. Тооруктун жүрүшүндө акыркы бааны сунуш кылган аукциондун катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
Эгер аукциондун жүрүшүндө старттык баа үч жолу жарыялангандан кийин тооруктун предметин алууга даяр сатып алуучу чыкпаса аукциончу старттык бааны 20 проценттен ашык эмес арзандатууга укуктуу.
59. Конкурс өткөрүүнүн тартиби:
Конкурска катышуучу билдирүүдө жана информациялык пакетте көрсөтүлгөн конкурстун шарттарына ьшайыктуу конкурстук сунушун конкурс өткөрүлчү күну, белгиленген убакыттан кечиктирбестен комиссиянын жыйынында чапталган конвертте тапшырат.
Бир лот боюнча бир катышуучудан бир гана конкурстук сунуш берилиши мүмкун.
Конкурстук сунуштар алар кабыл алынып буткенден кийин конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн көзүнчө ачьшат.
Комиссия тушкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурска катышуучунун номерин, аты-жөнүн же аталышын, конкурстун катышуучусу сунуш кылган негизги конкурстук шарттарды (анын ичинде жер участоктун баасын же ижара акысынын өлчөмүн), айтат, конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгын протоколго жазат жана түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.
Конкурстук сунуштарды баалоо конкурстук документтерде белгиленген критерийлер боюнча, конкурстук сунуштар ачылган күнү ишке ашырылат.
Конкурстук сунуштарды баалоо үчүн кошумча убакыт керек болгон өзгөчө учурларда комиссия конкурсту өткөрүү мөөнөтүн үч күндөн ашпаган мөөнөткө узартса болот, ал жөнүндө конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколго тийиштүү жазуу жазылып, комиссиянын мүчөлөрү жана комиссиянын жыйынына катышып отурган конкурстун катышуучулары кол коюшат.
Берилген арыздарды баалоонун жүрүшүндө комиссия конкурстун катышуучуларын өздөрүнүн конкурстук сунуштарын түшүндүрүүсүн сурап кайрылууга укуктуу.
Конкурстун шарттарынын мазмунун, анын ичинде конкурстун катышуучуларына сунушталып жаткан жер участоктун баасын же ижара акынын өлчөмүн эч кандай өзгөртүүгө же алар менен комиссиянын ортосунда берилген конкурстук сунуштар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө болбойт.
Комиссия конкурстук документтерде белгиленген талаптарга ылайык эмес конкурстук сунушту четке кагат.
Конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыгында комиссия баарынан артык сунушту берген конкурстун женуучусун аныктайт, конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүлөт, ага комиссиянын жыйынына катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат.
60. Жер участокко укукту түз сатуу жолу менен беруунун тартиби: Түз сатууну комиссия жер участокту түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алынган убактан тартып 15 иш кундун ичинде ушу л Жобонун 30-пунктуна ылайык өткөрөт.
Ыйгарым укуктуу орган комиссия жер участокту түз сатуу жолу менен беруу жөнүндө чечим кабыл алган учурдан баштан 3 иш күндүн ичииде ушул Жобонун 39-пунктуна ылайык арыз ээсине туз сатуу өткөрүлчү күн жана орду жөнүндө кабарлоого жана ага информациялык пакетти жиберүүгө милдетүү.
Түз сатууну комиссия арыз ээси менен берилчу жер участоктун баасы боюнча сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен ишке ашырат.
Суйлөшүү процесинин жүрүшүндө комиссия жер участоктун баасын баалоо наркынын 20 процентинин чегинде кымбаттатууга же арзандатууга укуктуу.
Арыз ээси жер участокту алуудан сүйлөшүүнүн кайсы стадиясында болсо да баш тартууга укуктуу.
Торуктун уюштуруучусу протоколго кол коюдан качса гарантиялых акыны (барымтакы) эки эсе өлчөмдө кайра төлөөгө, ошондой эле тоорукта уткан жакка тоорукка катышуудан болгон чыгьшдарын төлөп берүүгө милдеттүү.
Эгер тоорукта жеңүүчү деп таанылган тооруктун кийинки катышуучусу протоколго кол коюудан баш тартса, ал да токкон гарантиялык - акыны (барымтаны) кайра албайт жана тооруктун жеңуучүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат, Мьндай учурда ал лот боюнча кайра тоорук өткөрүү жөнүндө жарыяланат.
61.Тооруктун жана түз сатуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун негизинде ага кол коюлгандан кийин 3 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тооруктун жеңүүчүсү же жер участоктун түз сатып алуучусу менен жер участокту сатуу-сатып алуу же ижаралоо келишимин түзөт.
62. Жер участок учун акы акчалай же акчалай эмес эсептешүү (которуу) менен төлөнсө болот. Накта акчалай төлөнгөн учурда акы ыйгарым укуктуу органдын кассасына төгүлөт.
63. Келишим жергиликтүү каттоо органында мамлекеттик каттоого алынууга тийиш жана нотариуста милдеттүү күбөлөндүрүү талап кылынбайт. Жер участокко менчик же ижара укугу козгобос мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирет.
64. Жер участоктун схемасы укукту күбөлөндүрүүчү документтин графикалык болугу катары пайдаланылат.
65. Жер участокторду тоорукта жана түз сатууларда менчикке же ижарага берүүдон алынган каражаттар тийиштүү жергиликтуу бюджетке түшөт. Ал акчанын 10 проценти ушул Жобонун 71 -пунктунда көрсөтүлгөн чыгымдарды жабууга жумшалат.
66.Жер участокторду менчикке же ижарага берүүгө байланыштуу чыгымдар, анын ичинде архитектуранын жана курулуштун, мамлекеттик каттоо органынын, коз каранды эмес баалоочулардын кызматтарына акы төлөөгө байланышкан чыгымдарды ыйгарым укуктуу орган көтөрөт.
67.Ыйгарым укуктуу органдардын жер участокторду берүүгө тиешелуу чечимдери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте даттанууга болот.