Редакцияот 10.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVI сессиясы

 

2016-жылдын 10-марты № 26/1

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин

2016-жылдын иш-планын бекитүү жөнүндө

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардык кеңештин    2016-жылдын иш-планын карап талкуулап , Көк-Жаңгак шаардык кеңеши      ( VI чакырылыштагы  кезектеги  ХХVI- сессиясы)                  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 2016-жылга койгон иш-планы  толуктоолорду киргизүү менен  бекитилсин. (Иш-план тиркелет).

2. Бул токтомдун аткарылышынын  көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика  жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

К.У. Курбанов

 

                       

 

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2016-ЖЫЛГА КОЙГОН

ИШ-ПЛАНЫ

 

№

Аткаруу

мөөнөтү

Каралуучу маселенин аталышы

Туруктуу

комиссиялар

 

1

 

 

 

1.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 2016-жылга иш-

   планын бекитүү.

 

Шаардык кеңештин

депутаттары

2016-жыл

февраль-

март

 яйы

 

2.Көк-Жаңгак шаардын мэри Ж.Юсуповдун 2015ж.

   шаардын жалпы абалы жана бюджеттин

   аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана

   бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын

   пайдаланышы, шаардык социалдык-экономикалык

   жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан

   коргоопрограммаларынын аткарылышы жөнүндө

   отчетун угуу.

3.2015-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө

   ошондой эле бюджеттин аткарылышынын

   жүрүшү жана республикалык бюджеттен

   жергиликтуу бюджетке берилуучу каражаттардын

   аткарылышы боюнча  каржы бөлүмүнүн

   жетекчиси Ж.Эргашевдин маалыматын угуу, 

   2016-жылдын бюджеттин бекитүү жана 2017-2018

   жж. бюджетинин божомолун (прогноз) кабыл алуу.

4.Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү жамаатынын

   Уставын бекитүү.

 

Шаардык кеңеш

 

 

 

 

Тийиштуу туруктуу комиссиялар

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2

 

 

 

 

 

 

 

 

2016-жыл

март-

апрель

айы

 

1.Шаардагы канализация жана тазалоочу   

   курулмалардын түтүмүнүн иши жана 

   пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана   

   жашылдандыруу боюнча жана шаардын көчөлөрүн

   тазалоо, жазга болгон даярдыгы боюнча

   жетекчисинин иш-пландары  менен таанышу.

2.Калкты ичичүү таза суу менен камсыз кылуу үчүн

   2016-жылга К.Киезбаевдин иш пландары менен

   таанышуу.

3.Шаардык ветеринардык кызмат бөлүмүнүн иш   

   пландары менен таанышу.

4.Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана

   кесепеттерин жою боюнча жетекчисинин иш

   пландары менен таанышу.

Экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу жана жер, коммуналдык чарба муниципалдык менчик ж-а айыл чарба маселелер боюнча комиссия.

3

 

 

2016- жыл апрел-

май

айы

1.Шаардык билим берүү бөлүмү (мектептер, бала

   бакчалар жана балдар чыгармачылык борбору)

   аткарган иштери,билим берүүнүн окуу

   процесстери жана сапаты боюнча башчысы

   С.Сейдакматованын маалыматын угуу.

2.Шаардык №71 кесиптик лицейдин билим берүү

   боюнча окуу процесстери жана  сапаты боюнча

   директору Т.Айтиевдин  маалыматын угуу.

Билим берүү жана жаштар, аялдар саясаты, маданият жана спорт маселелер боюнча туруктуу комиссиясы

4

2016-

жыл

май-

июнь айы

1.Маданият бөлүмүнүн жетекчиси А.Кунанбаевдин

   (жергиликтүү маанидеги кипеткананын ишин

   уюштуруу, «Искусство» мектеби жана маданият

   уйу боюнча ) иш планы менен таанышу.

 

2.Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын

   жетекчиси  Ж.Айтмамбетованын иш планы менен

   таанышу.

 

 3.Көк-Жаңгак шаарынын «Барчын» эс алуу

   борбрунун жетекчиси «арендатор» 

   Г.Жолоеванын иш планы менен таанышу  жана 

   эс алуу борборунун 2016-жылга даярдыгы боюнча

   маалыматын угуу.

Билим берүү ж-а жаштар, аялдар саясаты, маданият ж-а спорт маселелер боюнча туруктуу комиссия

Социалдык коргоо жана саламаттык сактоо маселелер боюнча туруктуу комиссия

Экономика-өндүрүш ж-а инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик   ж-а айыл чарба маселелер боюнча туруктуу ком-я

5

2016-жыл

июнь-

июль

айы

1.Шаардагы жалпы дарыгерлер борбору аткарган

   иштери боюнча жетекчиси Р.Насырованын

   иш планы менен таанышу.

2.Муниципалдык менчикте турган жерлерин

   бөлүштүрүү жана пайдалануу боюнча 

   комиссиянын жетекчисинин маалыматын угуу.

Социалдык коргоо ж-а саламаттык сактоо м-р боюнча туруктуу ком-я

6

2016-жыл

июль-август айы

 

1.Көк-Жаңгак шаардык мэриянын  2016 жылдын

   6 ай аралыгындагы аткарган жумушу боюнча

   шаардын мэрии Ж.Юсуповдун  маалыматын угуу 

   жана шаардык мекеме ишканалардын 2016-

   жылдын 6-айда аткарган иштер боюнча жалпы

   жетекчилеринин маалыматтарын угуу.

2.Шаардын каржы бөлүмүнүн 2016-жылдын 6  

   айынын жыйынтыгы боюнча бюджеттин

   аткарылышы жөнүндө жетекчисин маалыматын 

   угуу. 

Шаардык кеңеш

 

 

 

 

Тийиштуу туруктуу комиссиялар

 

 

 

7

2016-жыл

август

айы

   1.Мектептердин жаңы окуу жылына болгон

   даярдыгы боюнча шаардык билим берүү 

   бөлүмүнүн жетекчиси С.Сейдакматованын иш

   планы менен танышуу.

2.Шаардык № 71 техникалык кесиптик лицейдин

   жаңы окуу жылына болгон даярдыгы боюнча

   жана билим  берүүгө түзүлгөн шарттары туралуу

   жетекчисинин  иш планы менен таанышу.

Билим берүү ж-а жаштар, аялдар саясаты, маданият ж-а спорт маселелер боюнча комиссия.

 

 

8

2016-жыл

сентябрь-октябрь

айы

1.Кышка даярдык боюнча шаардагы бюджеттик

   ишканалардын жана УЭСтин   жетекчилеринин

   иш пландары менен таанышу.

2.Шаардык  мэриянын  салык бөлүмчөсүнүн

   салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн

   жыйноо боюнча  9 айда аткарган иштери жөнүндө

   маалыматын угуу.

 

 

Экономика-өндүрүш ж-а инвестиция тартуу жана жер, коммуналдык чарба , муниципалдык менчик жана айыл чарба масселелер боюнча комиссия.

 

9

 

2016-жыл

октябрь

айы

 

1. № 1 жана 2 өспүрүм балдар спорт мектеби жана

   дене тарбия тармагында жана массалык спорту

   өнүктүрүү боюнча жетекчилеринин иш планы

   менен таанышу.

 

Билим берүү ж-а жаштар, аялдар саясаты, маданият жана спорт маселелер боюнча комиссия.

10

2016-жыл

ноябрь

айы

1.Депутаттар өздөрүнүн шайлоочулары менен

   жолугушууларды өткөрүү.

 

Депутаттар

11

2016-жыл

декабрь

айы

1.Иш-планы боюнча жасалган иштерди 

   жыйынтыктоо.

  

Депутаттар