Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1999-жылдын 26-июлу № 91
Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө
(КР 2006-жылдын 13-февралындагы № 38, 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 2014-жылдын 13-январындагы № 10, 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151, 2015-жылдын 20-мартындагы № 65, 2017-жылдын 18-мартындагы № 47, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2020-жылдын 17-августундагы № 134, 2025-жылдын 31-июлундагы № 175 Мыйзамдарынын редакцияларын ылайык)
I бөлүм. Жалпы жоболор
II бөлүм. Тарыхый-маданий мурас объекттерине карата менчик укугун ишке ашыруунун өзгөчөлүгү
III бөлүм. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүн каржылоо
IV бөлүм. Тарыхый-маданий мурас объекттерин мамлекеттик эсепке алуу
V бөлүм. Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу тартиби
VI бөлүм. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик жана алардын пайдаланылышына контролдук жүргүзүү
VII бөлүм. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы эл аралык кызматташтык. Эл аралык келишимдер жана макулдашуулар
VIII бөлүм. Корутунду жоболор
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагындагы эл үчүн уникалдуу баалуулук болгон тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жагындагы укуктук ченемдерди белгилейт.
Мыйзам бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жагындагы алардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
I бөлүм. Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери
Ушул Мыйзамдын максаты тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын, корголушун жана ар тараптан натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу болуп саналат.
Ушул Мыйзамдын милдети тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы социалдык-укуктук мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат, атап айтканда: