Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги 9-заседаниеси
2016-жылдын 23-декабры № 9/2
Будалык айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын социалдык- экономикалык пландын аткарылышы 2017-жылга социалдык- экономикалык планды долборлоо жөнүндө
Будалык айыл өкмөт башчысынын кыскача билдирүүсун угуп жана талкуулап Будалык айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл өкмөтүндө 2016-жыл ичинде бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2017-жылга карата аткарылуучу иштер долбоорлонуп, 2017- жылга социалдык- экономикалык планга киргизилсин.(Негизги аткарылуучу долбоорлор боюнча маалымат тиркелет)
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | С. Рахматов |
| Будалык айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын заседаниесине №9/2 токтомуна тиркеме |
МААЛЫМАТ
1. Социалдык маселелер:
Жалпы калктын саны 2017-жылдын 1-январына карата -3692
Эркектер -1876
Аялдар -1816
Жалгыз бой карыялар -6
Майыптар - 101
Пенсионерлер -423
Пособия алуучулар: -106
2016-жыл ичинде жалпы 228 үй бүлөө жөлөк пул алган болсо, 2017-жылдын бүгүнкү күнүндө 84 үй бүлөөгө берилип жатат.
Жалпы иштегендердин саны: - 184
Анын ичинен мугалимдер: -106
тарбиячылар: -8
Медицина кызматкерлери: -11
Маданият кызматкерлери: -2
Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери: -14
Жалпы техникалык кызматкерлер: - 40
Почта байланыш кызматкерлери: -3
Жумушсуздар: катталгандар -123
2. Инвецтиция тартуу боюнча:
Октябрь айылындагы “Шалбаа” бала бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнөн бөлүнгөн акча каражаты: -467160 сом
Агахан фондусунан -100, 0 сом
3. Курулуштар:
3.1.Тамга Терек айылына мобилдик байланыш орнотулду
3.2.“Шалбаа” балдар бакчасына таза суу киргизилди. Кошумча имарат ремонттолуп 30 орундуу кошумча тайпа ачылды.
4. 2017-жылга карата аткарылуучу иштер
4.1 Интернет байланышын ишке ашыруу бул маселе боюнча Алай телекомго 200 мин сом акча каражатын которуп бергенбиз.
4.2 Кум- Шоро айылына бала бакча куруу үчүн да айылдык кенештин сессиясында акча каржаты бөлүнгөн.
4.3 Будалык башталгыч мектебине жаныдан туалет курууга тиешелүү документтер такталып бүттү, архитектуралык чиймеси чийилди.
4.4 Айылдагы электр столбаларын алмаштырууда Алай РЭТиге көмөк көрсөтүү
4.5 Оро –Дөбө айылындагы көпүрөнү ремонтто үчүн айыл өкмөтүнүн балансына алынат.Тиешелүү документтер даярдалды.
4.6 Ж.Бубаев атындагы орто мектебинин ашканасын капиталдык ремонттон өткөрүү. Бул ишти аткаруу боюнча да акча каражатыбыз бар.
4.7. Айыл өкмөтүнүн аймагында “Таза суу пайдалануучулар бирикмесин” Октябрь жана Кара Суу айылдарына түзүп, анын иш кагаздарын даярдоо. Бул бирикменин иштеп кетиши үчүн шарттарды түзүү. Айыл өкмөтүнөн акча каражатын бөлүп берүү.