Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-январы № 3
Жалпак-Таш айыл аймагынын Айылдык кенешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 11-пунктун таянып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2015-жылынын 25-ноябрындагы № 01 – 24/ 65 буйругу менен бекитилген Айылдык Кеңештин типтүү регламентинин негизинде жана аталган буйруктун 3-пунктун эске алып Жалпак-Таш айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламенти бекитилсин.(Регламент тиркелет)
2. Зарылдыкка жараша регламентке өзгөртүү киргизүү жөнүндө чечим айылдык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынсын.
3. Жалпак-Таш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламенти бекитилген күндөн таптып күчүнө кирсин жана Жалпак-Таш айылдык кеңеши регламентке ылайык иш алып барсын.
4. Жалпак-Таш айылдык кеңешинин регламентине ылайык иш алып баруу жагын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Х. Каныбаев |
| Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыштагы кезектеги 2-сессиясынын 2017-жылдын 24-январындагы №3 токтому менен бекитилген. |
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
24-январь 2017-жылы.
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, айылдык кеңештин ишин жөнгө салган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын макамы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акттарынын негизинде иштелип чыкты.
I БӨЛҮК. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1.1. Жалпак-Таш айылдык кеңеш (мындан ары – айылдык кеңеш) – жашыруун добуш берүүдө жалпы тең жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө шайланган 21 депутаттан турган, өз ишин коллегиялуулук негизде жүргүзгөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Айылдык кеңеш юридикалык жак деп эсептелет. Айылдык кеңештин өз мөөрү, штампы жана бланктары, банк мекемесинде эсеби, өз милдеттери боюнча жооп берген мүлкү бар, ал өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга жана милдеттемелерге ээ болуп жана ишке ашыра алат, сотто жоопкер жана доочу боло алат.
1.3. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компентенциясына киргизилген маселелерди өз алдынча чечет, өзү кабыл алган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
1.4. Айылдык кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айылдык кеңештин ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун жана айылдык кеңештин ишин уюштуруунун тартибин жана жол-жоболорун аныктайт.
1.5. Айылдык кеңештердин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы катары алардын сессиялары, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, ошондой эле шайлоочулар менен иштери эсептелет.
1.6. Айылдык кеңештин депутаттары өз ишин негизги ишинен ажырабастан акысыз негизде ишке ашырат.
1.7. Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулуктун, коллегиялуулуктун, тең салмактуулуктун, маселелерди эркин талкуулоонун жана чечим кабыл алуунун принциптерине негизделет.
2-бөлүм. Айылдык кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи сессиясы
2.1. Жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясы Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктагандан кийин эки аптадан кеч эмес мөөнөттө кеңештин өткөн чакырылыштагы төрагасы тарабынан чакырылат.
2.2. Айылдык кеңештин алгачкы сессиясын айылдык кеңештин депутаттарынын жаш курагы боюнча улуусу ачат.