Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы № 8
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2016- жылдагы аткарган иштери жана айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2017- жыл үчүн милдеттери жана иш чаралары жөнүндө
Жалпак- Таш айылдык кеңеши Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2016-жылдагы аткарылган иштер жөнүндөгү отчетун жана Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн милдеттерин жана иш чараларын угуп талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак- Таш айыл өкмөтүнүн 2016-жылы алып барган жана аткарган иштери кемчилдиктери менен аткаргандыгы белгиленсин.
2. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2017-жыл үчүн иш чараларын алымча кошумчалары менен № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө“Финансы ,экономика,бюжет ,экономикалык жактан өнүгүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция масалелери”боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага | Х. Каныбаев |
| Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 24-февралындаг №8 Токтомуна №1-Тиркеме |
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2017-жылдагы аткарылуучу иш чаралары
№ | Иш-чаранын аталышы | Аткарууга жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү |
1 | 2016-жылдын жыйынтыгын чыгаруу жана 2017-жылга милдеттерди тактоо | А/өкмөт башчысы,айылдык кенештин депутатары,жооптуу адистер | 1-квартал |
2 | Курбу-Таш таза суу пайдалануучулар бирикмесин түзүү менен таза суу суу кампасын куруу | Айыл өкмөтү, жамаат | Жыл ичинде |
3 | Курбу-Таш айылына ген. план боюнча мончо куруу | Айыл өкмөтү, жамаат,демөөрчү | 1-4 квартал |
4 | Сары-Таш таш кенинде иш жүргүзуп жаткан ишканалар менен жайын уюштуруу | Айыл өкмөтү | 1-квртал |
5 | Социалдык мекемелерге чарбалык иштерине колдоо көрсөтүү | Айыл өкмөтү | Жыл ичинде |
6 | Курбу-Таш балдар бакчасына проект жасоо жана жаны имарат куруу | Айыл өкмөтү,демөрчүлөр | Жыл ичинде |
7 | Курбу-Таш айылына Сары-Таш таш кениндеги казылып алынган таштардын эсебин алуу үчүн пост куруу | Айыл өкмөтү | 1-2-квартал |
8 | Туз-Бел айылындагы №11 ГВС оруканасынын 2 кабатын капиталдык ремонттон өкөрүү | Айыл окмөтү,демөрчүлөр | Жыл ичинде |
9 | Айыл аймагында каада-салттарды ,ырым-жырымдарды жөнгө салуу | Айылдык кенеш,Айыл өкмөтү,жергиликтүү тургундар | Жыл ичинде |
10 | Айыл аймагындагы ичүүчү таза суулардын суу түтүтчөлөрун ремонтоо,жана элди таза суу менен камсыздоо | Айыл өкмөтү,жамаат | Жыл ичинде |
11 | Курбу Таш айылынан жайытка чыгуучу чарбалык жолдоруна көпүрө салуу | Айыл өкмөтү, жамаат,жайыт комитети | 3-4 квартал |
12 | Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жогорку чыңалуудагы электр мамычаларын коркунучсуз абалга келтирүү. | Айыл өкмөтү, жамаат,РЭТ ишканасы | 3-квартал |
13 | Ак-Терек-Түз-Бел авто жолунун абалын жакшыртып ,шагыл төшөө | Айыл өкмөтү, жамаат,демөөрчү | 2-3-квартал |
14 | Ак-Терек таза суу пайдалануучулар бирикмесин түзүү . Ремонттоо жана корукка алуу маселесин чечүү. | Айыл өкмөтү, жамаат,таза суу пайдаланучулар бирикмеси | Жыл ичинде |
15 | Ак-Терек айылына бала бакча ачуу | Айыл өкмөтү, жамаат,демөөрчү | 2-3-квартал |
16 | Жайыт комитетинин ишин жакшыртуу жана Жан-Чукур жайлоосун корукка алуу менен маселесин чечүү. | Жайыт комитети, жамаат,демөөрчү | Жыл ичинде |
17 | Кара-Тарык айылын камсыздаган таза суу түтүгүнүн каптажын куруу жана айылдын Куңгөй ,Арзи-Коргон учаскалырына таза суу түтүгүн тартуу. | Айыл өкмөтү, жамаат,демөөрчү | 2-3 квартал |
18 | Т.Ташмаматов башталгыч мектебинин имаратынын жаңы курулушуна долбоор жасоо | Айыл өкмөтү, мектеп жетекчиси | Жыл ичинде |
19 | Кысык-Алма айылынын жашоочуларын таза суу менен камсыздоо. | Айыл өкмөтү, жамаат,демөөрчү | 1-2 квартал |
20 | Кысык Алма айылынан Киров айылына өтүүчү “Эрмекбай Ата” көпүрсүн коопсуз абалга келтирип, кошумча жумуштарын аткаруу. | Айыл өкмөтү, жамаат,ОКМ | 3-квартал |
21 | Киров айылынын жаш үй-бүлөөлөрүн турак жай үчүн жер тилкесин болгон муктаждыгы маселесин чечүү менен жаштардын көйгөйүн женилдетүү | Айыл өкмөтү | Жыл ичинде |
22 | Түз-Бел айлынын көчөлөрүнө түнкү жарык чырактары менен камсыздоо. | Айыл өкмөтү, жамаат,демөөрчү | 4-квартал |
23 | Кароол –Дөбөгү уюлдук байланыш станциясына күчөтүлгөн интернет маалымат желесин орнотуу. | Айыл өкмөтү. | Жыл ичинде |
24 | Султан-Супа таза суу пайдалануучулар бирикмесин чарбалык ж.б муктаждыктарына бюджеттик каржылоого алуу . | Айыл өкмөтү. | 1-4-квартал |
25 | Т.Турдубаева орто мектебининин жылытуу системасын катуу көмүр отуну менен жылытууга өткөрүү,проект жасоо. | Айыл өкмөтү.Мектеп жетекчилиги , Долбоор боюнча | 1-4-квартал |
26 | Т.Турдубаева атындагы орто мектебинин керибериш дарбазасына арка жасоо | Айыл өкмөтү, жамаат,демөөрчү | 2-квартал |
27 | Туз-Бел айылындагы бала бакчага жайкы кухня,көмүр кана куруу жана ички ремонтун жасоо. | Айыл өкмөтү,демөрчү | 2-3-квартал |
29 | Түз-Бел айылынын Катыраңкы учаскасына Ак-Терек айлынан таза суу түтүгүн тартуу. | Айыл өкмөтү, жамаат,демөөрчү | 2-3 квартал |
30 | Тарых жана маданият жылына карата Курбу-Таш айылдык маданият үйүнүн оңдоо , жылуулук системасын куруу,полдоо иштерин жүргүзүү,материалдыек техникалык базасын чындоо. (стол,стул,музукалык аппараттар,ж.б) | Айыл өкмөтү, Маданият бөлүмү ,Маданият үйүнүн экгек жамааты | 2-квартал |
31 | Уч-Капчал айылына мончо куруу. | Айыл өкмөтү, жамаат,демөөрчү | 1-3 квартал |
32 | Т.Оморкулов орто мектебинин жаны имаратын курулушун куруу. | Айыл өкмөтү, КР Өкмөтү | 1-4-квартал |
33 | Т.Жоробеков орто мектебинин окуу имаратын жаныдан куруу иштерин колго алуу жана долбоорун жасоо. | Айыл өкмөтү.КР Өкмөтү,ӨКМ | Жыл ичинде |
34 | К.Калмурзаев орто мектебинин мектеп аянтчасын бетондоо жана тарых жана маданият жылына карата эстелик тургузуу. | Айыл өкмөтү.жамаат,демөөрчү | 2-3-квартал |
35 | Айл өкмөтүнүн кенсесинин материалдвк техникалык базасын чындоо | Айыл өкмөтү | 2-квартал |
36 | Айыл аймагындагы мектептерди электрондук доска менен камсыздоо | Айыл өкмөтү | Жыл ичинде |
37 | Айыл өкмөтүнүн социалдык маанидеги маселелерге (8-март,21-март,1-5-май,25-май,1-июнь,31-авгсуст,1-октябрь ж.б) уюшкандыкта өткөрүү | Айыл өкмөтү | Жыл ичинде |
38 | Т.Жоробеков атындагы орто мектебине ашкана куруу | Айыл өкмөтү КР.Өкмөтү жамаат | 2-3-квартал |
39 | Айыл өкмөтүнүн аймагына кызмат көрсөтүү ишканаларды куруу | Айыл өкмөтү,жамаат,демөөрчүлор | Жыл ичинде |
40 | Т.Жоробеков атындагы орто мектебине китеп сактоочу буюм жана эмерек менен касыздоо | Айыл өкмөтү,жамаат,демөөрчүлөр | 2-3-квартал |
41 | К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин ашканасын жана китепканасын эмерек менен кмсыздоо | Айыл өкмөтү,демөөрчүлөр | 2-3-квартал |
42 | Айыл өкмөтүнүн кенсесине тамактануучу жай уюштурууу | Айыл өкмөтү | 1-2-квартал |
43 | К.Калмурзав атындагы орто мектебинин спорттук залын буткоруу | КРнын Окмоту | 1-3 кв |
44 | Абдыкаар айылына агын суу алып баруу учун 1300 метр аралыка суу тутугун тартуу | Айыл окмоту,жамаат | 2-3-кв |
45 | Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелеринде иштеген жаш мугалимдерге КРнын Билим беруу жөнүндө Мыйзамына ылайык колдоо көрсөтүү | Айыл өкмөтү | Жыл ичинде |
46 | Киров Айылында курулуп жаткан бала бакчаныны курулушун буткоруу | Айыл өкмөтү | 2-4-квартал |
47 | Курбу-Таш балдар бакчасына компьтер,ксерокория,пылесос,балдардын боюн,салмагын өлчөөчү тараза,балдар отурганга стол,килем,конставар менен камсыздоо | Айыл өкмөтү | 2-3 квартал |
48 | Уч-Капчал айылындагы ички жол арасына колган көпүрөлөрдүн курулушун бүткөрүү | Айыл өкмөтү | 2-3 квартал |
49 | Үч-Капал айылына курулган посттун имарынана эмеректерди алуу | Айыл өкмөтү,демоорчулор | 2-3 квартал |
50 | Айыл элинин муктаждыктарына керектүү болгон устакана куруу | Айыл өкмөтү,инвесторлор | 2-4-квартал |
51 | Т.Оморкулов атындагы орто мектебинин спорт залын жылуулук системасын жасоо,ажаткана куруу,кошумча ашкан куруу,МЕРСИКО уюуму тарабынана колдоого алынып жаткан долбоордун негизинде жашыл бак тигуу | Айыл өкмөтү,инветорлор | 2-*3 квартал |
52 | Айыл аймагындагы жакыр жашаган жарандары кризистик абалдан чыгаруу | Айыл өкмөтү | 2-4-квартал |
53 | Ак-Терек айылына агын сууга 1000 метр аралыкка агын суу тартуу | Айыл өкмөтү | 2-3-квартал |
54 | Айыл аймагында ветеринардык эпизоотиялык абалды сактоо(сибир жарасынын чордондорун заласыздандыруу, жугуштуу оорулардын алдын алуу,”беккер” чункур жасоо,жобул ит-мышыктарды атып жок кылуу, ж.б). | Айыл өкмөтү,Райондук вет башкармалыгы менен биргеликте | Жыл ичинде |
55 | Айыл аймагынын айыл ичиндеги ички жолдорго шагыл төшөө | Айыл өкмөтү,жамаат | Жыл ичинде |