Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-февралы № 13-9
Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесини 2016-жылга жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2017-жылга түзүлгөн божомол бюджетинин токтомун бекитүү жөнүндө
Н.Исанов ЖПБнин 2017-жылдын 7-февраль «2016-жылга жайыт пайдаланууда жургузгөн иштеринин аткарылышы жана 2017-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү токтомун депутаттардын айылдык кеңеши бекитүү максатында »
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинсин 2017-жылдын 7-февраль «2016-жылга жайыт пайдаланууд а жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2017-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү токтому бекитилсин ». (тиркелет)
Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жыл үчүн түзүлгөн божомол бюджети бекитилсин жана малдарын жайытка чыгарууну тиркемеге ылайык мөөнөтүндө малдарын айдап чыгуусун көзөмөлгө алуу ЖПБнын төрагасы М.Мамановго тапшырылсын. ( тиркеме тиркелет)
Н.Исанов жайыт пайдалануучулар арасында өрт коопсуздугун сактоо жана мал ылаңдарына каршы алдын алуу эмдөөлөрдүн өз убагында жүрүү максатында айылдык ветеринардык сервистин башчылары тарабынан жумуштарды аткаруу тапшырылсын. Анын аткарылышы боюнча жайытка чыккан малдардын эмдөөдөн ветеринардык аныктамалары менен чыгуусун көзөмөлдөө жагы ЖПБнын төрагасы М.Мамановго тапшырылсын.(тиркелет)
Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар тарабынан пайдаланган жайыт акыларын өз убагында өндүрүү жана мамлекеттик салыктарды мөөнөтүндө төлөп туруу жагы ЖПБнын төрагасы М.Мамановго тапшырышсын.
Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүлүп берилген жайыт жерин салыштыруу эсебин чыкканча пайдаланган жайыт жери 11825 га жерге мамлекеттик жайыт салыгын төлөп туруу жагы белгиленсин.
Жайыт комитетинин Ветврачтар менен биргеликте пост куруп 1-марттан 1-ноябрга чейин иштеп турсун.
Жайытка мөөнөтүнөн мурда уруксат албай жайытка чыккандар үчүн КР административдик жаза көрүү мыйзамдарына ылайык иш алып барылсын.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл , суу чарба жерге жайгаштыруу , экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Нурмаматов |
| Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин 6-чакырылышы кезектеги 13-отурумунун № 13-9- токтомуна № 1 тиркеме |
Н. Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017- жылга карата түзүлгөн бюджети тууралуу маалымат
Айыл аймагынын маалыматы боюнча малдын баш саны
кара мал (баш) 4501
жылкы (баш) 1005
кой (баш) 10300
эчки (баш) 535
1. Кара малдын колго багылган баш саны 896 (актысы тиркелет). Башка алыска жайытка жыл ичинде чыккан малдын саны 1987 (актысы тиркелет). Өзүбүзгө жайытка 4 айга чыккан малдын баш саны 130 (актысы тиркелет). Калган малдын баш саны 1488(актысы тиркелет).
2. Жылкынын колдо багылган баш саны 618 (актысы тиркелет). Башка алыска жайытка жыл ичинде чыккан жылкынын саны 292 (актысы тиркелет). Өзүбүзгө жайытка 4 айга чыккан жылкынын баш саны 95 (актысы тиркелет).
3. Койдун колдо болгон баш саны 1911 (актысы тиркелет). Башка алыска жайытка жыл ичинде чыккан койдун саны 5295 (актысы тиркелет). Өзүбүзгө жайытка 4 айга чыккан койдун баш саны 215 (актысы тиркелет). Калган койдун баш саны 2879(актысы тиркелет).
4. Эчкинин башка алыска жайытка чыккан эчкинин баш саны 358 (актысы тиркелет). Өзүбүзгө жайытка 4 айга чыккан эчкинин баш саны 57 (актысы тиркелет). Калган малдын баш саны 120.
1 | Кара мал жыл ичинде | 1488 |
2 | Кара мал 4 айга баш | 130 |
3 | Жылкы 4 айга баш | 95 |
4 | Кой баш | 2879 |
5 | Кой 4 айга башы | 215 |
6 | Эчки баш | 120 |
7 | Эчки 4 айга баш | 57 |
ЖПБнын жыйынындагы мал башына бекитилген жайытка чыгуу баалары боюнча
№ | Мал | Сом | Айына ( сом) |
1 | Кара мал башына жыл ичинде | 140 | 20 |
2 | Жылкы жыл ичинде | 140 | 20 |
3 | Кой башына жыл ичинде | 84 | 12 |
4 | Эчки башына жыл ичинде | 120 | 17 |
ЖАЙЫТ БЮДЖЕТИН ЭСЕПТЕП ЧЫГУУ:
№ | Мал | Сом | Жалпы жыйынтык ( сом) |
1 | Кара мал башына жыл ичинде | 1488Х140 | 208320 |
2 | Кара мал 4 айга баш | 130х80 | 10400 |
3 | Жылкы 4 айга баш | 95х80 | 7600 |
4 | Кой баш | 2879х84 | 241836 |
5 | Кой 4 айга баш | 215х48 | 10320 |
6 | Эчки баш | 120х 120 | 14400 |
7 | Эчки 4 айга баш | 57х68 | 3876 |
| Бардыгы |
| 496752 |